(ВИДЕО) Атамбаевди Арашандык айылдаштары колдобосо, анда Кой-Ташта кимдер жүрөт?

(ВИДЕО) Атамбаевди Арашандык айылдаштары колдобосо, анда Кой-Ташта кимдер жүрөт?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таш айылындагы үйүнө 22-июнда «Элдик штаб» ачышкан, ошондон бери ошол жерде түнөшүүдө. Атамбаевди айылдаштары, Арашандыктар колдобосун айылдаш аксакал Кожогулов Доктурбай ата айтты, буга чейин деле (ал президент болуп турганда) да айтып келген. Эмнеге колдобосун билгиңиз келсе, төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Атамбаевдин жанында кимдер калды?

“Элдик штаб” түзүлгөндөн бери Атамбаев күнүгө кечке маал чогулгандардын алдына чыгып, алар менен учурашып, пикирин угуп, журналисттердин суроосуна жооп берүүнү салтка айлантып алды. Анда да өзүнө жаккан суроого, орусча айтканда, с удовольствием күлүп-жайнап жооп берет. Жакпай калса, аны кагып салат же суроодон качып кетет. Кечээ, бир энени кагып салганы туурабы? Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Атамбаевдин жанында кимдер калды? Анын сөзүнө ишенип, аны ээрчиген эл жана өзү түптөгөн партиясынан саналуу гана партиялаштары калды. КСПД фракциясынын депутаттары: А.Кодуранова, И.Карамушкина, А.Артыков, М.Мадеминов, К.Орозова. Өзүнүн убагында УКМК жетекчиси болгон А.Сегизбаев, ИИМди жетектеген У.Исраилов жана КТР Байкоочу кеңешинин жетекчиси Ж.Жекшеев 29-июнда Кой-Ташка барды. Кечээ, 30-июнда С.Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов барды. Атамбаев жана “Апрель” телеканалынын айтымында, ал Акүйдөгү кызматын таштап, арыз жазып, түз эле барыптыр. Ал андай эмес экен, көрсө, А.Азыранкулов ишсиз калганына үч ай болуптур. Ишсиз калгандардын баары барып Атамбаевдин катарына кошулушууда.

Атамбаев көздөгөнү ишке ашпай калганын ачык айтууда…

Атамбаев колдогондорунун алдына чыгып сүйлөгөндөрүн жакшылап уксаңыз. Ар бир сөзүндө ыза, кек бар. Президенттик шайлоо алдында өзү мактап, жактап, чуркап (мыйзам боюнча президенттин мындай кылышы туура эмес – авт.) алып келген Жээнбековду азыр жамандап жатат. Аны өзү да: “Таластыктарга (таластыктарды экиге бөлдү эле го, 80 пайыз Бабановду колдогон Талас элин “Абыке, Көбөш” деп, Казакстанга кеткиле!”,-деди эле го. Ошондон кийин, аны таластыктар жаман көрөт, колдобойт. Мискенбаевдин эле туугандары колдобосо – авт.) жаман көрүнүп, Жээнбековду мактап бийликке алып келдим эле”,-деп моюндап отурат. Андан тышкары, “жаштарга баш-көз болуп, аларга ага катары отуруп бер”,-дегем, ага макул болгон эле. Сатып кетти”,- деп атат. Ушул сөзүнөн улам, С.Жээнбековду бийликке отургузуп коюп, сөзүн эки кылбаган С.Исаков менен шоопуру Илмиянов аркылуу кылчубузду кыла беребиз! Анын үстүнөн башкара беребиз”,-деп көздөгөнү, ошол планы ишке ашпай калып, ичкүптү болуп жатканы билинип эле жатпайбы. Ошондуктан, Атамбаевди ээрчигендер көзүңөрдү чоңураак ачсаңар боло! Ичип-жегендерин “таза эле таза” деп атат. Эми албетте Матраимовдорго салыштырып айтып жатат. Матраимовдорду биз деле жактабайбыз. Алардын байлыгы текшерилбей жатканы, алар боюнча Жээнбековдун үн катпай жатканы шек жаратат. “Атамбаевдин убагында Матраимовдор жакшы, мага келгенде жаман болуп калабы?”,-деп президент С.Жээнбековдун айтканы бар. Президенттин ушул сөзүн уккан таасирлүү кызматтагылар кантип аларды текшерсин? Демек, Жээнбеков бийликтен кеткенче аларга эч ким тийише албайт.  Ушундай “күнкарамалыктан” качан кутулабыз, билбейм.

“Соке болбой калды” … Дүрбөп, элди да дүрбөлөңгө салган Атамбаев

Ушундай аталышта бүрсүгүнү Атамбаевдин “Элдик штабы” митинг өткөргөнү турат. Ага Атамбаев катышаарын айтып, “балдар өлгөнчө, мен өлөйүн. Ошондуктан элдин башында турам”,-деп ачык эле айтып жатат. Ушундай “коркунучтуу” сөздөрдү айтып, өзүнчө эле тополоңго даярданууда. Ушу менен Форумунун алдында канчанчы жолу митинг болуп, ал тынч эле өтүп жатат го. Ага тийишкен эч ким жок. Өзү жана аны колдоочулары паникага түшүп атышат. Анан дагы элге “ынтымак, тынчтык керек!” деп сүйлөп жатышат. Элдин тынчтыгын, ынтымагын ким бузуп жатат? Өздөрү эле дүрбөшүүдө. Айрымдары: «кайра президент болушун каалайбыз!»,-деп жатышат. Атамбаев өзү да: «Эгер кааласам бийликте калып калмакмын»,-дейт. Конституция боюнча, президент 6 жылга эле отурат. Мыйзамды караганда, ал дагы кайра калууга жол жок болчу. Ошон үчүн «2020-жылга чейин Конституцияга тийишпейбиз» деген антты унутуп, өзүнө ыңгайлаштырып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчтөп койгон. Андагы премьер-министр Сапар Исаковго ыңгайлаштыргандай, аны ордуна калтырып, ал экөөбүз кылбаганды кылабыз!»,-дегендей ой кылган. Атамбаевдин жоругун айта берсек, толтура.

Кыскасы, Атамбаевди азыр эч ким, эч жакка алып кетпейт! Башкы прокурор Ө.Жамшитов Жогорку Кеңеште айтты го, “кол тийбестиги алынса да, дароо эле иш жүрбөйт, дагы тергөөлөр жүрөт. Тергөө жүрүп баштаганда, экс-президент А.Атамбаевге чакыруу кагазы барат”,-деп мыйзамдуу жагын жакшы эле түшүндүргөн. Анан эмне эле Атамбаев: “жатып өлгөнчө, атышып өлөм”,-деп сыйлыкка алган куралын айтып, дүрбөп, колдоочуларын да дүрбөлөңгө салып жатат. Анткени өзү ишти дароо жүргүзүп көнүп калган да, ошондой ойлоп жатса керек. Өмүрбек Текебаевди кайдагы бир шылуундун айткан ушагы менен абакка каматып койду го. А деп ага каршы сүйлөгөндөрдү ушак-айың менен эле каматып жатты, ага баарыбыз эле күбө болдук. Андыктан, Атамбаевди ээрчип кереги жок! Ага туура эле айып коюлду. Бир эле мисал, Батукаевге ал буйрук бербесе, кримтөбөл эч качан андай “сый” менен Кыргызстандан узамак эмес. Ал ошол замат эле “муну ким кылды?” деп реакция кылып, башында турган адамды жоопко тартмак. Башында өзү турган үчүн бул иш көз жаздымда калып калган. Ошол иши кайра жанданып жатат, мыйзам чегинде жооп берсин! Эгер ак болсо, элди чогултуп алып, ар нерсени балп дей бербей, сот аркылуу өзүнүн актыгын далилдеп алсын! Элге тынчтык керек!

Бир баткендик, бир таластык болуп «кубулган» — Атамбаев

Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, тактыга аттанып жатканда: «бири «таластык» десе, бири «баткендик» деген сөздөр кеткен. Эсиңиздердеби, 2011-жылы КТРКда дебат өткөн. Түз эфирди алып барган Кубат Оторбаев: “Алмазбек Шаршенович, учурда Сиздин тегиңиз тууралуу ар кыл маалыматтар айтылып жүрөт. Сиз Баткенге барсаңыз баткенчил болуп чыгат экенсиз, Таласка барганда таластык болуп чыгат экенсиз. Деги өзүңүз кимсиз, каяктыксыз?”-деген сурооо узаткан. Ал ага минтип жооп берген: “Бул боюнча өткөндө Баткенге барганда суроо беришти: “Сизди Баткендик деп жүрүшөт, каяктыксыз?”-дешип. Менин бабам Шахмурат, бу кишини Шама деп коюшат. Менин бабам Кокон хандыгынан келген. Бир вариант боюнча Коконго Таластан барган, экинчи вариант боюнча Баткенден барган. Ошондуктан мени таластык десе да, баткендик десе да сыймыктанам, анткени мен Кыргызстандыкмын”,-деп «ырсаңдаган».

«Баткендик» дегенден уламбы, айтор, Жогорку Кеңештин жыйынында, Атамбаевдин кол тийбестиги алынган күнү КСПД фракциясынын депутаты Аида Касымалиева, «баткендиктер тынчсызданып жатат»,-деди. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. Сентябрда 63 жашка чыгат. Пайгамбар жашында, небересин жыттап, жубайынын ысык чайын ичип, тынч эле үйүндө отура берсе болмок. Тилекке каршы, бүрсүгүнү (3-июлда) митингге чыгам деп турат. «Элди бөлгөн жокмун»,- дейт, билинбей «бөлүп» эле атат. Дагы бир жолу эскертели, президенттик шайлоо учурунда таластыктарды экиге бөлүп салган. Президент деген антип бөлүүгө акысы жок болчу, бирок, ал ошондой кадамга барган. Өз кызыкчылыгын гана көздөгөн адамдан эмнени күтсө болот? Андыктан Ээрчибегиле, кыргыз элим! Кыргыз элин бөлүп-жарган так ушул саясатчылар. Өзгөчө ушундай жаман адатты Бакиев таштап кетти, анын жаман жагын Атамбаев улантып жатат. Ал дагы кылгылыкты кылып алып, айылдаштарына барып даттанган эле…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.