Чүй аппарат башчысы Абдылдаев үй-бүлөсү менен жоголуп, изделүүдө…

Чүй аппарат башчысы Абдылдаев үй-бүлөсү менен жоголуп, изделүүдө…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген, учурда Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болуп эмгектенип жаткан Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен дайынсыз жоголуп, үч күндөн бери изделүүдө. Издөө боюнча штаб ачылып, аларды элүүдөн ашуун куткаруучу издеп жатат.

Бул боюнча Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Суусамырда Көкөмерен суусуна кулап кеткен (30-июндагы) жолтандабаста Абдылдаев менен үй-бүлөсү болушу ыктымалдыгын билдиришти.

Абдылдаевдин туугандарынын айткандарына караганда, алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан. Молдакун Абдылдаев 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырдагы Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бараткан. «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машинеде беш киши болгон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.