“РЕСПУБЛИКА-АТА-ЖУРТ”: “Эртеңки митингге партиянын тиешеси жок. Атамбаевди колдоо – Азамат Баямановдун өзүнүн гана пикири…

“РЕСПУБЛИКА-АТА-ЖУРТ”: “Эртеңки митингге партиянын тиешеси жок. Атамбаевди колдоо – Азамат Баямановдун өзүнүн гана пикири…

Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» партиясынын атайын өкүлдөрү билдирүү таратты. Алардын айтымында, аталган партиянын жана жаштар канатынын эртеңки “Медиафорум” алдында өтө турган митингге эч кандай тиешеси жок. “Партия бул коомдук-саясий организиция, өзүнүн структурасы жана чечими бар, алдыда боло турган иштерди биргеликте чечет. Организациянын жана жаштар канатынын атынан өз алдынча жооп берүүгө эч кимдин акысы жок. Азамат Баямановдун бүгүнкү билдирүүсү – анын өзүнүн гана позициясы, андыктан анын тараткан билдирүүсү партиянын жана жаштар канатынын позициясына эч тиешеси жок. Азамат Баяманов жаштар канатынын мурдагы лидери”,-дейт партиянын өкүлдөрү.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-июлда, Азамат Баяманов аттуу жигит «Республика — Ата Журт» партиясынын жаштар канатынын лидеримин деп, алардын атынан сүйлөп, экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоп чыгаарын жана эртеңки митингге катышаарын Атамбаевдин «Апрель» телеканалы аркылуу жар салып, эртеңки митингге чакырык таштаган.

Буга чейин дагы бир окуя болгон эле. Бир Сурия Кадырова аттуу апа өзүн “Бабановдун таежесимин” деп тааныштырганы да калп болуп чыккан. Өмүрбек Бабановдун бир тууган эжеси, “биздин фамилияны колдонуп, каралаганы үчүн, бизден кечирим сурасын”,-деген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОну көрсөңүздөр болот.

И баса…

Бул эки окуяга чейин да бир шумдук окуя болгон. 30-июнда «Президент Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов бизге келди, Ак үйдөн киши келди, бул жакшы белги«,-деп аны кучактаган Атамбаев элге тааныштырып, ушинтип сүйлөгөн. Азыранкулов дагы: «Баары мыйзам чегинде болушу керек!»,-деген. Көрсө, ал дагы мурда эле кызматтан кеткен экен. Кызматсыз калгандан кийин барыптыр да, Кой-Ташка. «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деген ушу турбайбы»,-деп жакаңды кармайт экенсиң. Атамбаевдин өзүнө окшогон калп сүйлөп, жалган айткандар Атамбаевдин катарына кошулуп атат. Анан ушундай адамдарды ким угат жана аларга ким ишенет? Булар митингде канча «өрдөк» учурушат болду экен?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.