(ВИДЕО) Текебаевдин уул-кызы атасынын иши боюнча иликтөө жүргүзүп, бийликке кайрылышты

(ВИДЕО) Текебаевдин уул-кызы атасынын иши боюнча иликтөө жүргүзүп, бийликке кайрылышты

Алмазбек Атамбаевдин биийлигинде Өмүрбек Текебаев Орусиянын жараны, шылуун, учурда түрмөдө отурган Маевскийдин жалган жалаасы менен коррупцияга айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга кесилген.

Маевскийдин калп айткандарын КТРК кайра-кайра берип…

Жаңы бийлик келгенде чыны баарыбыз эми “Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун иши калыс тергелип, акталып, үйүнө чыгат” деп үмүт кылганбыз. Тилекке каршы, андай болбой келатат. Өмүрбек Чиркешовичтин адвокаттары, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, 20 аттуу-баштуу саясатчылар күбө болуп, Маевский менен Модиндин берген көрсөтмөсү жалган экенин сотто айтышкан. Ал экөө Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда кечки саат беште шаардын сыртындагы «Супара» ресторанында жолугушканын айтышкан. Бирок «Нуртелеком» компаниясы берген документте алардын уюлдук номурлары «Супаранын» аймагында колдонулбаганы көрсөтүлгөн. Атүгүл Модин Өмүрбек Текебаев отурган кабинетти эмес, Атамбаев отурган кабинетти көрсөтүп, уят болгонун баарыбыз эле көргөнбүз. Андагы чындыкты КТРК көрсөтпөй, Маевскийдин жалган жалаасын кайра-кайра берип, Өмүрбек Чиркешовичти шыбап туруп алгандыктан, карапайым элдин көпчүлүгү ишенген. Сот да шылуундардын сөзүнө ишенип, чындыкты четке кагып туруп алган. Ошол кезде жалган жалааны таратып, каралаган адамдар, жетекчилер жоопко тартылышы керек деп эсептейм!

Ай-Данэк: “Атамдын ишине бийлик кош көңүл кароодо…”

Жаңы бийликтен үмүт кылып күтүп келаткан Текебаевдин балдары чыдабай өз алдынча атасынын иши боюнча иликтөө жүргүзүшкөнү бүгүн маалым болду. Алар ошол кездеги уюлдук номурлары кайсыл аймактарда колдонулганын заманбап технологиянын жардамы менен далилдеп, тергөөдө алынган маалыматтарга коошпой турганын баса белгилешип, Модин менен Маевскийдин айткандары чындыкка дал келбей, ойдон чыгарылганын айтышты. Ай-Данэк менен Амантур атасына жалаа жабылганы тууралуу далилдерге бүгүнкү бийлик кош көңүл карап жатканын айтып чыгышты. Аны жогорку ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Алдыда сот. Үмүт бар…

Мурунку, кийинки бийлик ушинтип алмончоктой балдарды өз алдынча иликтөөгө жеткиришти. Мурунку го мурунку, кийинкиси эмнеге буга кош көңүл буруп жатат? Же сот Атамбаевдин буйругуна көнө түшүп, азыркы бийликтин буйругун күтүп отурушабы?

Кандай болгон күндө да, акталат деген үлбүлдөгөн үмүт бар. Анткени, Жогорку соту Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды кайра карап чыкмай болгон, ал 16-июлга белгиленген.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.