Бакыт БУУДАЙЧИЕВ: «Салянова акталсын, жок дегенде үй камагына чыксын!» деп мигранттар кол топтоодо…”

Бакыт БУУДАЙЧИЕВ: «Салянова акталсын, жок дегенде үй камагына чыксын!» деп мигранттар кол топтоодо…”

Маектешибизди учкай тааныштыра кетсек, Бакыт Буудайчиев Жалал-Абаддын кулуну. 41 жашта. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы, бир неберенин чоң атасы. 19 жылдан бери Россияда иштейт. Социалдык тармактарда Аида Салянованы жактап, колдоп, калыс пикирин жазып келет. Ошондон улам, кепке тарттык.

— Бакыт мырза, Аида Салянованы жактап, колдоп калууңузга эмне түрткү болду?

— Аида Жеңишбековна менен жүз көрүшүп, таанышып калганыма 9 айдын жүзү болуп калды. Салянованы Юстиция министри болгондон бери сыртынан таанып, билип, кылган иштерине баа берип жүрчүмүн. Сөзүм куру болбосун, ошо министр болуп турганда, кыз-келиндерге жакшы жардам берди го. Ошол жерде иштеген айымдарга жакшы шарт түзүп бергенин гезиттен окугам. Мисалы, эмчекте баласы бар келиндерди жумуштан айдап жибербей, баласы менен келип иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп бергенин уккам. Бала бакчага балдарын бере албагандар да, иштеген жерине балдарын алып барып, алар үчүн түзүлгөн бир бөлмөдө балдар ойногондорун, дегеле эне-балага шарт түзүп берүү жагын жакшыртканын ММКлардан окуп, ичим жылып калган. Дагы көп эле жакшы иштерди жасады. Анан башкы прокурор болду. Анда да коррупционерлер менен аябай күрөштү. Аттуу-баштуу эле саясатчыларга иш козгоду. Андай кадамга да дух керек да.

— Башкы прокурор болуп турганда кримтөбөл Батукаев абактан бошоп, кызыл килем менен узап, Кыргызстандан чыгып кеткен. Алты жыл мурун болгон окуя кайра козголуп, андагы тиешеси барлар камалып, суралып жаткан учуру. Аида Салянова дагы ошол иш боюнча камалып жатпайбы. Батукаевди бошотууга тиешеси бар деп ойлойсузбу?

— Жок, мен такыр ишенбейм, эч тиешеси жок. Мыйзамдуу жагын гана караган, аны өзү деле жакшы түшүндүрүп берди эле го. Менин таңгалганым эмнеге ага нак тиешеси бар адамдар сыртта жүрөт, бири ооруканада, бири үй камагында дегендей. Мисалы, Шамиль Атаханов Атамбаевдин атын атады го, эмне ал жетишпейби? Азыркы башкы прокурор ошол иш боюнча айып такты. Айып тагылып, аты аталып жатса да Атамбаев бош жүрөт. Атаханов болсо Атамбаевдин атын атаганы үчүн үй камагына чыгып кетти. Депутат Зарылбек Рысалиев болсо оорумуш болуп, ооруканага жатып алды. Анын ооруганын доктурлар айтып, аябай аздектеп жатат го. Эми болсо Воронцовкага которулду. Рысалиевге, дегеле Батукаевге нак тиешеси бар эркектерге мындай мамиле жасоо менен биз адашкан пенде экенибизди далилдедик. Эмне эле болуп баратканыбызды түшүнүү татаал болуп баратат. Рысалиевге караганда, Салянованын оорусу көп, ага толтура диагноз коюлуп, жүрөгүнө операция деп айтылган эле. Операция болоордун алдында, күтүүсүз жерден кайра № 1 тергөө абагына алып баргандары түшүнүксүз болуп калды жана көп суроону жаратат. № 1 тергөө абагына оор кылмышы бар адамдар камалаарын баарыбыз эле билебиз. Салянова эмне коркунучтуу кылмышкерби? “Камакка алуу” чечимин чыгарган соттор мындай кадамы менен дагы туура эмес иш кылды. Рысалиевдей “артист” болуш керекпи? Рысалиевге караганда Салянова эркек экен. Себеби, ал башкаларга окшоп калп жерден көрсөтмө берген жок. Бу иште Салянованын тазалыгына бөркүмдөй ишенем. Эртеби, кечпи, баары бир акталат. Себеби, ал ак. Сот өтө туура эмес иш кылды. Жок дегенде үй камагына чыгарып койсо, суракка барып турат эле да. Салянова Кыргызстандан качпайт. Ал андай адам эмес. Ал үй-бүлөсүн, элин, жерин таштап кетчү инсан эмес. Мен жогоруда айттым го, эне-балага жасаган адамдык сапатын, ал эмнеден кабар берет? Мээримдүү эне, жароокер жан, мыкты аял. Депутат болуп жүргөндө да аялдардын көйгөйүн көтөрүп жүрдү го. Андан кийин да адамдардын укугун коргогон иш ачып, укугун кантип коргоону үйрөтүп жатты эле. Ал ишине да мен көп барып, көптөгөн насааттарын уктум. Көп кеңеш сурап барчумун. Туура багыт берчү. Чынын айтайын, мага өз инисиндей мамиле кылчу. Бир тууганымдай көрүп калдым. Бир күнү, май айынынын ортосунда, жолдошу каза болуп калган бир келин жардамга муктаж болуп жатканын айтсам, июнда жардам берээрин айтты. Ошентип, 2-июнда жолукмай болдук. Саат алтыга, ишине чакырган. Келсем, сиңдиси Чынара Турдалиева тосуп алып, бир жакка бир иштер менен кеткенин, ал иш эртеңкиге калганын айтты. Эртеси камалып калганын уктум. Мына бүгүн, 3-июль, камакта отурганына туптуура бир ай болду. Орозо учурунда, айттын алдында камагандары өтө ыплас көрүнүш. Сот 5-июнда, Кудайдын улуу күнү — Айтта, дем алыш күнү да иштеп, камоо чечимин чыгарды. Бул Кудайга да жакпаган иш. Айттан кийин деле, үй камагына чыгарып коюп, сурай берсе болот беле? Айт күнү инисине куран окутмак, жанагы мен айткан келинге тамак-аш, кийим-кече, акчалай жардам кылмак. Орозо учурунда муктаж адамга жардам кылуу – бул чоң соопчулук. Ошентсе да, соопчулук ишин сиңдиси Чынара Турдалиева кылды, ал келинге арналган нерселерди берди, мен ал аманатты алып барып бердим. Бир тууган инисинен ажыраганы аз келгенсип, эми минтип өзүн камап салышты. Мындай ыплас нерселерди көрүп турган бизге канчалык оор болуп жатат, апасын айтпай эле коеюн. Мурдагы күнү эле энесине капысынан жолугуп калып, сүйлөштүм. Чынын айтайын, Аида Жеңишбековна жөнүндө сурай алган жокмун. Себеби, апага канчалык оор болуп туганын туюп турдум…

Аида Жеңишбековна боорукер, жароокер, ак, таза айым. Камакта отуруп да жанында чогуу отурган кош бойлуу, кичинекей баласы бар келинге моралдык жардам көрсөтүп, анын үй камагына чыгышына жардам көрсөткөнүн окудум. Ал кандай жардам? Акыйкатчыга ал келиндин кош бойлуу экенин, бир жарым жашта баласы бар экенин, уурдалган сотко өз убагында ээсине кайрылып берилгенин жазыптыр го. Акыйкатчы ошол арызын акыйкат карап, аны сотко жиберсе керек да. Ал келиндин дагы адвокаты ушунун баарын сотто айтыптыр, аны эске алган сот үй камагына чыгарыптыр. И баса, ал келиндин бүгүн соту болот деп уккам. Аида Жеңишбековна кандай адам, кандай инсан, кандай аял, кандай эне. Ошон үчүн Курманжан датка апабызга теңеп жатышат да. Бу сөз да бекеринен эмес. Кылмышкердей кармап жаткандары таптакыр туура эмес. Эч нерсеси жок, ак, таза адамдар абакта да, жеп-ичкен чиновниктер чардап сыртта жүрөт. Матраимовдордун да аты аталып жатат. Атамбаевдин да кызмат кезинде аеосуз байыганы айтылып, жазылууда. Ал эмнеге камалбайт? Мына, бүгүн митинг уюштурганы жатат. Мен ага каршымын. Элге тынчтык керек! Салянованын ордуна Атамбаев отурушу керек эле. Ошого аябай ичим ачышып атат. Аида Жеңишбековнага Кудайым өзү жардам берсин. Мен намаз окуйм, намаз окуган сайын ар бир дубама акталышын кошуп, окуп жатам. Дегеле ак жерден отургандар чыксын, накта кылмышкерлер түрмөгө отурсун! Мына, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнбек Чотонов дагы жөн эле кайдагы бир орус шылуундун жалган көрсөтмөсү менен жөн эле отурат. Бул дагы туура эмес. Мына, кечээ эле Өмүрбек Текебаевдин балдары атасынын актыгын далилдеп, бийликке кайрылды го. Негизи “Ата Мекен” партиясында таза, мыкты адамдар чогулган. Анын бири – Аида Салянова.

“Ата Мекен” партиясын аябай мактап калдыңыз, анда мүчөсүсүзбү?

— Жо-ок, “Ата Мекендин” мүчөсү эмесмин. Алардын алып барган ишин баалайм. Ар дайым эл үчүн иштеп келе жаткан жалгыз партия. Өз кызыкчылыгынан да, элдин кызыкчылыгын жогору койгон партия. Албетте, азыркы депутаттарынын ичинен чыккан “чыккынчылар” да болгон, “Атамбаевге Кыргыз эл Баатырын” беребиз деп. Ошол маселени көтөргөндө Текебаев түрмөдө отурган. Ошентип айткандан уялса болмок, ошол депутат. Мен өзүм Жалал-Абаддан болом. Ал жердегилер тээ илгертен эле “Ата Мекен” партиясын колдойт.

— Азыр Жалал-Абаддасызбы?

— Жок, мен азыр Россиядамын. 2000-жылдан бери ошол жактамын, 19 жыл болуптур. Үй-бүлөм менен Москва шаарында турам. Кыргызстанда иш жоктугунан улам мигрант болуп кетип, иштеп, тиричилик да кылып жатабыз. Ал жактагы жердештерибиз да “Ата Мекенди” жана Аида Салянованы колдойт. Мына азыр алар: “Салянова акталсын, үйүнө чыксын!” деп кол топтоп жатканын уктум. Сыртта жүргөндөргө ким ак, ким кара экени даана эле көрүнүп турат. Биз, Аида Салянованын тезинен акталышын каалайбыз жана жок дегенде үй камагына чыгышын талап кылабыз. Дагы кайталайм, Салянова эч жакка качпайт. Тезинен ден соолугуна кам көрүшүбүз керек! Биздин үн президентке жетет деген ойдомун. Сооронбай Шарипович бул ишти кылдаттык, калыс адилеттүү карап, жети өлчөп, бир кесет деген ойдомун. Президент Жээнбеков нак тиешеси бар адамды камап, Салянованы бошотот деген үмүттөбүз. Ал эми Аида Жеңишбековнанын апасына, Майрам эжеге бекем ден соолук, кайраттуулук каалайм. Сиздин кызыңыз келечектеги президент. Көрөсүз го, баары жакшы болот.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.