Экс-депутат Нарматова Отунбаеваны “шайтан” деди. Атамбаевден анын айырмасы барбы?

Экс-депутат Нарматова Отунбаеваны “шайтан” деди. Атамбаевден анын айырмасы барбы?

Экс-депутат Надира Нарматова “Отунбаева менен Атамбаевди ажыратып кароого болбойт. Экөө бир эле шайтан. Бирибирин жамандагыны уят. Системага бирдей жооп бериши керек!”,-деп жазды өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына.

Караңыз, экс-депутат эмне деп жатат? Надира айым, биринчиден, экс-президент Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевди эч качан жамандаган эмес жана жамандабайт. Ал дайыма учурдагы болуп жаткан саясий кырдаалга өз баасын берип, пикирин далилдүү айтып турат. Азыр да Атамбаевдин  жүргүзүп жаткан ишине көз карашын айтты. Андыктан бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз. Экинчиден, сиз бирөөнүн кадырына шек келтирип жатасыз, “шайтан” деп. Мындай ыплас сөзүңүз менен Сооронбай Жээнбековду “шайтан” деп айткан Атамбаевден кандай айырмаңыз бар? Үчүнчүдөн, дайыма сиз бирөөнү жамандап, туура эмес маалымат таратып турасыз. Коюңуз уят. Төртүнчүдөн, элди бөлгөнүңүздү токтотуңуз! Сиз жеткен трайбалист адамсыз! Төртүнчүдөн, “экс-депутат” деген статуска татыктуу жүрүп, жаштарга үлгү болуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.