Ката жазылган аттестат боюнча министрлик моюндады…

Ката жазылган аттестат боюнча министрлик моюндады…

Ката жазылган аттестаттын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, Билим берүү жана илим министрлиги сынга кабылып, министр Гүлмира Кудайбердиеванын иштен кетүүсүн талап кылышкан. Аттестатта «окончила среднюю реднюю школу» деп жазылып калган. Бу маселе буга чейин деле көтөрүлүп, Г.Кудайбердиевага коомчулук нааразы болуп келишет.

Аталган министрлик, мекеменин басма сөз катчысы Марина Греченая жооп берип, Нарын облусунун Кочкор районунда берилген 10 аттестатта ката кеткенин ырастады. «Нарын облусунун Кочкор районунда 10 чакты жараксыз аттестат аныкталды, бүгүн алмаштырылып берилет. Негизи мектеп директорлору, аттестатты толтуруп жаткан кызматкерлер адегенде катаны карашы керек болчу. Жыл сайын эле басмакананын катасы менен чыккан документтер болот»,-дейт М.Греченая.

Анын айтымында, быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты бүткөндөргө 98 миң күбөлүк даярдалып, аны «Учкун» ачык акционердик коому басып чыгарган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.