Спикер Матраимовдорго суктанаарын, аялынын бизнеси жана Атамбаев, Бабанов жөнүндө айтып берди

Спикер Матраимовдорго суктанаарын, аялынын бизнеси жана Атамбаев, Бабанов жөнүндө айтып берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн, 3-июлда, 6-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги сессиясынын жабылышы боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, алардын бардык суроосуна жооп берди. Албетте, аны ыңгайсыз калтырган суроолор да болду.

Аялынын бизнеси жөнүндө…

“Сиздин жубайыңыз да бизнес менен алектенеби?» деп суроого, ал: «Аялыма таандык кичинекей компания бар экенин моюнума алам. Бирок жакынкы убакыттан бери ар кандай ушак сөздөрдөн алыс болуу үчүн ишмердүүлүгүн токтотту».

Бабанов жөнүндө…

“Депутаттар Канат Исаев менен Төрөбай Зулпукаров Москва шаарынан экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен жолукту” деген маалыматтар тараган болчу. Алардын жолукканы чынбы?”,-деген да суроо болду. «Чынын айтайын, мен деле сиздер сыяктуу интернет булактардан окудум. Биз, 27-июнда сессияны жапканбыз. Айрым депутаттар шайлоочулар менен жолукканы аймактарга кетсе, кээ бири эмгек өргүүгө чыкты. Мен «Бабановго барып келди» деген депутаттар менен сүйлөшө элекмин. Балким, иш сапары менен барганда жолугушуулар болгондур. Мен аны жок же бар деп айта албайм», — деди төрага.

Матраимовдор жөнүндө…

Азыр көңүл борборунда турган Матраимовдордун үй-бүлөсү боюнча да суроо болду. Төрага алар жөнүндө айтылып аткан алкышка суктанарын гана айтты. “Эгер Матраимовдор кийин күнөөлүү деп табылып калса моралдык жоопкерчиликти сезесизби?» деген суроого, ал: «Мен таза иштесем, мамлекет үчүн иштесем эч нерседен коркпошум керек. Ошого эрким жеткени үчүн төрагалыкка келдим», — деди. Ошондой эле ал эртең айткан сөздөрүнө жооп берерин, сот, укук коргоо органдары кылмыш болгонун далилдесе, моралдык жоопкерчиликти алууга даяр экенин айтты.

Атамбаевдин айткандарына ыр менен жооп берди

Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Депутаттар үч ай эмне иш кылат?

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин 27-июнда аяктаган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Августта эмгек өргүүсүнө чыгат. Сентябрда жумушка чыгып, өз ишин баштайт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.