(ВИДЕО) Раиса Атамбаева инвесторлордун мүлкүн рейдерлик жол менен кантип тартып алган?

(ВИДЕО) Раиса Атамбаева инвесторлордун мүлкүн рейдерлик жол менен кантип тартып алган?

«Ала-Тоо 24» телеканалынын журналисти Уланбек Дыйканбаев кечээ, 2-июлда «Көлөкө. Инвесторлордун мүлкүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деген аталышта өзүнүн иликтөөсүн көрсөткөн. Анда инвесторлордун мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева аралашканы айтылган. Ошондой эле буга президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы, камакта кармалып, суралып жаткан Манасбек Арабаевдин Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө бергени айтылган. Арабаев: «2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароодо Раиса Атамбаева бир нече жолу жолугушууну суранып, талап кылганынан улам, ал жолугушуулар болду. Жолугушуулардын биринде анын уулу Раис да болгон. Бул жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн, экинчи инстанцияда», — дейт.

Аны өз көзүңүз менен төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

КСДП: “Раиса Атамбаева жөнүндө маалымат чындыкка коошпойт”

Төмөндөгү маалыматка бүгүн, 3-июлда КСДП расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жооп берди. Анын айтымында, КТРК тараткан маалымат чындыкка коошпойт, кара пиардын бир түрү.

ДЫЙКАНБАЕВ: “Кара пиар” деген сөз туура эмес”

Программаны даярдаган журналист Уланбек Дыйканбаев КСДП өкүлүнүн «кара пиар» деген сөзү туура эмес экендигин айтып, ага жогору жактан эч кандай көрсөтмө болбогонун билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.