(ВИДЕО) Жалаң кыргыздар жашаган айылды Мирзиёев жаркыратып койгону качан… А бизчи?

(ВИДЕО) Жалаң кыргыздар жашаган айылды Мирзиёев жаркыратып койгону качан… А бизчи?

Учурда баарыбыз Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесине көңүл буруп отуруп калганыбыз кашкайган чындык. Башка жаңылык жоктон бетер журналисттер да аларды жазып жатабыз. Албетте, кечээги эки достун бүгүн касташып калганына кайгырып, алардын жеке мамилеси карапайым элге терс таасирин тийгизбесе экен деп тынчсызданып жатабыз. Кыскасы, өзүбүздүн ынтымагыбыз ыдырап турганда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш жүргүзүп атат. Ал былтыр эле жаман абалда турган Манас айылын 45 күндүн ичинде бүтүртүп, кыргыздарга жакшы иш кылып берген. Тагырагы, өзүнүн кичи мекенинде (Жизак облусунда) жайгашкан (жалаң кыргыздар жашаган) Манас айылын 45 күндүн ичинде жаркыратып, жаңы шаарчага айландырган. Мындай мамилеси менен ал кыргызга нак достугун көрсөттү. Өзбекстандын президентинин кыргызга болгон мамилесин сыймыктануу менен кабыл алган тарыхчы Кыяс Молдокасымов да анын кыргызга кылган иштерин тизмектеп жазып чыкты.

Тарыхчы да тастыктады

«Шавкат Мирзиёевдин кыргызга жасаган өзгөчө мамилеси» деген аталыш менен тарыхчы Кыяз Молдокасымов «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

«Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев кыска убакытта эле чыныгы лидер экенин көргөзүп, Өзбекстанды өзгөртүүгө батыл киришип, өнүгүүгө кенен жол ачып бере алды. Ал ошол эле учурда кылымдар бою кошуна жашаган кыргыз элине өзгөчө урмат көргөзөөрүн иш жүзүндө ырастады. Аны кыргыз эли туу туткан башкы нерселерине Шавкат Миромоновичтин жасаган мамилесинен даана көрө алдык.

  1. Өзбек Президенти өзүнүн кичимекенинде (Жизак облусунда) жайгашкан Манас айылын 45 күндүн ичинде жаркыратып, таптакыр жаңы шаарчага айландырып салды. Бул менен ал кыргыздар басымдуу жашаган бир эле айылга эмес, элибиз ыйык тутуп келген «Манасына» өзгөчө мамилесин, сый-урматын билдирди. «Манас» деген аталыштагы айылга жасаган мамилеси — бул бүтүндөй элибизге болгон кадырлоосу. Улуу дастаныбызга болгон сый-урматы.
  2. Өзбек Мамлекет башчысы кыргыздын салтына, анын ичинде акындык өнөрүнө мамилеси өзгөчө экенин 2017-жылы эки өлкөнүн жетекчилеринин Бишкектеги жолугушуусунда даана көргөздү. Бул жолугушууда кыргыздын таланттуу жигити, төкмө акыныбыз Идрис Айитбаевге достукту даңазалап ырдаганы үчүн алдына темир аргымак, үстүнө үч бөлмөлүү батир тартуулады. Бул менен Шавкат Миромонович бир чети байыртадан берки салтты кармап, төкмө акыныбызды кур койбой өз белегин тартууласа, экинчиден, эң башкысы кыргыздын ыйык туткан төкмөчүлүк өнөрүнө өзгөчө сый-урматын ырастады.
  3. Кыргызды ааламга даңазалаган талант ээси Чынгыз Айтматов. Өткөн 2018-жылы залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстанда өзгөчө маанайда, майрамдык шаң-шөөкөт менен белгиленди. Айрым серепчилер жазуучунун өз мекенине караганда да жакшы өттү деп жазып чыгышты. Маарке жылында каршы-терши жүргөн, бак-шактуу Ташкенттин чоң көчөсүнө Чынгыз Айтматовдун ысмы берилип, бюсту орнотулду. Булардын бардыгы Өзбекстан Президентинин тыкыр көзөмөлүнүн алдында, анын кабыл алган Жарлыгынын негизинде ишке ашты. Кыргыз эли туу туткан залкар жазуучуга жасаган өзгөчө мамилеси аркылуу Шавкат Мирзиёев жалпы улутубузга, мамлекетибизге болгон сый-урматын билдирди.

Өзбек Президентинин Кыргыз элине, мамлекетине жасаган жогорудагыдай өзгөчө мамилеси бизге байкалгандардын эң орчундуулары гана. Мындан башка байкалган, байкалбаган өзгөчө мамилесин ырастаган жагдайлар өтө эле көп. Жалпы бир улутка карата мындай өзгөчө мамиле бир күндө эле жаралып калбашы белгилүү. Өзбек Мамлекет башчысынын бүтүндөй элге болгон мындай сый-урматы балким эне мээрими аркылуу, балким бала чагынан кыргыздар менен аралаш жашап өскөндөн улам калыптангандыр. Эмнеси болсо да биз кошуна өлкөнүн жетекчисинин бизге болгон сый-урматын терең аңдап, бир тараптуу калтырбашыбыз керек деген ишенимдемин»,-дейт К.Молдокасымов”,-дейт К.Молдокасымов.

Манас айылын өз көзүңүз менен көрүңүз

Кыяз Молдокасымов агабыздын жазганында калет жок. 45 күндө бир айылды жасап коюу – чоң эмгек. Болгондо да кыргыздар жашаган айылды… Муну эмнеге жазып жатабыз? «Ааламга жол айылдан башталат» деген ураанды колдонуп, айтып эле келатабыз. Бирок, ушундай бир айыл оңолдубу? Айыл үчүн келген ажолор эмне кылды? Эчтеке! Сөз менен эле айтып келатканы менен иш жүзүндө эч нерсе ишке аша элек. Кичине коңшу мамлекетти карап, намыстансаңар боло…

Манас айылын төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.