Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Төгүлдү го кадыры, төрагабыз ыр уурдап…”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Төгүлдү го кадыры, төрагабыз ыр уурдап…”

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 3-июлда, 6-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги сессиясынын жабылышы боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал Атамбаевдин айткандарына ыр менен жооп берди. «Ырдын автору балким менмин” деп айтып алып, кепке калды. Ал төмөндөгү ВИДЕОдо.

Зайырбек АЖЫМАТОВ: “Дастан мырза ырды бузбай окусун!”

Өз калеминен жаралган ырын жазбай тааныган акын, журналист Зайырбек Ажыматов ошол эле күнү төрагага “Фейсбук” баракчасы аркылуу жооп кайтарды. «Өйдөдөгүлөр, Дастан мырзага айтып койгулачы, ырды бузбай окусун! Анан ырга рейдерлик кылганды койсун. Ал айткан саптардын автору менмин. Аны 2003-жылы Дастакеңдин дайыны жок кезде жазгам«,-деп жазып, “Мен кыргызмын!” аттуу ырын толугу менен өз баракчасына жайгаштырды.

Мен кыргызмын!

Мен кыргызмын — сатылбаган, сатпаган!
Мен кыргызмын — баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен кыргызмын — асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм.
Кырчылдаган «Кыргыз» деген жакшы аттын!

Мен кыргызмын — түгөнөрдө түтөгөн!
Мен кыргызмын — жок болордо күчөгөн!
Мен кыргызмын — тарыхым бар,тилим бар.
Мезгилдердин ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен кыргызмын — жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуу муң.
Кылымдарга улап кетер эл көчүн
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

Жетесиздер өлкөнү, жемей болду бүт уурдап…

Акын, котормочу, журналист Жыргалбек Касаболотов “Уурулар” аттуу ыр жазып, “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Укмуш эми. Ал төмөндө.

Уурулар

(Акын Зайырбек Ажыматовдун ырын чоң эле жетекчи менчиктештирип алгандан кийинки ой)

«Мурункулар» шым уурдап,
Муралиев «сыр» уурдап,
Төгүлдү го кадыры
Төрагабыз ыр уурдап.

Эсеп уурдап, чот уурдап,
Эл үмүтүн сот уурдап,
Акындардын маңдай тер
Атак-даңкын кошо уурдап,

Вице-премьер кен уурдап,
Визаларын тең уурдап,
Оңбогондой көп жерди
«Отунчудай мэр» уурдап,

Өзгө уурдап, өз уурдап,
Өтө турган бөз уурдап,
Кырып-жоюп паспорттон
«Кыргыз» деген сөз уурдап,

Ката жазып тил уурдап,
Каңгыратып дин уурдап,
Батукайдын баласын
Баары чогуу бир «уурдап»,

Кытай жалдап, ЖЭБ уурдап,
Кырып-жоюп жеп уурдап,
Кырылышсын дегенсип
«Кыргыз душман» деп уурдап,

Калкты жыйып күч уурдап,
Кайра баштан үч уурдап,
Жетесиздер өлкөнү
Жемей болду бүт уурдап…

Бали, ыр эмес бекен?! Көз ачыла турган ыр! Бар болуңуздар, биз сыймыктанган мыкты акындар! 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.