АКШ соту: “Аида Салянова жана анын үй-бүлөсү – куугунтуктун курмандыгы болууда…”

АКШ соту: “Аида Салянова жана анын үй-бүлөсү – куугунтуктун курмандыгы болууда…”

Бүгүн, 4-июлда, экс-прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов, ал АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөрткөн – авт.) үй-бүлөсү менен АКШдан саясый башпаанек алганы маалым болду. Мындай маалыматты анын туугандары тастыктады.

АКШнын Иммиграциялык соту Калыбек Элтуйбасовдун жүйөөлөрүн угуп, келтирилген документтерди изилдеп, ага саясый башпаанек берүүнү чечкен. Атамбаевчилер Элтуйбасовду куугунтукка ала баштаганда, үй-бүлөсү менен өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. АКШ соту анын аргасыз кадамын жүйөлүү деп таап олтурат. “Ага кылмыш жасалган” деген айып тагылганы менен, күнөө атайын ойдон чыгарылганы Сот чечиминде тастыкталды. Анда: “Өкмөттүн мыйзамдуу айыбы жок, саясый себептерден улам гана куугунтукка алышкан… Бизге тийген иш кагаздары боюнча адилет сот болбостон, жасалмалуулук байкалат. Кыргызстанда коррупция кеңири кулач жайган, каалаган өкүм чыгаруу үчүн эч далилсиз айып коюу өнөкөткө айланган. Өлкөнүн абалы тууралуу маалыматтардан улам, республиканы башкарган партия сот системасын өзүнө багындырып, саясый атаандаштарды жазалоону өнөкөткө айланткан”,-деп жазылган.

Эскерте кетсек, Калыбек мырза Камила Дүйшөбаева аттуу жаш кыздын өлүмү боюнча кылмыш ишинде күбө катары сурак берип жүргөн. Кыргызстандын ИИМи ага эч күнөө тагалбастан, күбө катары эзип келгенин билебиз. Бул иш дале ачыла элек. Анын адвокаты Чынара Жакыпбекова далилдердин жоктугуна байланыштуу Калыбек Элтуйбасовго карата кылмыш ишин токтотууну суранып келет. Ал эми Аида Салянова муну ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «саясий куугунтуктугу» катары баалаган.

Сот Салянова, Текебаев жөнүндө…

 Ошондой эле АКШ сотунда саясый өңүт Аида Саляновага каршы аракет жүргөнү да баса белгиленет. “Ушундан улам, коррупциялык статыс-квого каршы кандай аракет болбосун, ал өч алууга алып келет. Мисалы, Аида Салянова паракор аткаминерлерге иш козгоп, президенттин коррупцияга аралашканын ачык айтып чыкканы үчүн экс-башкы прокурор, экс-депутатты кадимкидей куугунтукка алып келишет. Чындыгында саясый оппозициянын көптөгөн лидерлери буйрутма сот чечимдеринин курмандыктары болушту. Мурдагы өлкө башчысы Атамбаевди катуу сынга алган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого эки айга калганда камакка алынып олтурат. Эч далилсиз жүйөөлөр менен коррупция жана шылуундук беренелери менен соттолуп олтурат. Ал сегиз жылга кесилген. Бул ыкма партиянын башка мүчөлөрүнө жана жактоочуларга да каршы кеңири колдонулган. Ушундай көптөгөн жагдайларды эске алуу менен, сот К.Элтуйбасовдун келечекте да куугунтук болорунан корккондугун эске алууга милдеттүү. Саясый атаандаштардын оозун жабуу аракети менен кыргыз бийлиги 2017-жылдын июнунда далилсиз айып коюу менен, Калыбек Элтуйбасовду үй-бүлөсү менен өткөрүп берүү боюнча Интерполго маалымат жарыялашкан. Сот жоопкер тарап келечегинен коркконун жана саясый башпаанек сураганын эске алып, мыйзамга ылайык саясый башпаанек сурай алат деген чечим чыгарат”,- деп АКШ сотунун чечиминде айтылат.

Мына, окурман, АКШнын Иммиграциялык соту акыйкат чечим чыгарып, биздин саясатчылар боюнча калыстыгын айтууда.  Аида Жеңишбековна менен Өмүрбек Чиркешович саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун океандын ары жагында жаткан Америка байкаганын биздин бийлик менен соттор көрбөй жатабы?..

 Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.