Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Салянованы бошоткула! Чыканактай жалгыз кыздын духундай духтары жок”

Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Салянованы бошоткула! Чыканактай жалгыз кыздын духундай духтары жок”

Биздин мекендеш, журналист кесиптешибиз Асыран Айдаралиев көп жылдан бери Финляндияда жашайт. Ошол жакта туруп да Кыргызстандын туура эмес кылган иштерине жаны ачыйт. Өзгөчө Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун жалдан жерден камакка алынганы аз келгенсип, азыркыга чейин кармалып жатканына кейийт.

Башкы прокурор болуп турганда, коррупция менен аеосуз күрөшкөн, экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда коррупцияга аралашканын айта калам деп куугунтукка алынган Аида Салянованын камакта жатканына да нааразы болуп келет. Мына, бүгүн, 5-июлда Аида Жеңишбековнанын кезектеги соту. Анын алдында кыска-нуска кебин айтты. “Аида Салянованы бошоткула! Сөздүн ачыгы, ток этээр жери ушул. Өйдө жакта өктөм сүйлөп отурган «өлөсөлүү» аткаминээр болумуштардын баары биригип келгенде да ушул чыканактай жалгыз кыздын акылындай акылдары, духундай духтары жок. Калп дечүүлөр болсо далилдеп бергиле. Кыйынды кыйын эле деш керек! Ушул кызыбыз өзүнүн керт башын сайып, эли үчүн кылганды бир дагы эркектана прокурор кылганга батынып, ашынган жемкорлорго иш козгоп, камамак турсун «аа» деп ооз ача алышкан эмес. Акыры колдорунан келгендери ушул болду, ошол жүзү жок ууру, жеп жуткуч, ашынган жемкорлордун айдактамасы аркылуу олчойуп отурган «креслолорунун» күчү менен басым-кысым жасап, атайын эле эч бир далилсиз абакта кармап отурушат. Анан ушул, ачууң келет, «айбансыңар» десе так секирип арданышат..”,-дейт А.Айдаралиев.

Туптуура айтылган сөз, ачуу чындык. Аида Жеңишбековнаны бошоткула!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.