Илим Карыпбеков “Атамбаевди таластыктар колдойт” дейт го. Ишенесизби?

Илим Карыпбеков “Атамбаевди таластыктар колдойт” дейт го. Ишенесизби?

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков Twitterге: «Мен азыр Таластамын. Ким менен сүйлөшпөйүн көпчүлүгү Атамбаев тарапка өтүп кетиптир. Кыргыздар ушундай айкөл эл, бир заматта жаманды унутуп, алсыз адамды коргоп, колдоп келет” деген оюн орусча жазган экен, аны кубануу менен кабыл алган, Атамбаевди колдоп, жактаган «tuz.kg.» сайты басып чыкты. И баса, Карыпбеков Сегизбаев жана Азыранкуловдун Атамбаевге кошулганы – бул Жээнбеков менен анын командасына олуттуу коңгуроо кагылды деп эсептейт экен.

Илим Карыпбековдун таластыктарга жээн экенин билебиз. Таянесине барып турат жана биздин сүйүктүү апабызды сүйлөтүп тасмага тартып сүйлөтүп, Ютубга жайгаштырып турат. Бул апаны биз дал ошол тасмадан жакшы таанып, акылдуу, калыс сөздөрү үчүн жактырып калдык. Атамбаевди жактабайт жана жаман көрөт, “Атамбаев өтө жаман адам, опасный адам” деген. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз.

Мына, окурман, таянеси Атамбаевди колдобойт. Эгер кайра колдоп калса, анда жакшы көргөн жээни көндүрүп койду деп түшүнө берсек болот. Себеби, Илим Карыпбеков адамды бат ынандырган адам. Ал Атамбаевдин убагында КТРКда кылбаганды кылды, аны баарыбыз көрдүк. Далил үчүн айтайын, КТРК аркылуу Атамбаевди аябай эле жактады, мактады. Ал эми Текебаевди аябай шыбады. Кайрагы бир шылуун Маевскийдин сөзүн күндүр-түндүр беришти го, чиркин. Жогоруда сөз кылып жаткан Сегизбаев, Атамбаевдин бийлигинде УКМКнын жетекчиси, оң колу, эң ишенимдүү адамы эле. Ал “Белизгейтти” ойлоп чыгып, аны Атамбаевге берген. Ошондо ошол боюнча парламентте ызы-чуу чыгып, Текебаев Карыпбековго суроо узаткан, “эмнеге калпты берип жатасың” деп. Ал: “Мага чоң бакыйган адам салды, анан кантип ишенбейм”,-деген. Ошонун баары кийин калп болуп чыкты го. Ошол дагы көңүл сыртында калбай, Сегизбаев ал үчүн жооп бериши керек. Карыпбеков Сегизбаевге ишенип алып, каралаганы үчүн жоопко тартылышы абзел! Бул дагы жөн жатпай, Атамбаевдей болуп бир нерсени сүйлөп коюда. Ал “Атамбаевди таластыктар колдойт” деп атат, бул калп. Көп болсо, 5-6, бүтүндөй облус колдобойт. Атамбаевди Бабановду колдогону үчүн жээрип, “Абыке, Көбөш” деп, өз жеринен Казакстанга кууганы үчүн жек көрүшөт. Эл каалаган адамына добуш берет, таламын талашат. Ошон үчүн шайлоо да. Шайлоодо эмне гана кылган жок, өзү чуркап жүрдү го жер-жерлерди аралап. Мактап, “шайлоону жасап” атып, тактыга отургузду эле, эми минтип жамандап атат. Анын мындай кадамы жигитчиликке жатпайт. Коюлган айыптын бирин да мойнуна албай, бир гана Жээнбековду бийликке алып келгенине жооп берээрин айтып, моюндады го. Жээнбековду кандай жол менен алып келгенин ачык айтып, ал үчүн жоопко тартылсын. Экөө тең жоопко тартылсын, туурабы?! Президенттик шайлоодо ката кетиргендери үчүн эки дос жооп берсин! Жээнбековду деле жакшы иштеп жатат дегенибиз жок, орто. Эң жакшысы коррупционерлерди: С.Исаков, А.Ибраимов, К.Кулматов, Зилалиев, Илмияновду «камакка алдыртып», алардын аеосуз байыганын текшертип жатканы туура эле болду. Буга эл ыраазы. Ал эми эң жаманы — Матраимовдорду колдогону болду. Бул туура эмес кадам. Бул дагы тарых. Бүгүнкү нерсе эртең Жээнбеков бийлиги кеткенде айтылат. Мурунку президенттин катасы кийинкиге сабак болбойт экен да. Качан бир өз кызыкчылыгынан да эл кызыкчылыгын жогору койгон президенттүү болобуз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.