Каныбек МЫРЗАКАНОВ: «Салянованын кайрадан камакта калганына, Текебаевдин алигүнчө абакта отурганына – президент сиз күнөөлүүсүз»

Каныбек МЫРЗАКАНОВ: «Салянованын кайрадан камакта калганына, Текебаевдин алигүнчө абакта отурганына – президент сиз күнөөлүүсүз»

Бүгүн, 5-июлда, Бишкек шаардык соту мурдагы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны кайрадан абакта калтырды. Сотко Салянова катышкан жок. Адвокатынын айтымында, анын ден соолугу начарлап, дем ала албай жатат. Туугандарынын билдирүүсүнө караганда, ага 8 диагноз коюлган. Ал кандай диагноз экенин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Салянованын тарапташтары бүгүнкү бийликке нааразы…

Аида Жеңишбековнанын туугандары, тарапташтары бүгүнкү соттун чечимине нааразы болуп, аны каргашып, Ак үйдүн алдына барып, ойлорун ортого салып, бүгүнкү бийликке сын айтышты. Анда дайыма Салянованы колдоп, сотунан бир да жолу калбай, катышып келаткан партиялашы, мыйзамды чаккан, Атамбаевдин сыйлыгын четке каккан, Жээнбековдун колунан сыйлык алган Каныбек Мырзаканов президентке катуу кайрылды. “Бүгүн Салянованын кайрадан камакта калышына жана Текебаевдин (К.Мырзаканов Ө.Текебаевдин да сотунан такыр калбай катышып келатат- авт.) түрмөдө алигүнчө отурганына сиз түздөн түз күнөөлүүсүз. Сиз 8-февралда, коопсуздук кеңеште: “эгерде мыйзам бузулса, адамдардын укугу тебеленсе, мен кийлигишем. Мени эл шайлаган, элдин укугун коргойм”,- дегенсиз. Сиздин бийликке келгениңизге эки жыл болуп баратат, укугу тебеленгендерге дагы деле унчукпай отурасыз. Ушу сатылган прокурор, судяьлар собатаж кылып, кайрадан кыргыз элин тополоңго чырагууга түрткү болуп, шыкак берүүдө. Эки жолу революциянын болушуна коррупция кылып жаткан судьялардын чон салым бар. Ушуну сиз эстен чыгарбаңыз! Тезинен жалган жалаа менен отурган адамдарды бошотуп, укугун коргоңуз! Коопсуздук кеңешинде айткан сөзүңүзгө туруңуз!”,-дейт күйүп-бышып К.Мырзаканов.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Сот болом деген адамда ыйман болуш керек”

Президент Сооронбай Жээнбековдун соттор боюнча жазында айткан сөзү төмөнкү ВИДЕОдо:

Жээнбеков: «Укугу бузулгандар боюнча укмуш арыздар түшүүдө»

Президенттин соттор боюнча дагы айткан сөзү төмөнкү ВИДЕОдо

Мына, окурман, президент соттор боюнча кандай сонун сөздөрдү айткан. «Мына, азыр сайт, интернет деген бар, укугу бузулганды ошол жактан окуйбуз, жаз»,-дегенин уктуңуздар. Мына, интернет, сайт аркылуу укугу бузулгандардын адвокаттар, саясатчылар, эл айтып жатат го. Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Садыр Жапаровдун укугу бузулуп, тебелегенин айтып эле жатышат го. Атүгүл нак коррупционер Атамбаев жана анын аялы, жакындары, Матраимовдор боюнча айтып, жазып жатышпайбы. Аны эмнеге териштиришпейт? А эмнеге аты аталгандар суралбайт да, камалбайт да, күнөөсү жок адамдар камалып отурат. Болгондо да жалган жалаа менен… Атамбаев, Матраимовдордун кызматынан кыянаттык менен аеосуз байыганы боюнча журналисттер толтура эле далилдеп беришти го. Кана, кечээ сиздин айткандарыңыздын бири жок. Анан сизге биз кантип ишенебиз?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.