Муштумдан каза болгон Али Абубакарды акыркы сапарга узатылды (ВИДЕО)

Муштумдан каза болгон Али Абубакарды акыркы сапарга узатылды (ВИДЕО)

34 жаштагы  Бишкектеги «Cambridge School» мектебинин директору, англис тилинен сабак берген мугалим Али Абубакардын сөөгү бүгүн, 5-июлда Байтик айылындагы Чоң-Арык көрүстөнүнө коюлду. 34 жаштагы Нигериялык жаран өз өлүмүнөн эмес, бирөөнүн муштумунан каза тапты. Ал ким экенин, эмне себептен мындай болгону боюнча ИИМдин билдирүүсүн “Азаттык” тарткан ВИДЕОдон көрүңүз.

Самат ДӨӨЛӨТБАКОВ, ырчы: «Көптөн бери минтип ыйлай элек элем»

“Айчүрөк” соода борборунун алдында сабалып, комадан чыкпай каза болгон Нигериялык мугалимге ичтери ачышып, социалдык тармак аркылуу көңүл айтып жатышты. Ырчы Самат Дөөлөтбаков Инстаграмдагы баракчасы анын кандай адам болгону тууралуу жазды. Аны эч өзгөртүүсүз бердик. «Көзүмдө жаш… Көптөн бери минтип ыйлай элек элем… Али – адамзатынын эң бийик пенделеринен болгон. 5 маал намазда, ар дайым күлүмсүрөгөн, ичи ак адам эле. Мээримдүү ата, өтө интеллигенттүү, ар бир адам менен тил таба турган жигит эле. Кыргызстанды Ата Мекениндей сүйүп, күйчү… Дагы эле ишене албай турам. Жакында жолугабыз деп, жолуга албай калдык… Тил мектеби боюнча мага жардам берип, консультация кылган бала эле… Колунан келген жардамын аябачу… Али – биз сага татыктуу эмес элек… Кечир бизди! Иттик кылдык! Биз качанкыга чейин адамды сырткы келбетинен, өңүнөн баа беребиз? Качан ушуну токтобуз??? Качан оңолобуз? Ошол өлтүргөн балага кайрылат элем. Эй акмак! Сендей балдардын далайына ушул жигит тил үйрөтүп, өнүгүүсүнө салым кошту! Керек болсо, сен анын бир чачындагы кылына тең эмессиң! Ылайым, жасаганыңдын үзүрүн көр!!! Кош бол Али досум. Сага жакшы дос боло албадык…» ,-дейт ырчы.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.