Сот Конгантиевди актады. Ал тууралуу Жээнбековдун Таласка барганда айткан сөзү кана?

Сот Конгантиевди актады. Ал тууралуу Жээнбековдун Таласка барганда айткан сөзү кана?

Бүгүн, 5-июлда, Курманбек Бакиев убагындагы ИИМ министри болгон Молдомуса Конгантиевдин соттук иши Биринчи май райондук сотунда каралып, ал акталды.

Буга чейин М.Конгантиевге 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясына байланыштуу «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык» беренелери боюнча айып тагылган. Ал айыптын баарын судья Мирлан Термечиков карап чыгып, Конгантиевдин күнөөсү далилденбегенин, иш-аракетинде кылмыштын курамы жок экенин айтып, актап салды. Аны менен катар ага сыртка чыкпоо каты, мүлктү камакка алуу чечими жокко чыгарылды. Буга чейин прокурор Конгантиевди 6 жылга эркинен ажыратып, эки жылга кызмат элөө укугунан ажыратып, 100 миң сом айып салууну суранган эле. Ал эске алынбай, эчтеке болбогондой, эч нерсе көрбөгөндөй сот аны актап салды го, чиркин!

Таласка барганда Сооронбай Жээнбеков эмне деди эле?

Былтыр, 12-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков Таласка иш сапары менен бир күнгө барган. Андагы жолугушууда талас эли Конгантиевдин иши боюнча сураганда, жооп берген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОдон көрүңүз.

Экс-президент Роза Отунбаева туптуура айткан…

2010-жылдагы ИИМ министри М.Конгантиев телевизордон: «Талас толугу менен көзөмөлдө, керек болсо дагы күч органдарын жиберем»,-деп күпүлдөгөн. Жоон топ элдин арасында калганда: «мен Таласка бийликтин көрсөтмөсү менен келдим»,-деген. Бакиевдердин айткандарын аткарганын өзү мойнуна алып жатпайбы. Ал Бакиевдердин командасында болуп, анын кланына кызмат кылганы чындык. Бул боюнча экс-президент Роза Отунбаева да айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Бул тарых, ал тарыхты эч ким чийип сала албайт. Аны азыркы ажо унутпай, өзү жогорудагы тасмада айткандай, Конгантиевдин ишине укуктук баа берилиши керек болчу. Соттун укуктук баасы, бийликтин тапшырмасы  – аны актоо беле? Конгантиевди сүттөн ак кылгандары таптакыр туура эмес, Конгантиев мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек!

«Эл менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң…»

Урматтуу президент, сиз ар бир ишке калыс караңыз. Эмне үчүн кайдагы бир шылуун Маевскийдин жалган жалаасы, Атамбаевдин көрсөтмөсү менен абакта отурган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун иши алигүнчө акыйкат каралбайт? Садыр Жапаровго да жалган жалаа жабылып, кармалып отурат. Мына бүгүн, Конгантиевдин иши менен катар мурунку башпрокурор Аида Салянованын да кримтөбөл Батукаевди бошотуу боюнча бөгөт чарасы каралып, кайрадан камакта калуу чечими чыкты. Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен бошотулганын ошондо эле Өмүрбек Текебаев айтып чыгып, «атамекенчи» депутаттар парламентте чырылдады эле го. Ошондой ачуу чындыкты айта калам деп Текебаев камалып калды. Чотонов жөнүндө сөз жок, ал жөн эле отурат. Батукаевди бошотуу боюнча ишке түздөн түз тиешеси бар шагыраган эркектер сыртта жүрөт, айрымдары үй камагына чыкты. Ага жалгыз гана кыргыз кызы күнөөлүүбү? Толтура ооруусу менен түрмөдө кармап, ден соолугуна зыян келтирип жатасыңар. Үйүндө кичинекей кызы апасын издеп, сагынып, куса болуп жүрөт. Эмне силерде бала жокпу? Жок дегенде үй камагына чыгарып койбойсуңарбы, ошол колуңардан келбейби? Аял кишиге да ушундай мамиле жасайсыңарбы? Аида Жеңишбековнаны кармоодо мыйзам бузулганын Өмүрбек Текебаев менен Рыскелди Момбеков ачык айтып чыкты го. «Эл менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» дегендей, эл менен болбосоңор Атамбаевдей болуп элден чыгып каласыңар. Өмүрбек Текебаев айткандай, «элден чыгып калгандан өткөн жаза жок».

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.