Жалаң эркектер үй камагына чыгууда. Манас Арабаев да чыкты…

Жалаң эркектер үй камагына чыгууда. Манас Арабаев да чыкты…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде «сот системасынын куратору» атыккан, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев үй камагына чыгарылганы бүгүн (5-июлда) маалым болду. Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечимге келишкен. Соттор жалаң эркектерди үй камагына чыгарууда…

Эскерте кетсек, Манас Арабаевге «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, ал 2-июнда кармалган. УКМК тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объекттерин рейдердик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган. Туптуура бир айдан кийин, 2-июлда КТРК Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык тууралуу журналисттик иликтөөсүн чыгарган. Ал видеонун аягында Манас Арабаев сүйлөп, ал Раиса Атамбаеванын суранычы менен ушундай ишке барганын айтып, ага каршы көрсөтмө берген. Мындай мыйзамсыз иштерге Раиса Атамбаеванын жакын туугандары, курбусу, Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жана мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин катышы бар экени айтылат. Ал видеону бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрсөңөр болот.

Ал эми КСДПнын расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева “кара пиар” деген.

Эрзат МЫРЗА 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.