Өмүрбек Текебаев Таш-Төбөгө барып, кайын энесине топурак салды

Өмүрбек Текебаев Таш-Төбөгө барып, кайын энесине топурак салды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кайын энеси, Айгүл Текебаеванын апасы Бүбүкан Турдуева 77 жашында кечээ (5-июлда) көз жумду. Маркумдун сөөгү бүгүн (6-июлда), көп жылдан бери жашап келген Чүй облусуна караштуу Таш-Төбө айылындагы жерге берилди. Кайын энесинин тажиясына камактагы саясатчы Өмүрбек Чиркешович барып, катышып, топурак салды.

Эскерте кетсек, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Орусия жараны, шылуун (азыр түрмөдө) Маевскийдин жалган жалаасы менен айыпталып, 2017-жылы 8 жылга кесилген. М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарылангандан кийин Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборуна 30-июнда которулуп, бел омурткаларын текшертиш үчүн жаткырылган. Бир канча жыл мурун бел омурткаларына операция жасалган.

16-июлда, Ө.Текебаевге байланыштуу ишти Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгат.

 

 

One thought on “Өмүрбек Текебаев Таш-Төбөгө барып, кайын энесине топурак салды

  1. Сапар уулу Атай эч куносуз азыр камакта отурат. Сот 3 жылдан бери отуп келтат. Ал апасы кайтыш болгон топурак салбай арманда калды.
    Атка минерлердин заманы качан озгорот. Закон баарыбызга бердей иштебейт Кыргызстанда.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.