Митингде Манас атабызды айтып, бышактаган Темирлан Султанбеков Кой-Ташка чакырууда. Барасыңарбы?

Митингде Манас атабызды айтып, бышактаган Темирлан Султанбеков Кой-Ташка чакырууда. Барасыңарбы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө “Элдик штаб” түзүлүп, алар 3-июлда “Соке болбой калды” аталышта тынчтык митингин өткөрүп, бийликке талаптарын коюп, анын аткарылышына эки ай убакыт беришкен. Эртеси, 4-июлда Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева  “Элдик штаб” өз ишин уланта берээрин, саат 18.30дан 20.30га чейин аталган штабдын мүчөлөрү, экс-президент эл менен жолугушуусу болуп тураарын билдирген.

8-июлдан баштап “Элдик штаб” старт алганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анын айтымында, “Эски элиталар эмне үчүн кетиш керектигин, чыныгы элдик лидерлер кимдер?” аттуу талкуу болот. Анын биринчи коногу — КСДПКнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков. Бардык каалоочуларга эшик ачык экен.  Барасыңарбы?

Т.Султанбековдун (3-июлдагы митингде) Манас атабызды айтып, ыйлаганын тарткан «Апрелдин» тасмасын көрүңүз.

Минтип сүйлөгөнү өзүнө жана өзүнүн колдоочуларына эле жакпаса, коомчулукка жаккан жок. Ошол замат эле социалдык тармактарда катуу сынга кабылган жигит. «Манасты» жакшы билбегенден кийин аны оозанбай эле койсо болмок» дегендер болду. «Акылбек Жапаров ким, бу ким? Атамбаевдин жаңы элитасы ушул бекен?»,- деген сыяктуу сындар айтылды. Мына дагы сегизинде элиталар тууралуу сүйлөйм деп турат. Барасыңарбы?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.