35,7 млн. еврону Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына бере турган болду

35,7 млн. еврону Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына бере турган болду

«Евробиримдик жана Борбор Азия» форуму 6-июлда Бишкекте башталып, бүгүн аяктады. Эки күндүк жыйында Европа биримдиги менен Борбор Азиянын жакында кабыл алынган кызматташтык стратегиясы талкууланды. 7-июлда Евробиримдик жана Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушкандан кийин, билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлуп, акча бөлүнөөрүн ММКларга билдирди.

Жаңы келишимде саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган. Тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү да келишимде каралган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.