Апрель революциясынын баатырлары Конгантиевди актаган сотко барышты (ВИДЕО)

Апрель революциясынын баатырлары Конгантиевди актаган сотко барышты (ВИДЕО)

Курманбек Бакиев бийлигинде ИИМ министри болгон Молдомуса Конгантиевге козголгон ишти Биринчи май райондук соту 5-июлда карап, актады. Ошондон бери кайрадан коомчулук козголуп, соттун чечимине нааразы болууда. Өзгөчө Апрель революциясынын катышуучулары жаман абалда калышты. Алар 8-июлда актаган соттун имаратынын алдына барышты. Аны “Кактус” тарткан тасмадан көрүңүз!

Конгантиевдин артында Жээнбеков турабы?

2010-жылдагы Апрель окуяларына байланыштуу М. Конгантиевдин иши боюнча былтыр да так ушундай болгон. Анын иши сотко жетпей жабылып, ал ак болуп чыкканы, ага козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. “Конгантиевге карата коюлган айып негизсиз, кылмыш курамы жок” деген өтүнүчү менен Конгантиевдин адвокаты тергөө жүргүзүп жаткан УКМКга кайрылып, алар аны канааттандырып, былтыр 18-июнунда ишин жапкан. Ошондон улам, “Сотко жетпей бүткөн иштин артында ким турат болду экен?” деген суроо туулуп, Жээнбеков менен Конгантиевдин кол кармашып түшкөн сүрөтү социалдык түйүндөргө тарап, кызуу талкуу жаратып, сөз болгон. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин, президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Кайра-кайра акталып жаткандан кийин, артында күчтүү адам тураары билинип жатат. Ал президент Жээнбеков эмеспи?..

Башкы прокуратура унчуга элек

Молдомуса Конгантиевге карата чыккан чечимге Башкы прокуратура унчуга элек. Анан себебин «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирген. Анын айтымында, апелляциялык арыз берилеби же жокпу, соттун чечими колго тийгенден кийин белгилүү болот экен.

Конгантиевге тагылган айыптар

Конгантиевге эки иш козголгон. Биринчиси: 2005-жылдын 24-март, экинчиси: 2010-жылдын Апрель окуялары, ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон. Прокуратура Конгантиевди 6 жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Ал эске алынбай, сот аны актап салды.

Президенттин айтканы…

Президент С.Жээнбеков Таласка иш сапары менен барганда, Конгантиев боюнча суроо болгондо жооп берген. Ал ВИДЕОдо!

“Конгантиевдин акталганы — Бакиевдин акталганы”

Мына ушинтип социалдык тармактарда жазылып, катуу талкуу болууда. “Эми Бакиевди алып келип, актап салгыла!” деп нааразы болгондор да четтен чыгууда. Былтыр акталганда Азимбек Бекназаров ал боюнча журналисттерге жыйын өткөрүп, Конгантиевдин иши боюнча түшүндүрүп берген. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Ал эми экс-президент Роза Отунбаеванын Конгантиев боюнча айтканын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.