Бүгүн бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшырылып, талон таштоо туру башталды

Бүгүн бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшырылып, талон таштоо туру башталды

Бүгүн, 8-июлда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификат» тапшырылды. Мындай иш-чара «Ала-Арча» резиденциясында болуп өттү. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков окуучуларга 10 миң сому бар «Алтын сертификат» тапшырды. Мындай сертификатка  52 окуучу татыктуу болду, 19у ар кайсы аймактарынан келгендер. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 47 440 бүтүрүүчү катышкан. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Жалал-Абад шаары мыкты деп табылды. Эң жогорку баллды аталган шаардын тургуну, Курманбек баатыр атындагы №15 лицейдин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алган, ал 238 балл топтоду. Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, президент сөз сүйлөдү.  Андагы сөзүн толугу менен төмөндөн окуй аласыз.

«Урматтуу бүтүрүүчүлөр, кымбаттуу жаш досторум! Мектепти ийгиликтүү аякташыңар менен баарыңарды чын дилимден куттуктайм. Мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири — ийкемдүү, ачык,  үзгүлтүксүз өнүгө турган билим берүү системасын түзүү. Жаштарыбызды тез өзгөрүлүп турган, динамикалуу турмушка даярдоо абзел. Жаӊы технологиялар дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, таптакыр жаӊы билимдердин жана жөндөмдөрдүн зарылдыгын жаратты. Бардык чөйрөгө санарип технологиялардын кириши — эмгек ресурстарына жаӊы талаптарды коюуда. Бүгүн экономика, медицина, билим алуу, башкаруу чөйрөлөрүнө санарип технологиялары тереӊ кирип, бул кесиптердин табиятын өзгөртүүдө. Бул талаптар — жаш муундардын өз алдынча тынымсыз өнүгүүгө  умтулуусун шарттайт. Ошондуктан мамлекеттин жана коомдун инновациялык өнүгүүсүн камсыздоого жөндөмдүү адамдык потенциалды өнүктүрүү милдети жаралды. Бул максатка жетүү үчүн инновациялык билим берүүгө өтүү зарылдыгы келип чыкты. Биз келечекте ушул максаттарга жетүүбүз абзел.

«Тестирлөө — бүтүрүүчүнүн билимин баалоо  менен бирге,  аны өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт»

Урматтуу мекендештерим! Кыргызстан — жогорку окуу жайга кирүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө. Белгилей кетүүчү нерсе —  жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы  туруктуу өсүү тенденциясына ээ болду. Бюджеттик негизде окуган студенттердин жетишүүсү кескин түрдө жогорулады. Эң негизги жыйынтык — жогорку билим алууга бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү, бул системага ишеним жогорулады. Тесттерди пайдалануу — алыскы райондордун, айылдын бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусуна жакшы шарт түздү. Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада өлкөбүздүн бардык региондорунан келген жаштар бар экени мени кубандырат.

Жалпы республикалык тестирлөө  —  ар бир бала үчүн анын жашаган жерине, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берет. Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө  алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын  57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм. Жалпы республикалык тестирлөө — бүтүрүүчүнүн билимин баалоо  менен бирге, анын өзүн-өзү өнүктүрүүгө да мүмкүндүк түзөт. Экинчи жагынан, тестирлөөнүн жыйынтыктары аркылуу  билим берүү системасынын ишмердигин баалоого болот. Тилекке каршы,  бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калышты.  Ошол эле учурда өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли — ички дүң продукциянын 6 пайызын түздү. Бул прогрессивдүү билим берүү системасы бар Финляндия, Малайзия, Франция, Эстония мамлекеттеринин деңгээлинде болду. Келечекте, тестирлөөнүн жыйынтыктарын — билим берүүгө кеткен мамлекеттик чыгымдардын эффективдүүлүгүн көрсөткөн индикатор катары кароого болот. Ошондой эле тестирлөөнүн жыйынтыктарын мугалимдердин эмгек акысын кароодо эске алуу абзел.

«Ата-энеңерге, мугалимдериңерге ыраазычылык билдирем»

Кымбаттуу досторум! Бүгүн, ушул залда, сөзүмдүн башында  айткан максаттарды ишке ашыра турган уул, кыздар, өлкөбүздүн алдыӊкы жаштары олтурасыӊар деп эсептейм. Силер республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку балл алып, алтын сертификатка татыктуу болдуӊар. Мындай сертификаттарды силерге тапшыруу мага зор кубанычты тартуулап турат.  Силер — артыкчылык сертификатына, КРнын президентинин Мактоо грамотасына татыктуу болгондор — биздин сыймыгыбыз, биздин келечегибизсиӊер. Бул ийгилик — силердин талантыңардын, көп жылдык эмгегиңердин, окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилеӊердин жемиши. Силердин ар бириӊерди ушул ийгилиӊер менен куттуктап жатып, турмуш жолуӊар шыдыр болушун, ойлогон ой-максаттарыӊардын ишке ашуусун каалайм. Азыр силердин ар бириңер келечектеги кесибиӊерди тандап, аныктап койдуңар деп ойлойм. Кыргызстандын эмгек рыногу,  акыркы жылдары, агрардык өнөр жай, маалыматтык технология, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жайы багытындагы адистерди көп талап кылууда. Силер тандап алган кесип — республиканын эмгек рыногунун керектөөсүнө дал келет деп  ишенем. Кыргызстандын бардык кесиптик чөйрөлөрү силер аркылуу заманбап структурага ээ болот. Силерге билим берген мектептин педагогикалык жамаатына жана силерди билимге ынтызар кылып тарбиялаган ата-энеңерге терең ыраазылык билдирем.

«Чоң турмушка кадам таштап, чоң жоопкерчиликти мойнуңарга алып жатасыңар»

Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Менин жаш досторум! Мектепти ийгиликтүү аяктап, жалпы республикалык тестирлөөнү да ийгиликтүү тапшырышыңар менен чын дилден куттуктайм. Жалпы республикалык тестирлөөдө силер эң мыкты жыйынтыкка жетише алдыңар. Албетте, силердин бүгүнкү ийгилигиңер өз мээнетиңердин, аракетиңердин жана билимге болгон умтулууңардын жемиши болуп саналат. Ошондой эле бул ийгилик ата-энеңердин колдоосу менен мугалимдердин зор эмгегинин натыйжасында жаралып отурат. Бүгүн силердин алдыңарда тандап алуу үчүн көптөгөн жолдор ачылууда. Эгер мындан ары да ушунуңардан жазбай, аракет кылсаңар бул жолдордун ар бири ийгиликке алып бара алат. Силерге билим берген мектептин педагогикалык жамаатына да ыраазычылык билдирип койгум келет. Силерге татыктуу тарбия берип, билимге болгон умтулууңарды колдоп келген ата-энеңерге да чоң ырахмат! Биз акылыбыз жана талыкпаган эмгегибиз менен татынакай жана берекелүү өлкөбүздү туруктуулуктун, эркиндиктин жана гүлдөп-өнүгүүнүн аймагына айлантышыбыз керек. Бул үчүн бизге жаратмандык рухуна сугарылган, алдына так максат коюп, ага жете билген билимдүү жана демилгелүү адамдар керек. Биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги силерге байланышкан деп айтсам аша чаппайм деп ойлойм.  Силер — көз карандысыз демократиялык мамлекетте жашаган  жаңы муундун өкүлүсүңөр. Силер чоң турмушка кадам таштап, ушул мүнөттөн тарта келечек үчүн жоопкерчиликти мойнуңарга алып жатасыңар. Силердин ар бириңер өз туулган жериңерге, өз өлкөңөргө чын дилден берилип, анын гүлдөп-өнүгүшү үчүн болгон мүмкүнчүлүк менен билимин жумшаган жаштардын катарын толуктайсыңар деп ойлойм. Бардыгыңарга чыгармачыл ийгиликтерди, жаңы билимге ээ болууда өжөрдүктү каалайм.

«Алтын сертификатыңар — жогорку билим алууга болгон биринчи кадамыңар»

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр! Биздин негизги максатыбыз — жаштарга заманбап жана сапаттуу билим берүү. Биз, жаратылыш кен байлыктары менен эмес, элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — приоритеттүү багытыбыз болуп саналат. Силердин алтын сертификатыңар — жогорку билим алууга болгон биринчи ийгиликтүү кадамыңар. Келечектеги бүтүрүүчүлөргө үлгү болуп, татыктуу кесипти тандап алып, коомубузга кызмат кыласыӊар деген үмүттөмүн. Ар бириңер алдыга койгон максатыңарга жетип, кесипкөй инсан болушуңарды каалайм! Келечек турмушуңарда ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн! Кыргызстандын келечегин курган элибиздин татыктуу улан-кыздарынан болгула! Баарыӊарды Жараткан өзү колдосун!»

ЖОЖдор абитуриенттерге эшигин ачты

Ушул эле күнү жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампаниясы башталганын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, талондорду кабыл алуу үч тур менен өткөрүлүп, 27-июлда жыйынтыкталат. Бүгүн биринчи тандоо туру старт алды.

Биринчи тур:

8-10-июль — талондорду кабыл алуу;

10-июлда, саат 14.00дө талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

11-июлда, саат 10.00дө экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

11-13-июлда окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Экинчи тур:

15-17-июль — талондорду кабыл алуу;

17-июлда, саат 14.00дө — талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

18-июлда, саат 10.00дө — экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

18-20-июлда окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт):

22-24-июль — талондорду кабыл алуу;

24-июлда, саат 14.00дө — талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

25-июлда, саат 10.00дө — экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

25-27-июлда — окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.