Батукаевди бошотууда аты аталган Табалдиев жок болууда. Көргөн жоксуздарбы?

Батукаевди бошотууда аты аталган Табалдиев жок болууда. Көргөн жоксуздарбы?

Бусурманкул Табалдиев кримтөбөл Батукаев абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Ал бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы буга чейин айтылган эмес. Анын атын бир гана андагы акыйкатчы Турсунбек Акун эле атап келген. Бизге жеткен маалыматка караганда, ал Батукаевдин иши кайра карала баштаганда эле Кыргызстандан чыгып кетиптир. Азыр анын кайда экени белгисиз. ИИМ ал боюнча маалымат бере элек жана анын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабарды ырастай элек.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген таризде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ал атайын машинанын коштоосу, кайтаруу менен Бишкекке жеткирилип, даяр турган самолет менен Орусияга учуп кеткен. Алты жылдан кийин, бул иш кайра жандандырылып, ага тиешеси барлар сурак берип, “кызматташуу” негизде четинен үй камагына чыгууда. Бир гана экс-прокурор Аида Салянованы абакта кармашууда. Салянованын акыбалы начарлап жатканын бүгүн таң эрте анын адвокаты билдирген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.