Рабига САДЫКОВА, адвокат: «Салянованын саламаттыгы начарлап, оорусу күчөп кетти»

Рабига САДЫКОВА, адвокат: «Салянованын саламаттыгы начарлап, оорусу күчөп кетти»

Мурдагы прокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова таң атпай тынчсызданып, бүгүн билдирүү таратты. Анын айтымында, Салянованын абалы начар, оорусу күндөн күнгө күчөөдө. Ооруканадан абакка кайра которулгандан бери анын саламаттыгы өтө начарлай баштаган. “Аида Жеңишбековнанын жүрөк оорусу бар. Ал операцияга даярданып жаткан. Дарыгерлер дарылайбыз деп жатканда, аны кайра тергөө абагына алып кетишкен. Салянованын учурда абалы начарлагандыктан, анын ден соолугуна камкордук көрүү зарыл, ал тезинен дарылануусу керек!”

Рысалиев курортто, Салянова СИЗОдо. Ушул туурабы?

Аида Салянова Бишкектеги №1 тергөө абагынан саламаттыгынан улам,15-июнда ооруканага которулуп, дарыланып жаткан. Дарыгерлер толтура диагноз койгон. 14 күндөн кийин, операцияга даярданып жатканда, кайра абакка алып кетишкени түшүнүксүз болуп калганын ошондо эле адвокаты билдирген. Ден соолугуна байланыштуу сот жараянына да катыша албай келгенин баарыбыз көрүп, угуп эле келатабыз. Батукаевдин бошотулушуна түздөн түз тиешеси бар Зарылбек Рысалиев куророртто, эч тиешеси жок Аида Салянова СИЗОдо. Бул эмне деген акыйкатсыздык?

«Күнкарама» соттордун кылганын карагыла…

Кримтөбөл Батукаев Атамбаевдин бийлигинин убагында мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгып, Кыргызстандан даяр учак менен учуп кеткен. Алты жылдан кийин, ошол окуя кайра жандандырылып, тиешеси бар дегендер суракка алынып, абакка отуруп, “кызматташам” дегендер үйүнө чыгып кеткен. Рысалиев болсо оорумуш болуп ооруканага жатып алган, азыр Воронцовкадагы курортто. Бир гана Салянова СИЗОдо. Ал 3-июнда суракка чакырылып, 48 саатка камалган. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Улам соттук жараяндар болуп, тилекке каршы, мөөнөтү узаргандан узарып келүүдө. 26-августка чейин узартылган. Соттор Салянованын адвокаттарынын бөгөт чарасын өзгөртүү сураныч арызын четке кагып, ден соолугун эске албай келүүдө. Адвокат Садыкова Салянованын ден соолугуна башынан эле тынчсызданып, сотторго коңгуроо кагып келет. Кудай сактасын, ал “бир нерсе болсо ким жооп берет?” деген да суроону кабыргасынан коюп, ага эч кимден жооп ала албай, бушайман болууда. Чындап эле ким жооп берет?

Жаның бийлик келгени менен сот системасы эч өзгөргөн жок, Атамбаевдин учурундагыдай эле көрүнүштөр болууда. Соттор бийликтин көзүн караган бойдон калышты. алар кимди акта десе актап, сотто десе соттоп келатат. Сөзүбүз куру болбосун, далил келтире кетели, Бакиевдин буйругун аткарган Конгантиевди 5-июлда актап, үй мүлкүн камоону жана чет жакка чыкпоо катын жокко чыгарышты. Андан тышкары, дал ошол күнү сотторду Атамбаевдин бийлигинде башкарып келген Манас Арабаевдин да соттук жараяны болуп, ал үй камагына чыкты. Ошол эле күнү, 5-июлда Аида Салянованын (ден соолугуна байланыштуу өзү катышкан жок) да соту болуп, ага эч ким киргизилбей, жабык артында өтүп, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул эмне деген шумдук эми? Көрүнүп эле турат, эптеп эле Салянованы Атамбаевди атын айттыра албай, ага басым жасалууда. Атамбаевдин аты аталып эле жатат го, ага толтура айып да коюлду. А эмнеге аны камашпайт? Бул жагынан алганда, азыркы бийлик өтө жаман, ыплас нерсеге баратат. Жээнбековдун түбүнө Конгантиев менен Матраимовдор жетет.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.