Жээнбеков менен Молдокматов кер-мур айтыша кеткенде, Равшан мырза өтө ыплас сөз айтты… (ВИДЕО)

Жээнбеков менен Молдокматов кер-мур айтыша кеткенде, Равшан мырза өтө ыплас сөз айтты… (ВИДЕО)

Марал” радиосундагы “Айлампа” берүүсүнүн бүгүнкү соболу “Коррупцияга каршы күрөш үмүт акталабы?”. Ага “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңишбек Молдокматов менен экс-депутат Равшан Жээнбеков чакырылып, көрөрман, угармандардын коррупция боюнча суроолоруна жооп беришти. Эки саясатчы кер-мур да айтыша кетишти. Өзгөчө Өмүрбек Текебаев боюнча туура эмес иш болгону тууралуу убагында айтуу керек эле деп талаш-тартыш болду. Равшан мырза “Текебаев боюнча «Замандаштын» өз убагында айтканын уккан эмесмин”,-деп Жеңишбек мырзага тийишип өттү.

А чынында…

Жеңишбек Молдокматов Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча убагында абдан жакшы жооп берген. Далилдүү айта кетсем, андагы жообу “Сарасеп” гезитине жарык көргөн. Журналисттердин кенен маегинде мындай суроо болгон: “Бу парламент “Ата Мекен” партиясын “өгөйлөп” эле коюшту. Өмүрбек Чиркешовичтин кайрылуусун укпай да коюшту. Ушул туурабы?”.

—Кепти башынан айтайын. Юридикалык жактан алганда, Өмүрбек Чиркешовичтин аэропорттон кармалышы туура эмес. Иш сапарынан келатканда, террористти кармагандай кармап кетиши кыргыздын саясатына сокку урулду деп эсептейм. Келгенден кийин суракка чакырып, такыр эле келбей койсо, анан кармаса жарашмак. Бу бир. Экинчиден, бул инсан саясаттын туу чокусуна жеткен тажрыйбалуу, белдүү, көрүнүктүү, чоң саясатчы. Күнөөсү барбы, жокпу аны сот гана чечет. Үчүнчүдөн, УКМК жасаган ишине ичим ачышып калды. Башка мамлекеттин жараны, анда да өзүнүн өлкөсүндө шылуун атыккан Маевскийдин оозу менен кыргыздын беделдүү саясатчысын жамандатканы күйдүрүп атат. Мен кыргызга күйгөн адаммын.

“Улутчул дешет билбеген,

Улутун кимдер сүйбөгөн.

Кызыл эт кезден торолтуп,

Кыялым көккө күүлөгөн.

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,

Мен кыргыз деп өтөм дүйнөдөн” деп айтылуу Кыргыз эл акыныбыз Байдылда Сарногоев атабыз айткандай, өз элимди сүйөм, кыргыз үчүн күйөм. Башка мамлекеттин жарандарына кыргыздын саясатчысын жамандатуу уят көрүнүш. Башка мамлекеттин өкүлүнө кыргыздын саясатчысын “жем” кылып жатканыбыз өкүндүрөт. Текебаевдин алганы такталып, аныкталса мыйзам алдында жооп берсин. Эгерде чынында аталган 1 миллион долларды алганы ачыкталса өтө катуу чара көрүлсүн. Бирок, аны кыргыздар жамандап, кыргыздар жазалап, кыргыздар мактасын да. Башка өлкөнүн жараны жабыркаса өз иши боюнча арызданып, даттансын, бирок саясий баа бергенге укугу жок! Төртүнчүдөн, Өмүрбек Чиркешовичтин каралбай калган кайрылуу боюнча айтсам, бу да болсо парламенттин кемчилиги. Парламентте талкууланып, талашып-тартыша, карала турган маселе көчөгө чыгып кетти. Депутаттар бир чечим чыгарып, элди маалымдар кылып туруусу зарыл. Парламентте көп нерсе каралбаган үчүн элде ишенич жок. Негизинен, Парламентке саясий баа берүү учуру келди! Жөн эле бюджеттин эсебинен айлык алып, момпоюп жашап келатышат. “Машинадан баш тартабыз” деп көкүрөк кагып келишти эле го, кана? Карап көргүлө, 70тен ашык машина гаражда турат. “Велосипед менен жүргүлө!” десе, депутат Кожобек Рыспаев: “башка чабат” деп элден коркуп жатпайбы. Анда эмне эл өкүлү болуп отурат? Эл шайлагандан кийин элден коркпой, эл менен бир болушу керек да. Интеллигенциянын жоголгону ушундан билсе болот. Легендарлуу парламентке интеллигенция келип, микрофонго чыгарда ар бир маселе боюнча даярданып чыкчу. Үч мүнөттөн ашпай, көтөргөн маселесине чекит коюп түшүп кетчү. Ашыкча сүйлөө деген болгон эмес. Маанилүү маселени түнкү саат 2-3кө чейин талкуулашчу. Азырчы? Алтыга чейин да отурбай жатышат. Кворум жок. Сессияда 15-20 гана депутат отурат. Калган 100-105 депутат кана, кайда алар?,-деп Жеңиш Молдокматов эки жыл мурун жооп берген. Мисалы, жообу мага абдан жаккан.

Кечээ Өмүрбек Текебаевди жактап жүрүп, азыр Алмазбек Атамбаевди жандап калган Равшан Жээнбековго жол болсун. Позиция деген болуш керек да. Бу адам жадагалса атасын сыйлабаган саясатчы экен. Атасы, маркум Бабырбек Жээнбеков баласына караганда, акты ак, караганы кара деген мыкты инсан болчу. Ал Алмазбек Атамбаевди өтө жек көрчү. Атасы жек көргөн адамдын жанында жүргөндүгү үчүн, ал кандай сүйлөсө да элге жакпай турган учуру. Атамбаевдин жанында жүрүп, жаман сөздөрдү да колдоно баштаптыр, «көчүгүн жалап» деп. Атамбаевден жугуп жатса керек да. Такылдап сүйлөгөнү эле болбосо, бирөөгө бир жардам кылганын уктуңар беле?

Ал эми Жеңишбек мырза Равшан мырзага караганда алгылыктуу иштерди жасап жүрөт. Чыныгы муктаж адамдарга кайрымдуулук кылып келет. Мына жакында эле «Мигрант үнү» аттуу иш-чара болду. Ошондо чет өлкөдө иштеп жүрүп, каза болуп калган кызынын сөөгүн алып келүүгө эч бир бийлик, эч бир саясатчы жардам бере албаган, ал үчүн үч жыл чуркаган апанын көйгөйлүү маселесин үч айда чечип бергени эрдик эмеспи. Ишенбесеңиз, анда апанын айткандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эки саясатчынын ВИДЕОсун төмөндөгү тасмадан көрүңүз!    

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.