АДВОКАТ: «Салянованын абалы тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылуу даярдап жатам»

АДВОКАТ: «Салянованын абалы тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылуу даярдап жатам»

Мурдагы министр, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова анын ден соолугу начарлап, абалы оорлоп кеткенин кечээтен бери какшап айтууда. Доктурлар Саляновага операция жасоо керектигин билдиришип, ага даярданып жатканда, дарылануунун аягына чыгарбай, шашылыш түрдө кайрадан абакка алып кетишкенине күйүп-бышып келсе, бүгүнкү абалын көрүп, зээни кейүүдө. Адвокаттын айтымында, Салянова чала дарыланып калгандыктан абалы оорлоп кеткен, дем жетпей, энтигип, алып кетип, жөтөлү күчөп кеткен. Жөтөлгөн сайын жүрөгүнө күч келүүдө. Ушунун баарын көрүп жаткан адвокат Салянованын абалын кыйноо катары баалап, Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылуу даярдап жатканын айтты.

Чынара ТУРДАЛИЕВА: “Эжемдин абалы оор, дем жетпей, алы кетип жатат”

Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева эжесинин абалы оор экенин, жөтөлү күчөп, дем жетпей, алы кетип жатканын баса белгиледи. Жүрөк илдетинен тышкары “пневмониясы” бар экенин, чала дарыланып калганына кабыргасы кайышып турганын айтып, “Рысалиев курортто, Салянова СИЗОдо, ушул туурабы? Эркек Рысалиевди “ооруп атат, болбой жатат” деп аздектеп, курортко чейин жиберишти го. Бүгүн анын жакшы болуп калганын айтышты. А эмнеге менин эжемдин оорусун көрүп туруп, аны көз жаздымга калтырышууда? Эжемди ойлоп апасы, балдары, бир туугандары, туугандары уктабай калды. Ишенсеңер, таң атканча кирпик какпай калган күндөр болууда. Кичинекей кызы апасын сагынып, издеп, жол кароодо. Ага апасы кайда экенин кантип түшүндүрөбүз? Эжемдин ден соолугун, кичинекей кызын эске алып сот үй камагына чыгарса деле болот эле да. Эжем эч жакка качпайт, качса мурда эле качып кетмек”,-деп ачууланды.

Бакыт БУУДАЙЧИЕВ: “Салянованын акыбалына ичим ачышып жатат”

Антип ачуулангандардын бири, Аида Салянованын жактоочусу, бир тууган эжесиндей жакшы көргөн – Бакыт Буудайчиев. Ал бүгүн биздин сайтка кайрылып, күйүп-бышып буларды айтты. “Аида Салянованын ден соолугу начарлап жатканын адвокатынан угуп алып, аябай жиним келип жатат. Үй камагына чыгарып коюп, операциясына уруксат берип, анан суракка ала беришсин да. Бул эмне деген таш боорлук? Айбан да айбанга мындай мамиле кылбайт. Кечирип койгула, ачуум менен ушундай сөз айтууга туура келүүдө. Адам болгондон кийин адамга адамча мамиле кылуу керек да. Бул эмне деген кордук жана пастык? Ушундай мамилени көрүп, таңгалып, жакамды кармап жатам. Биринчиден: ден соолугу начар, экинчиден: апасын сагынып, куса болгон тырнактай кызы бар. Балдар энеге жакын болот, апасын бир саат көрбөй калса эле издеп, ыйлап калат. Мен аны өз балдарымдан көрүп жатам да. Ошон үчүн эне-баланын акыбалын түшүнүп атам. Бир айдан бери Салянованын кызы апасын катуу сагынды го, апасы да сагынды дегендей… Эне-баланы ушунча да кыйнашабы? Эмне соттордун балдары жокпу? Салянованын саламаттыгына кош көңүл кылып жаткандарын мен адамды кыйноо деп эсептейм. Ал үчүн жооп бериши керек! Бүгүн сиздердин сайтка Каныбек Мырзаканов байке интервью берип, Салянованын күнөөсү жоктугун далил менен жакшы түшүндүрүп бериптир го. Анан ал: “бүгүнкү бийликтен, соттон үмүт үзүлдү, үмүт журналисттерде, тилектештик кылгыла!”,-деп сиздерден сураныптыр. Ушундай агабыздын айтканын жерге калтырбай, ишке ашырып бериңиздер. Үмүт силерде гана калды, Саляновага тилектештик кылып, үй камагына чыгарып бериңиздер! Аида Жеңишбековна Зарылбек Рысалиевге караганда эркек экен, эрки күчтүү экен. Салянованын мага эң биринчи адамгерчилиги жаккан. Москвадан достук жиберсем дароо кабыл алган. Жазсам ага да дароо жооп берген. Мындай мамилесине ичим жылып калган. Анткени бой көтөргөн айым го деп ойлогом. Жакындан таанышканда ого бетер адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн баалап калгам. Мага өз бир тууганындай мамиле кылды. Ошон үчүн өз эжемдей жакшы көрүп калдым да, болбосо кайнаса каныбыз кошулбайт. Ал Нарындык, мен Жалал-Абаддык. Бирок, биз жерге бөлүнбөшүбүз керек. Ушул нерсе, жердешчиликке бөлүнүү кийинки күнү, өзгөчө социалдык тармактарда күч алып баратат. Чоң эле аялдар, мурда чоң кызматта иштеген эле айымдар түндүк-түштүктү козутуп, чагымчыл сөздөрүн окуп жатам. Бул туура эмес. Ушундай “сасык” саясатчылардын азабынан карапайым эл экиге бөлүнүп жатат. Саляновада трайбалисттик такыр жок, мен ага өзүм күбө болдум. Чын-чынына келгенде, бөлүнүп-жарынуу бардык аймакта бар, бирок, биздин түштүктө көбүрөөк. Аны мойнума алам. Бирок, биз ага жол бербешибиз керек! Элди жакшы жакка буруу да сиздердин, журналисттердин колунда. Бар да, жок да кылган журналисттер. Андыктан бир тууганыбыз, эжебиз Салянованы үй камагына чыгарып бериңиздер. Бир тууганым Саляновага боштондук!”,-дейт Б.Буудайчиев.

Ак сөз, адамды кыйноо болбойт, ооруп жатса ага уруксат берүү керек. Зарылбек Рысалиевге уруксат берилип, жакшы болуп калганы бүгүн кабарланды го. Аида Салянованын да операциясына уруксат берилиши зарыл. Андан ары үй камагына чыгуусу керек!  

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.