Каныбек МЫРЗАКАНОВ: “Коомчулукка коркунуч келтирген Салянова эмес, андан корккондор!”

Каныбек МЫРЗАКАНОВ: “Коомчулукка коркунуч келтирген Салянова эмес, андан корккондор!”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык албай койгон жалгыз адам — Каныбек Мырзаканов. Жаңы бийликке ишенип, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алган адам — Кант шаарынын тургуну, “Эрдик-Подвиг” коомдук фонддун жетекчиси. Аида Салянованын (дегеле “атамекенчилердин” сотунан калбайт. Текебаев, Чотоновдун сотунан калбай, жубайы менен келип турат) сот отурумунан калбай, катышып келаткан адам. Өзүнүн жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, калыстыкты айткан кеби менен бизге үлгү болуп келаткан Каныбек Мырзаканов менен ат жалында маек курдук.

 — Каныбек мырза, Аида Жеңишбековнанын мурда, кийинки сотторунан калбай катышып, баарын угуп, күбө болуп келатасыз. Айтыңызчы, козголгон иштерде Салянованын кымындай бир күнөөсү бар бекен?

— Мурда, кийинки сот отурумунан калбай катышып, Аида Жеңишбековнанын бир да, кымындай күнөөсү жоктугуна жубайым экөөбүз күбө болуп келатабыз. Алгач мурунку сотуна учкай токтоло кетсем, анда Аида Салянованын бир дагы күнөөсү далилденген жок. Сотко Салянова Юстиция министри болуп турганда, анын орун басары Жылдыз Мамбеталиева жана дагы толтура күбөлөр келип, эч кандай күнөөсү жоктугун айтып беришкен. Адвокаттары дагы кагаз жүзүндө актыгын далилдеп беришти. Латвияга запрос жиберишсе, алардан оң жооп келген. Ал лицензияны Елисеев колдонбоптур, Кыргызстандан узартылган лицензиясы ал өлкөгө жарабайт да экен, «жараксыз» деп табылыптыр. “Салянова узартып берген лицензия менен Елисеев Латвияга ишкана ачкан” деген күнөө коюп жатышат. Аны да адвокаттар сүрүштүрсө, ал ишкананы Елисеев лицензия узартыла электе, эки ай мурун ачкан экен. Числосу да дал келбей жатпайбы. Көрдүңөрбү, күнөөсү жок адамды күнөөлөп, ак адамга көө сүйкөштү. Эч нерсени эске албаган, акыйкаты жок Ленин райондук соту Аида Салянованы 5 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. “Жаза өтөө мөөнөтү кичинекей кызы 14 жашка чыкканда башталат”,- делген өкүмдө, туурабы? Андан тышкары, Кыргызстандан башка жакка чыкпоо кагазы да бар. Кичинекей кызын, алтындай апасын, үй-бүлөсүн таштап, каякка кетмек эле? Күнөөсү болсо качабы? Бул эми Атамбаевдин бийлигинин убагында болгон соттордун жоругу дейин десек, азыркысы да ошондой болуп жатпайбы. 5-июлдагы Бишкек шаардык сотунун чечимин көрдүңөр. Ал сот акыйкаттык кылып, мыйзамды так аткарып, жок дегенде Салянованы үй камагына чыгарат го деген үмүт менен турсак, райондук соттун чечимин күчүндө калтырып жатпайбы. Анан Ак үйдүн алдына барууга аргасыз болдук. Азыркы президентке айтчубузду айттык, ал 7-кабатка жетти деп ойлойм. “Жаңы президент келди, эми соттор оңолот” десек, оңолбоптур да, сот системасы “күнкарама” бойдон калыптыр. Мына ага далил Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун иши, аларга шылуун Маевский жалган жалаа жапкан. Анын баары Атамбаевдин көрсөтмөсү менен болгон. Ак адамдар алигүнчө абакта отурат. Муну эмне Жээнбеков билбейт дейсиңби, билет?! Салянованын да Батукаевге эч тиешеси жоктугун, анда күнөөсү жоктугунан кабары бар. “Ушунун баарына түздөн-түз сиз күнөөлүүсүз” деп, Ак үйдүн алдына барганыбызда айтканым да ошондон.

— Аида Салянованын соту болгон күнү, 5-июлда, Атамбаевдин убагында сотторду башкарган Манас Арабаев үй камагына чыгып, Молдомуса Конгантиев акталды. Буйрукту аткаргандар кутулуп атат…

— Ошондой болууда. Мурунку бийликтин туура эмес иш кылганына эл нааразы болуп, төңкөрүш жасады. Атамбаевдин бийлигинде да аша чапкандык көп болду. Өзгөчө соттор системасына эл нааразы болгон. Мына, дагы деле баягы соттор баягы эле нерселерди кылууда. Буйрукту аткаргандарды актап, үй камагына чыгаруу бул туура эмес кадам. Буга Аида Салянова эле ага далил боло алат, анткени ал мыйзамды так аткарганы үчүн абакта отурат. Аны керек болсо экс-президент Алмазбек Атамбаев да айтып жатпайбы, “Батукаевди бошотууда Салянованын тиешеси жок” деп. Анткени Атамбаев президент болуп турганда Саляновага буйрук бериштин кереги жоктугун, аны аткарбасын билген, ошон үчүн ага эч нерсе деген эмес. Салянова өзү да айтып жатат го, “менин ага эч тиешем жок, Батукаев чыгып кеткенден кийин билип жатам. Мен мыйзам бузган эмесмин ”,-деп, мыйзамдуу жагын түшүндүрүп берди. Чындап эле ал мыйзамды бузган эмес. Мыйзамды бузгандар өздөрү: соттор. Мына Батукаевге тиешеси барлар суралып, бир аз камакта отуруп, анан эле “тергөө менен кызматташуу” деген кагаз менен үй камагына чыгып кетишүүдө. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Атаханов менен Сагынбаева үй камагына чыгып кетти, Рысалиев болсо курортто жатат. Аида Жеңишбековнаны ооруканадан, шашылыш түрдө кайрадан СИЗОго которушканын кандай түшүнсө болот? Ушул да калыстыкпы? Жүрөгү оорулуу, операцияга муктаж, күнөөсү далилденбеген Салянова кимдерге коркунуч жаратып жатат? Азыркы бийлик Батукаевди шылтоолоп, аны СИЗОго кармаганын кандай деп түшүнсөк болот? Өкүнүчтүүсү, азыркы бийликтегилер өткөндөн сабак алган жок. Мен аларга: “коомчулукка коркунуч келтирген Салянова эмес, Саляновадан корккондор!”,-деп айтаар элем. Кандай болгон күндө да, Аида Женишбековна женилбейт! Анткени ал айтканынан кайтпаган, мыйзамдын үстөмдүгү менен күрөшкөн чыныгы мекенчил, чоң тамгалуу Адам!

— “Тергөө менен кызматташуу” деген түшүнүк ушул жылдын башында күчүнө кирип, аны менен бир топ адам акталып, үй камагына чыгууда… Ушул туурабы?

— “Тергөө менен кызматташуу” деген түшүнүк мурда жок болчу, быйыл эле пайда болгону чын. Мен муну мындай деп түшүндүм: “бирөөгө жалган жалаа жап, калп айт”,-деп. Мыйзам боюнча, калп айтып, бир нерсени жаап-жашырса ал кылмыш деп эсептелип, жоопко тартылат. Салянова мыйзамды так аткарып жатпайбы, калп айткан жок. Ал болгон чындыкты айтып жатат. Анын мүнөзү ошондой, ал эч качан калп айтпайт. Учурда калп менен чындыктын күрөшү жүрүүдө. Азырынча калп төргө өтүп, чындык чыркырап босогодо калууда. Чындык акыры жеңет, мен ага бөркүмдөй ишенем. Менин айтканым сөзсүз келет. Эки жыл мурун: “Атамбаевдин да күнү бүтөт, ал акыры суракка алынат, Текебаевдин ордуна отурат. Ал күн да алыс эмес”,- деген элем. Мына, кечээ суракка чакырылды. Таба эмес, тобо! “Кимге көр казсаң, акыры өзүң түшөсүң” деп бекер айтылбайт да. Ошондуктан бүгүнкү бийликтин каталары, туура эмес кылып жаткан иштери да акыры чыгат, ага жооп берчү күн келет. Биз азыр эч кимге: бийликке, сотко, парламентке ишенбей калдык, үмүтүбүз эле силерде, журналисттерде калды. Аида Салянованы колдоп, ал боюнча болгон чындыкты чагылдырып, тилектиштик кылсаңар эле акталып, үй камагына чыгат эле. Силердин тилектештигиңер менен Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимов кызматтан кетти го. Учурдан пайдаланып ММКга кайрылып кетейинчи, урматтуу журналисттер, Саляновага тилектештик кылып койгулачы. Үмүт силерде гана калды. Антпесек Аида Салянованын ден соолугун таптакыр талкалап алабыз. Анын саламаттыгына кош көңүл кылып, начарлаган абалын эске албаган соттон эмнени күтсөк болот? Анткени алар өткөндө, 5-июлда үлбүрөгөн үмүттү да өчүрдү.

 

Маектешкен Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.