Зарылбек Рысалиевдин абалы жакшырып калыптыр. Эми камалабы?

Зарылбек Рысалиевдин абалы жакшырып калыптыр. Эми камалабы?

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус экенин Таш-Дөбө (Воронцовка)  кыштагындагы Кыргыз улуттук курортология институтунун жетекчисинин орун басары Махмуд Султанмуратов «Азаттыкка» билдириптир. Анын айтымында, Рысалиевдин абалы жакшы, бирок дагы дарыланышы керек экен.

Эскерте кетсек, Рысалиев ИИМге суракка 7-июнда чакырылып, Батукаев боюнча сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилгени тараган, дарыгерлер аны ал-жаны калбай караган. Аны дарыгерлер президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада июлдун башына чейин аздектеп карап, акыбалы жакшырбай жатканын кайра-кайра айтышкан. Андан кийин, 2-июлда Таш-Төбөдөгү курортко которуп жиберишти. Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев сөзсүз жоопко тартылышы керек! Салянованын ордуна ушул адам отурушу керек!

Саляновага салыштырмалуу “слабый” эркек экен

Рысалиевге караганда Салянованын саламаттыгы өтө начар. Толтура диагноз коюлган. Жүрөгүнө операция болот деп даярданып атканда абакка алып кетишкенин анын адвокаты Рабига Садыкова айтып эле келатат. Кечээ да абалы начарлап баратканын айтты. Жок дегенде дарыланууга жөн жаткырышпай, дароо абакка алып кеткендеринин өзү туура эмес! Салянованы үй камагына чыгарып койсо эле суракка келип турмак. Эмне деген бийлик? Атамбаевдин убагындагыдай эле тандалма болууда. “Атамбаевдин көчүн улайм” деп бекер айтпаптыр Жээнбеков. Досунан өзгөчө тандаган жагын жакшы үйрөнүптүр. Башка сөз жок! Болбосо жалган жалаа менен отурган Текебаев менен Чотонов эркиндикке, Салянова үй камагына чыкмак.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.