Жол кырсыгында каза болгондорго президенттин кудасынын уулу күнөөлүүбү? Депутаттын аты аталды…

Жол кырсыгында каза болгондорго президенттин кудасынын уулу күнөөлүүбү? Депутаттын аты аталды…

Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Алардын айтымында, жол кырсыгында каза болгондордун жакындары аларга кайрылып, болгон чындыкты айтып беришкен. Тагырагы, маркумдардын жакындары “Азаттыкка” кайрылып, ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы Темирлан Токобеков кырсыктаган «BMW X7» машинесин башкарып баратканын, бирок учурда кылмышты жашыруу, милиция кызматкерлери тарабынан автоунаадагы видеолорду өчүрүп, окуяны бурмалоо аракети көрүлүп жатканын жана кырсыкка өлгөн балдарды күнөөлүү кылып коюу далалаты жүрүп жатканын айтып беришкен.

Ушундай эле окуяны «Кактус» сайты жазып чыкты, алардын айтымында автомобиль Токобековго катталган.

Сабыр ЖУМАБЕКОВ: «Токобековдун абалы оор…»

Темирлан Токобековдун учурдагы абалы боюнча «Спутник» сайтына ортопед Сабырбек Жумабеков айтып берген. Анда: «Аталган жол кырсыгынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да жаракат алганы айтылган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков депутаттын абалы оор экенин билдирди. «Абалы оор, бизге мурдагы күнү түшкөн. Мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынып кеткен. Ал арткы орундукта жүргүнчү болуп бара жаткан экен», — деди Жумабеков«,-деп жазылган аталган сайтта.

Темирлан Токобеков деген ким?

Аты аталып жаткан Темирлан Токобеков 25 жашта. «Республика-Ата Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинде депутат. Атасы Алиярбек Абжалиев Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, президенттин жалгыз кызы Бактыгүлдүн жолдошу Атабектин иниси, Бактыгүлдүн бир тууган кайниси.

Кырсык болгон жана катталган жер

Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына караганда, кырсык 7-июлда таңга маал, саат 4.30дар чамасында болгон. Бактуу-Долоноту айылында катталган. «Lexus» жана «BMW Х7» кагылышып, «Lexsus» автоунаасындагы үч киши каза болгон. Милициянын айтымында, «BMW Х7» Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышкан. Милиция машиналардын бирин Темирлан Токобеков башкарып баратканы тууралуу маалымат берген эмес. Ал Чүй облусунун тургуну рулда болгонун, кырсыкка ким күнөөлүү экени экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болоорун билдирген. Экспертизага да ишенүү кыйын? Азыр баарына ишенүү кыйын болуп калды. Бул окуя Атамбаевдин бийлигиндеги ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун уулунун жол кырсыгына окшошуп жатат. Тобо!

Жол кырсыгынан жабыркаган төртүнчү адам каза болду

Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Алардын маалыматына таянсак, окуя болгон күнү Б.уулу Б. аттуу жигит ооруканага жеткирилип, каза болгон. Ал эми К.Б. аттуу 24 жаштагы жигит түндө, 9-июлга караган түнү көз жумган. Кырсыктан жабыркаган эки жаран алгач Чолпон-Ата шаардык ооруканасына түшүп, биринчи жардамды алгандан кийин Бишкекке алынып келинген, учурда дарыланууда.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.