Аида Салянованы боштондукка чыгаруу боюнча 7 миң тарапташы президентке кайрылуу жөнөттү…

Аида Салянованы боштондукка чыгаруу боюнча 7 миң тарапташы президентке кайрылуу жөнөттү…

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тарапташтары, партиялаштары Каныбек Мырзаканов менен Асия Сасыкбаева 7 миңден ашуун адамдын колу коюлган кайрылууну президенттин кабылдамасына бүгүн тапшырышты. Алар президенттен үмүттөнүп, өз көзөмөлүнө алаарына ишенип  жатышканын айтышты.

“Аида Салянованын күнөөлүү эместигине терең ишенебиз”

Президентке тапшырылган кайрылууда Аида Жеңишбековнаны боштондукка чыгаруу менен бирге анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү жана ал ишти президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алышын өтүнүшкөн. Ошондой эле анын укугу тебеленип жатканын, апасы ооруп жатканын, кичинекей кызы чыркырап апасын издеп жатканын баса белгилешкен. Андан тышкары, алар президенттин былтыр адам укугунунун тебелениши боюнча сүйлөгөн сөзүн эскертишкен: “Эгерде мыйзамдар бузулуп, адам укугу тебеленсе, мен жалпы калайык калк шайлаган Президент катары кайсыл тармакта болбосун өзүм аралашканга туура келет… Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдардын дарегине багытталган ар бир маанилүү арыздарды жеке көзөмөлүмө алам” – деген элеңиз”,- деп, Аида Салянованын актыгына ишенишээрин баса белгилешкен. “Биз Аида Салянова күнөөлүү эмес экенине терең ишенебиз. Бирок анысын сотто далилдеп бергенге чейин, Сизди адам укугу менен эркиндигинин кепилдиги катары бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, баш коргоо чарасын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз”,-деп кайрылууну бүтүрүшкөн. Кайрылууну толугу менен төмөндө окуй аласыздар!

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Ш.Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Коррупция кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалына балта чаап келет. Муну бардыгыбыз жана ар бир кыргызстандык түшүнүп калды. Ар дайым коомчулук алдында чыгып сүйлөгөнүңүздө коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө чакырык таштап, айтып келесиз. Бул көкөй кескен дартка каршы коомчулук биригүүгө даяр турат. Бирок, ошону менен бирге Кыргызстанда коррупция гүлдөп-өсүп жатканы айдан ачык эле болуп калды. Ал эми эң осолу – эч күнөөсү жок жарандарыбыз кылмыш ишине тартылып жатканы болууда.

Кыргыз Республикасынын мурдагы башкы прокурору, экс-депутат Аида Салянованын камакка алынып, Бишкек шаарынын №1 Тергөө изоляторуна киргилиши – буга таасын мисал. Наристе кызы бар энени кармап, абакка кармоо бардык мусулмандардын жана жалпы кыргызстандыктардын ыйык майрамы болгон Орозо айттын алдында же бүткөндөн кийин эмес, дал ыйык ай учурунда жүргүзүлгөнү —  адамгерчиликсиз мамиленин, гумандуулук менен мыйзамдуулуктун принциптерин тебелеп-тепсөөгө тете болуп калды. Чындап эле – же бир күн эрте эмес, же бир күч кеч эмес! Бул эмнени айгинелейт? Соттук өзүм билемдикти жүзөгө ашыргандар мыйзамдуулук менен гумандуулуктун принциптерин гана сыйлабай койбостон, жалпы адамзаттык принциптер менен Жараткандын шариятын каакы ордуна көрбөгөндүгү катары эсептеп калдык.

Мындан бир нече мезгил мурун эле Аида айым ар түрдүү паракорлор менен күрөшүүнүн символу болуп жаткан. Бирок, тилекке каршы, мурдагы атамбаевдик бийлик жалган жалаа жаап, бул ажыдаар менен болгон күрөшүн жокко чыгарып, өзүнө, жакындарына ойдон чыгарылган негизсиз кылмыш иштерин козгоп, карандай калп менен каратып туруп эле соттоп жиберишти. Эми болсо өзүн кылмышкер А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча коррупция боюнча башкы күнөөкер катары айыптоого аракет кылып жатышат. Бир аз да болсо укук маселесин түшүнгөн юрист болобу же билимдүү эле жөнөкөй киши болобу, бул чечим мыйзамсыз, акылга сыйбай турган, эч кандай логикасы жок чечим экенин дароо түшүнөт. Бул кадимки эле фарс. Кечээ эле өз кожоюндарынын сөзүн эки кылбай аткарган немелердин жалаасы менен эле “бүтүм” чыгарылганы түшүнүксүз, бүгүн алар өз жандарын сактап калуу үчүн өз энесин да сатканга даяр турушкандай. Натыйжада бул иш буйрутма мүнөздө экенин ачык эле айтсак болот, ал эми буйрутманы өз учурунда Аида Салянова тайманбастан күрөшүп келген тарап берип жатканы кашкайып эле көрүнүп калды.
Ушунун негизинде укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери, алардын соттор тарабынан мыйзамдаштырылганы кайталанып жатышы Атамбаев тушунда адатка айланган эле, бүгүнкү күндө ошол чыйыр уланып, мыйзамдар менен адам укуктарын тебелегендердин кызыкчылыктары үчүн иштеп, өз эрежелерин таңуулап келишет.

Сөзүбүз куру болбосун үчүн айыптоолор менен тергөөнүн, соттун жүйөөлөрүнө каршы жана алардын кыймыл-аракеттеринин мыйзамсыз жана абсурд экенин көрсөткөн юридикалык аргументтерге гана таянган орчундуу жүйөөлөрдү келтире кетели.

Ошентип, 2019-жылдын 5-июнунда А.Ж.Салянованын колуна КРнын Кылмыш кодексинин 4-бөлүмүнүн 43-беренеси, 2-бөлүмдүн 319-беренеси боюнча кылмыш кылганга шектүү деген Билдирмени тапшырышкан. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук тергөө соту А.Субанкуловдун 2019-жылдын 5-июнундагы токтомуна ылайык КРнын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурорунун өтүнүнчү канаатандырылып, А.Ж.Салянованы камакка алуу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

А.Саляновага карата сотко чейинки иш алып баруу мөөнөтүндө абакта кармоо баш коргоо чарасы колдонулган, башкача айтканда, 2019-жылдын 26-июнуна чейин КР Өкмөтүнүн алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде кармоо аныкталган.

Бул токтом төмөндөгү жагдайларга ылайык мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз:

  1. Шек саноо билдирмесинде А.Салянова тергөө аныктай элек Кыргыз Республикасынын жогорку кызматтардагы тараптар менен сүйлөшүп алып, кримтөбөл А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыштуу планды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөнү айтылат.

Сотко чейинки иш алып барган органдын мындай жүйөөсү мыйзамсыз жана эч негизи жок, анткени сүйлөшүп алганы жөнүндө тараптар аныкталганда гана сөз болушу мүмкүн. Ал эми билдирмеде “аныктала элек тараптар менен сүйлөшүп алып” деп турат.
2. А.Саляновадан өзгөчө оор кылмыштан шек саноо болгону мурдагы атайын прокурор М.Акматалиевдин көрсөтмөсүнө гана таянышкан, ал бул көрсөтмөнү 48 саатка камакка алынгандан кийин эркиндикке чыгуу үчүн соодалашып, жоопкерчиликтен кутулуу үчүн көрсөтмө берген.

М.Акматалиевдин көрсөтмөлөрү жалган жана иш боюнча башка эч кандай далилдер менен аныкталган эмес. Тергөөчү А.Салянова менен М.Акматалиевди көзмө-көз жолуктуруп, ошол замат А.Салянованын тиешеси бар деген жыйынтык чыгарып, мыйзамсыз камакка алып, далилдерди чогултуу боюнча тиешелүү деңгээлде тергөө аракеттерин көргөн эмес, шектүү саналган адам бул кылмышка тиешелүү экендигин далилдеген башка далилдер менен салыштырылбаган.

Биринчи май сотунун А.Саляновага карата камакка алуу чарасы негизсиз, анткени Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 109-беренесинде каралган жагдайлар эске алынган эмес:

Ден-соолугунун абалы, шек саноонун жүйөөлүү болушу, инсан жөнүндө оң маалыматтар, азыркы убактагы ишмердүүлүгү, үй-бүлөлүк абалы жана башка жагдайлар. Бул жагдай-шарттар баш коргоо чарасы менен анын түрүн аныктоо учурунда эске алынышы керек эле. А.Ж.Салянованын медициналык опурталдуу диагнозу бар – Улуттук кардиология институнун врачтары тастыктаган эки жүрөк оорусу (2 порока сердца) бар. Жүрөк оорусу өтүшүп жатканы стресс менен ойго чөгүү менен байланыштуу. Кичинекей кызын ойлогон кайсыл эненин жүрөгү ойго батпайт? Абакта кармоо менен А.Салянованын ден-соолугуна доо кетирип жатабыз, мындан ары да камакта кармала берсе, өмүрүнө коркунуч туулары анык (тиешелүү медициналык кагаздарды кошо тиркедик).

  1. Ошондой эле сот А.Субанкулов баш коргоо чарасын карап жатып, А.Салянованын кандай инсан экендигин, үй-бүлөлүк абалын жана башка жагдайларды эске албады. А.Салянованын жолдошу бар, үч баланын энеси. Эң кенже кызы 4 жашка чыга элек, күнүгө энесинин камкордугуна муктаж.

Мындан тышкары А.Салянова бир тууган иниси Улан Саляновдун өлтүрүлгөн кылмыш иши боюнча Биринчи май сотунда жабыр тарткан тараптын өкүлү болуп эсептелет. А.Салянованын апасы уулунан ажырап, эми минтип кызына карата түзүлгөн кырдаалдан улам ден-соолугу аябай начарлап кетти.

А.Салянова тергөө иштери менен соттон жашынууга ниети жок, юрист катары өз укуктарын жакшы билип, жоопкерчилигин түшүнүп эле турат. Өзү “Аида Салянованын инновациялык долбоорлору” аттуу долбоордо мугалимдик кылат, ал долбоор жарандарды мамлекеттик кызматка даярдайт, юридикалык кеңештерди берет.

Мындан тышкары, сот чечим чыкканга чейин күнөөлүү эмес деген презумпция принцибин колдонуп, жүйөөлүү чечим чыгарууга тийиш эле. Жүйөө келтирген бөлүмүндө соттун токтому айып койгон тараптын келтирген фактыларын гана көчүрүп, конкреттүү жана негиздүү аргументтерди келтирген эмес.
А.Салянова тергөө менен соттон жашынууга ниети жок экенин дагы бир жолу баса белгилеп кеткибиз келет, ал адилет сот болуусуна тоскоолдук жаратпайт, укуксуз иш алып барбайт, өзүнүн күнөөсү жок экенин сот тартиби боюнча далилдегенге даяр.

Өзүңүздүн коомчулуккка чыгып сүйлөгөн сөздөрүңүздүн биринде, тагыраак айтсак, 2018-жылдын 8-фералында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сиз мындай билдирүү жасадыңыз эле: “…Эгерде адилетсиздик болсо же мыйзам бузулса, буга мен кайдыгер карай албайм… Ошондуктан, эгерде мыйзамдар бузулуп, адам укугу тебеленсе, мен жалпы калайык калк шайлаган Президент катары кайсыл тармакта болбосун өзүм аралашканга туура келет… Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдардын дарегине багытталган ар бир маанилүү арыздарды жеке көзөмөлүмө алам” – деген элеңиз.
Чыгышта сөзгө туруу баарынан кымбат экени калетсиз. Биз Аида Салянова күнөөлүү эмес экенине терең ишенебиз. Бирок анысын сотто далилдеп бергенге чейин, Сизди адам укугу менен эркиндигинин кепилдиги катары бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, баш коргоо чарасын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз.

Салянованын саламаттыгына көңүл буруу боюнча кат

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп кетишине байланыштуу ИИМ 3-июнда суракка чакырып, 48 саатка камакка алган. 15-июнда ооруканага которулуп, ал жерде 14 күн гана дарыланган. Ал жүрөгүнө операция болоорго даярданып жатканда күтүүсүз жерден кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Буга апасы, туугандары, адвокаттары, тарапташтары нааразы болуп келет. Ошондон улам, президентке аргасыздан кайрылуу жөнөтүштү. Буга чейин Аида Салянованын адвокаты Р. Садыкова Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборуна кат жөнөткөн. Аталган борбор Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Салянованын саламаттыгына көңүл буруу боюнча кат жөнөткөн. Ал эми ЖАМК болсо, дайыма эле “саламаттыгы көзөмөлдө, баары жакшы” деп келет.

Биз дагы президент Сооронбай Жээнбеков бул кайрылууну окуп, ага кайдыгер карабайт деген үмүттөбүз жана аны өз көзөмөлүнө алат деген ишеничтебиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.