Бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов боштондукка чыгабы? Келиңиз, чогуу көрөбүз!

Бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов боштондукка чыгабы? Келиңиз, чогуу көрөбүз!

Ошентип көптөн бери күткөн күн да келди. Бүгүн, 16-июлда, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго байланыштуу ишти Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карайт. Сот отуруму саат 16:00до башталат.

Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын жоруктары…

Эки саясатчынын адвокаттары кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону буга чейин деле соттордон өтүнүп келишкен. Тилекке каршы, алар аны четке кагып, өкүмдөр өзгөртүүсүз калтырып келишкен. Мындай өтүнүч катты ага чейин Башкы прокуратурага жөнөтүшкөн, бирок, ал да аны аткаруудан баш тарткан болчу.

Башкы прокуратура демекчи, Атамбаевдин бийлигинде ажонун айтканын эки кылбаган башкы прокурор Индира Жолдубаева деген бар эле. Ал 2017-жылдын 25-февралында андагы депутат, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде УКМК (бул мекеменин жетекчиси Абдил Сегизбаев болчу, ал дагы Атамбаевдин буйругун аткарып турчу – авт.) Өмүрбек Чиркешовичти кармаган эле. Тагырагы, 2017-жылдын 26-февралында, түнкү саат үчтөрдө Венадан Европа Кеңешинин Парламенттик ассамлеясынын жыйынынан Бишкекке учуп келгенде “Манас” аэропортунан кармап кетип, Коопсуздук органынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камашкан. Айрым бир жагдайларды тактоо үчүн, ошол эле күнү таңкы саат 6:30да Д.Чотоновду да  УКМКга алынып келинген. Ошондон бери экөө абакта жалган жалаа менен отурат. Эки жыл мурунку Башкы прокуратура Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясы боюнча орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган” деп айыптаган. Орусия жараны, шылуун (азыр түрмөдө) Маевскийдин жалган жалаасы менен айыпталып, Атамбаевдин көрсөтмөсү менен камакка алынганын ар  бир кыргыз жакшы билет. Ошол эле жылы судья Айбек Эрнис уулу 8 жылга кесүү боюнча чечим чыгарган. Атамбаевдин буйругун аткарып, ага “ажаат” ачып берип, калктын каргышына калган. Ал жөнүндө учкай айтып берели.

Атамбаевдин “сүйүктүү” судьясы Айбек Эрнис уулу деген ким?

Айбек Эрнис уулу Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында 1974-жылы төрөлгөн.45 жаштагы судья сот болгонго чейин ИИМде, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта көп жыл тергөөчү болуп иштеген. 2015-жылы сот тармагына келген, анда да Атамбаевдин купулуна толгону үчүн келгени айтылган. И баса, ага чейин (2008-жылы) андагы премьер-министр Николай Танаевге карата Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишин да тергеген, бирок, ал иш сотко жетпей жабылып калган. “Мөөнөтү өтүп кетти” деген негиз (шылтоо) менен сотко жетпей калган. Анда аты чыккан эмес, анын “атак-даңкы” Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматовдун ишин карап жатканда чыккан. Учурда Атамбаевдин сүйүктүү жакын адамдары: экс-премьер-министр С.Исаковдун, мурдагы мэр А.Ибраимовдун, И.Илмияновдун тергөө иштерин карап, аларга чечим чыгарып келүүдө. С.Исаковдун адвокаты “Текебаевдин ишин караган судьяга ишенбейм, башка судья бериңиз”,-деп арыз жазган, ал канааттандырылбай калган.

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева Айбек Эрнис уулун “адилеттүү сот” деп мактап келген, тагырагы, “сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы көрсөткүчкө жетишкен” деп ага терең ыраазычылык билдирген. Бул “адилеттүү сот” бильярдды мыкты ойноору да айтылып келет.

Өмүрбек Текебаевдин азыр абалы кандай?

Көп жыл мурун бел омурткаларына операция жасалган. Ошону текшертиш үчүн Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна (30-июнда) жаткырылган. Учурда ошол жерде дарыланууда. Ага чейин М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланган. Аталган борборго көп эле жатып, дарыланып чыккан.

Өмүрбек Чиркешович өзүнө карата козголгон ишти четке кагып, Атамбаевдин буйругу менен УКМК тарабынан атайын пландалганын айтып келген. Ал Атамбаевдин өтө байыган байлыгын ачык эле айткан. Өзгөчө 2010-жылдан кийинки байлыгын иликтеп, президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн. Андагы “кошоматчы”, “эки жүздүү, коркок” депутаттар (Атамбаевден коркпого аз эле депутаттар болгон -авт.) колдомок түгүл, көңүл бурушкан эмес. Атамбаев кеткенден кийин жанданып, сүйлөп калышты го, чиркин. Атамбаевдин кезинде парламенттен Өмүрбек Чиркешович көтөргөн маселенин баары азыр парламентте көтөрүлүп, айтылып, анын саясатта, Жогорку Кеңште орду чоң экенин депутаттардын көпчүлүгү азыр моюндап отурат. Бекеринен убагында: “Чындык бир тарапта, ал акыры орнойт”,-деп Өмүрбек Текебаев айткан эмес да.

Президенттин айткандары..

Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасын ишке ашырууну убада берип эле келатат. Кыргызстан жарандарынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин баса белгилеп, “эгерде кимдир бирөөнүн укугу тебеленсе, туура эмес мыйзам жүргүзүлсө кайрылуу менен кайрылышсын, сайтка чыгаргыла, окуйбуз”,-деп айткан эле. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүп, угуңуз!

Мына, окурман, Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун укугу тебеленип, туура эмес мыйзам жүргүзүлгөнүн айтып эле келатабыз. Атүгүл, коррупционер Атамбаевдин атын атап эле жатабыз. Ага беш айып деле тагылды. Суракка деле чакырылып, ал тоотпой жатат. Бийлеп, чардап эле жүрбөйбү. Кана ага чара көрүлгөнү?.. Президент өзү “коррупционерлердин атын ачык эле айткыла”,-деди эле го. Эми кандай болгон күндө да бүгүн үмүт үзбөй туралычы. Бүгүн акталып, абактан бошотулуп калышаар. Жогорку Соттун алдына келиңиздер, соттун чечимин чогуу-чаран угалы!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.