Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Атамбаев Текебаевди колдогон жок, анткени…”

Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Атамбаев Текебаевди колдогон жок, анткени…”

Кечээ, 16-июлда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго тиешелүү ишке жаңы ачылган жагдайлар тууралуу сот отуруму болмок. Ал августка жылып калды. Текебаев тууралуу журналисттер Атамбаевге суроо беришкенде, ал “парламентке Текебаевдей адамдар абдан керек”,-деп айткан. Аны көпчүлүк сайттар ушундай тема менен колдоп жаткан кишидей көрсөтүп жазып жиберишкен. А чынында ал колдогон эмес, ал башка мааниде айткан.

Атамбаевдин айткандарын Эмилбек Каптагаев туптуура баамдаптыр. «Атамбаев эми Текебаевди колдоптур, бети жок…» деген сыяктуу посттор, комментарийлер бул жерде жайнап кетти… Чынында эле Атамбаевде бет деле калбаптыр, калпты чындай койгулап айткандан алдыга эч кимди салдырбай калды… Бул талашсыз факт. Бирок, жогоруда айткан сөзүндө Атамбаев Текебаевди эч кандай колдогон жок, муну так айтып, так түшүнсөк жакшы болот. «Текебаев учурда Парламетке керек…» дегени колдогону, бекер камап салыптырмын деп күнөөсүн моюнга алганы эмес… Анткени ал, биринчиден, Текебаевдин күнөөсү сотто далилденген”,- деди. Бул, албетте, калп сөз. Экинчиден, “Текебаев өз жазасын алды, жетишерлик отурду түрмөдө,- деди. Бул дагы жанын жегендик… Бейкүнөө камакта отурганын тангандык…. Ал эми анын «…Текебаев түрмөдө Атамбаевдин учуруна караганда Жээнбековдун учурунда көбүрөөк убакыт отурат…» деп жылаандын башын кылтыйтканында чындык бар… Чынын айтканда, Текебаев менен Чотонов мындан бир жарым жыл мурда, Атамбаевдин былык иштеринин бети ачыла башталышы менен эле боштондукка акталып чыгыштары керек эле… Улам созуп, улам арылатып камакта кармап отургандары коомчулукка түшүнүксүз бойдон калууда...”,- деп  Эмилбек Каптагаев “Фейсбуктагы” баракчасына бүгүн жазды.

Атамбаев Текебаев тууралуу…

Атамбаевдин кечээ (16-июлда, Кой-Таштан) айткан сөзү: “Факт сотто далилденген, бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамбаевге салыштырмалуу Сооронбайдын убагында көбүрөөк отурат…”

Атамбаев ишеничтен калганы качан…

Атамбаевдин бир дагы сөзүнө ишенбеш керек. Анткени ал ишеничтен калган адам. Кечээ эле досун мактап, жактап, жөнөкөй тил менен айтканда, өлүп-тирилип атып президент кылды эле. Аны көмүскөдө жатып алып башкара албай калган планы ишке ашпай калгандан кийин гана жамандап отурат. Ал эч кандай оппозиционер эмес. Ич күйдүлүк, бугун гана чыгарып жатат.  Ушундан эле жыйынтык чыгаруу керек, ал кандай адам экенин. Өзүмчүл, калпычы, жанын жеген адам. Алты айыпты да четке кагып жатат. Туптуура эле коюлган. «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деген кыргыздын макалы так ушул Атамбаевге туура келет. Ал ажо болуп турганда өтө жаман, ыплас иштерди кылды, өз жашоосун гана оңдоп кетти. Шоопур, жансакчысынан өйдө жакшы көргөн адамдарын таасирлүү кызматтарга көтөрдү, ал аз келгенсип аларга орден, медал, наамдарды берди, аябай байытты. Неге аларга наам, сыйлык берди, өзүнө жакшы кызмат кылган үчүн?! Өзүмчүл адам, ал элди ойлобойт, өзүн гана ойлойт. Эмнеге ал алигүнчө Батукаев боюнча камакка алынбайт? Ал ишке түздөн түз ушул кишинин тиешеси бар. Ал буйрук бербесе, кримтөбөл эч качан камактан мөөнөтүнөн мурда бошомок эмес. Ушуну да жанын жеп танып жатат. Же кечээги досу ушуну түшүнбөйт. Аны Кой-Ташта «чалчактатпай» эртерээк камабайбы. Бийлеп жүрөт уялбай. Салянованын ордуна Атамбаев отурушу керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.