Сабырбек ЖУМАБЕКОВ: «Текебаевге операция жасайлы десек жүрөгүндө маселе бар экен»

Сабырбек ЖУМАБЕКОВ: «Текебаевге операция жасайлы десек жүрөгүндө маселе бар экен»

Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков бүгүн “Азаттыкка” билдирген. “Мурда белинен операция болгон экен. Ал жерде дагы эки грыжа чыгып, омурткалары да бошоп калган. Операция жасайлы десек жүрөгүндө да маселе бар экен. Азыр кардиологдор карап жатат. Ошондон кийин омурткасына операция жасайбыз,-деген С.Жумабеков.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Травматология жана ортопедия борборуна 30-июнда которулган. Ага чейин М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланган. Кечээ, 16-июлда анын ишин Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону баштаган. Тилекке каршы, сот отуруму болбой калган. “Иш көлөмдүү болгондуктан убакыт керек» деген негиз менен 21-августка жылдырылды. Ал күн да алыс эмес. Жаңы жагдайлар жардам берип, акталып калаар. Ага чейин операциясы ийгиликтүү өтүп, тезирээк сакайып кетишин каалайбыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.