Исаков үй камагына чыкты. Текебаев, Чотоновдун соту улам жылып келет. Жогорку соттун ушу кылганы туурабы?

Исаков үй камагына чыкты. Текебаев, Чотоновдун соту улам жылып келет. Жогорку соттун ушу кылганы туурабы?

Жогорку Сотту эмнеге күнөөлөп жатабыз? Түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтып берели. 16-июлда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин “дагы убакыт керек” деген негиз (а чынында шылтоо –авт.) менен августка жылдырып койгон эле. Ал эми гектарлаган жерлерди сатып, “коррупция” беренеси менен жети жылга кесилген (Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мурдагы депутаты) Музаффар Исаковдун ишин Жогорку Сот карап, аны кайрадан карап чыгууну биринчи инстанцияга, тагырагы, Сузак райондук сотуна 3-июлда эле жөнөтүптүр. Алар Исаковдун ишин 15-июлда карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарыптыр. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады. Анын үй камагына чыкканы бүгүн гана маалым болуп, коомчулук билип отурат. Жогорку Соттун ушу кылганы туурабы? 16-июлда Текебаев менен Чотоновдун деле ишин кайра карап чыгуу үчүн биринчи инстанцияга жиберсе болот беле? Бул эмне деген шумдук? Бул бийлик деле соттоодо, актоодо тандалма кылып жатат. Аттиң, качан соттор оңолуп, өз алдынча иш алып барат, ыя?..

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылдын февралында «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага “Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп жаткан учурунда (2010-2015-жылдары) 315 токтомду мыйзамсыз чыгарган” деп айып тагылган. Былтыр, Жаңы жылдын алдында (24-декабрда) Исаков мандатын тапшырган. Быйыл 14-майда Жалал-Абад облустук сотунун чечимине ылайык Музаффар Исаков Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (“Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат”), 320-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынган болчу. Эки айдан кийин минтип үй камагына чыгып отурат. Текебаев менен Чотонов деле үй камагына чыкса болбойбу? Өмүрбек Чиркешович ооруп, дарыланууда. Операция да болгону турат. Эмнесинен операция болоорун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот. Эки саясатчы жөн эле жалган жалаа менен абакта отурушат. Ушул өңүттөн алганда, азыркы президент мурунку президенттин көчүн улап келет…

 Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.