Текебаевди соттогон судьянын тамагын ичирбей койгон кыздар… (ВИДЕО)

Текебаевди соттогон судьянын тамагын ичирбей койгон кыздар… (ВИДЕО)

Бул видеодогу Атамбаевдин сүйүктүү судьясы Айбек Эрнис уулу. Атамбаев бийлигинде ал анын көзүн карап, айтканын эки кылбаган судья болчу. Өмүрбек Текебаевди жалган жалаа менен 8 жылга кесүү чечимин чыгарып, элдин каргышына калган. Ал Бишкектеги кайсы бир кафеде тамактанып жаткан жерине кыздар барып, ага ыңгайсыз суроо берип, тасмага тартып, тамагын аш кылбай коюшуптур. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүздөр!

Айбек Эрнис уулу деген ким?

Айбек Эрнис уулун учкай тааныштыра кетели. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында 1974-жылы төрөлгөн. 45 жаштагы судья сот болгонго чейин ИИМде, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта көп жыл тергөөчү болуп иштеген. 2015-жылы сот тармагына келген, анда да Атамбаевдин купулуна толгону үчүн келгени айтылган. И баса, ага чейин (2008-жылы) андагы премьер-министр Николай Танаевге карата Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишин да тергеген, бирок, ал иш сотко жетпей жабылып калган. “Мөөнөтү өтүп кетти” деген негиз (шылтоо) менен сотко жетпей калган. Анда аты чыккан эмес, анын “атак-даңкы” Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматовдун ишин карап жатканда чыккан. Учурда Атамбаевдин сүйүктүү жакын адамдары: экс-премьер-министр С.Исаковдун, мурдагы мэр А.Ибраимовдун, И.Илмияновдун тергөө иштерин карап, аларга чечим чыгарып келүүдө. С.Исаковдун адвокаты “Текебаевдин ишин караган судьяга ишенбейм, башка судья бериңиз”,-деп арыз жазган, ал канааттандырылбай калган.

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева Айбек Эрнис уулун “адилеттүү сот” деп мактап келген, тагырагы, “сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы көрсөткүчкө жетишкен” деп ага терең ыраазычылык билдирген. Бул “адилеттүү сот” бильярдды мыкты ойноору да айтылып келет. Бильярд ойноп, курсагы ачып, тамактанып отурса керек да. Анын жүзүн ар бир кыргыз билет, себеби, ал жалган жалаанын негизинде, ак адамды каралагандыгы менен элдин эсинде элеси калды. Өмүр бою жууса да кеткис так калтырды. Бул чети эле. Дагы алдыда көптөгөн «кордукту» көрөт бул судья.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.