Жеңиш Молдокматов менен Олжобай Шакир каерден жолугуп, эмнени сүйлөштү?

Жеңиш Молдокматов менен Олжобай Шакир каерден жолугуп, эмнени сүйлөштү?

РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Олжобай Шакир улуттук адабияттын казынасын байытуу максатта котормочуларга конкурс уюштуруп келет. Быйылкы конкурска 62 котормочу катышып, 12 адам жеңип чыккан. Алардын аттары 1-июлда аталганы менен сыйлыктарын алган эмес. Себеби, Олжобай Шакир сыйлыктарды тапшыруу аземи 19-июлда «Супара» этно-комплексинде салтанат менен тапшырылаарын жана ар бир жеңүүчү акчалай байгелерден сырткары диплом менен сыйланаарын айткан. Ошол күн келип, сыйлык ээсинин колуна тийди. Мындай иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер жана конкурстун демөөрчүсү, “Замандаш” партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматов катышып, сөз сүйлөп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырышты.

Демөөрчүлөргө ыраазычылык

Акын, котормочу Олжобай Шакир: “Улуттук адабиятты акын-жазуучулардан мурда меценаттар көтөрөт”,-деп конкурстун демөөрчүлөрүн (Жогорку Кеңешинин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен “Замандаш” саясый партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовду) атады. Эки эр-азаматка терең ыраазычылыгын билдирип, аны менен катар бул конкурс Жеңиш Молдокматовдун демилгеси, демөөрчүлүгү менен уюшулганын баса белгиледи.

Жеңүүчүлөргө акча кандай бөлүнгөн?

Олжобай Шакирдин айтымында, Турсунбеков менен Молдокматов жүз миң сомдон берген. 200 миң сом жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй бөлүнгөн. 1-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 30 000 (отуз миң) сомдон 90 000 (токсон миң) сом; 2-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 20 000 (жыйырма миң) сомдон 60 000 (алтымыш миң); 3-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 10 000 (он миң) сомдон 30 000 (отуз миң) сом ыйгарылат, о.э. атайы кызыктыруучу байгенин жеңүүчүлөрү үчүн үч калемгерге 2 миң сомдон 6 миң сом.

Жеңүүчүлөр кимдер?

“Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүн атай кетели.

Биринчи байгенин жеңүүчүлөрү:
А) Виктор Астафьев: “Алыскы түндүктүн зоокаларында” (№24) — Орусчадан оодарган Марсел Исаков.
Б) Али Сабахаттин: “Асфальттуу жол” (№43) — Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова.
В) Амброз Бирс: “Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя” (№49) — Англис тилинен которгон Азат Жапарбек.
Экинчи байгенин жеңүүчүлөрү:
А) Антония Буицца: “Курбулар” (№27) — Италиян тилинен которгон Миргүл Өмүралиева.
Б) Валентин Распутин: “Кемпир» (№34) — Орусчадан оодарган Мусакун Сатыбалдиев.
В) Эмир Калкан: “Жайлоонун гүлү” (№37) — Түрк тилинен которгон Салия Ибраимова.
Үчүнчү байгенин жеңүүчүлөрү:
А) Рубен Гальего: “Ак темгил жашоо” (№ 28) — Орусчадан оодарган Амирбек Азам уулу.
Б) Фёдор Достоевский: “Кызык адам түш көргөндө” (№52) — Орусчадан оодарган Эрмек Шооруков.
В) Ɵмер Сейфеддин: “Күлгүн бермет менен кооздолгон чапан” (№6) — Түрк тилинен которгон Арген Шабданов.
Кызыктыруучу байгенин жеңүүчүлөрү:
Лев Толстой: “Балалыктын батылдыгы” (№22) — Орусчадан оодарган Эрнис Асек уулу.
Антон Чехов: “Тергөөчү” (№ 47) — Орусчадан оодарган Тариел Амантуров.
Евгений Шварц: «Жоголгон убакыт жөнүндө жомок» (№ 60) — Орусчадан оодарган Бакытбек Жунусалиев.

Сыйлык — сиздики, сыймык – биздики

Жеңүүчүлөрдү сыйлыгы менен куттуктайбыз. Чыныбай Турсунбеков менен Жеңиш Молдокматовдой демөөрчүлөрдүн саны көбөйүп, улуттук адабиятыбыздын казынасы байый берсин. Ушундай жакшы ишти кылып жаткан Олжобай Шакир уулуна терең ыраазычылык билдиребиз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.