Атамбаевге кандай чара көрүү керектигин Конгантиев айтыптыр. Кимге дебейсиңерби?..

Атамбаевге кандай чара көрүү керектигин Конгантиев айтыптыр. Кимге дебейсиңерби?..

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге ИИМден үч жолу чакыруу кагазы барып, ал суракка барган жок. Ал биринчи чакырууда эле барбастыгын айткан. Үчүнчү кагаздан кийин, ал жердеги тарапташтары өздөрү эле: “Атамбаевди кармап кетет экен”,-деп дүрбөшкөн. Мындай сөздү Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева тараткан. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына: “Экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоого буйрук берилгени белгилүү болду. Милиция күч менен кармап алууну пландап жатат. Бул тууралуу бизге ишенимдүү булактар билдирди. Радикалдык чаралардын арты жаман болорун бийликтегилер унутуп калса керек«, – деп жазган. Анын минтип жазганын ИИМ четке кагып, “туура эмес маалымат таралган”,- деген.

КОНГАНТИЕВ: “Ар бир атуул мыйзамга баш ийиши керек!”

Атамбаевдин ушундай кылыгынан кийин, “24 kg” атактуулардын айрымдарына “эмне кылуу керек?”,- деген суроо менен кайрылышкан. Алардын ичинде Бакиевдин бийлигинде ИИМди башкарып турган жетекчи, жакында эле 2010-жылдагы кылган иши боюнча соттон аппак болуп акталган Молдомуса Конгантиев да бар. Ал мындай деп жооп бериптир: “Мындай абалдан кантип чыгыш керектигин азыр ИИМде иштеп жаткандар ойлонсун. Ал эми өзүмдүн оюмду айта турган болсом, ар бир атуул мыйзамга баш ийиши керек. Эгер ага баш ийбесе, анда ага чара көрүүнүн убактысы келет. Чакыруу келген соң суракка баруу керек. Эгер күнөөң жок болсо, анда суракка барып, аны далилдөөгө эмнеге болбосун. Чынында, эреже жөпжөнөкөй”.

ТУРДУКУЛОВ: “Биз дагы бийлейбиз”

И баса, Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө түнөп, Атамбаевди кайтарып жаткан тарапташтары бүгүн да Атамбаев менен Атамбаеванын көңүлүн көтөрүү концертин уюштурат. “Биз дагы бийлейбиз. 20-июлда, Кой-Ташка кыргыз эстрада ырчылары келет”,-деп Адил Турдукулов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Атамбаев менен аялы депрессияга түшүп жатса керек да. Жок дегенде концерт уюштуруп, көңүлүн көтөрүп коелу деп атышат да тарапташтары…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.