ВИДЕО: Бузова белекке алган калпак, чепкенди кийип, камчы менен ойноп, кыргыздарды катуу намыстантты…

ВИДЕО: Бузова белекке алган калпак, чепкенди кийип, камчы менен ойноп, кыргыздарды катуу намыстантты…

“Дом 2” реалити-шоудан чыккан Ольга Бузованы россиялыктар телевидениеге чакырып алып баруучу, актриса кылышты. Ырчы да болуп алган. Анын “Инстаграммда” 16 млн подписчиги бар. Ал баскан-турганын кое берип, өтө популярдуу болуп кетти. Мына кечээ, 19-июлда Бишкекке келип, кооздугуна суктанып социалдык тармактарда жазды. Ал борбордогу лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке конок катары чакырылган. Бир саат күйөрмандарына концерт койгондон кийин ага уюштуруучулар саймалуу чепкен, ак калпак жана камчы тартуулашкан. Бузова бөлмөсүнө барганда кийип көрүп, колуна камчыны алып, үстөлдү, жерди чапкылап ойноп, ырдап ырсаңдап, бийлеп жаткан тасма социалдык тармакка тарап, аны көргөн (киргиздер эмес), кыргыздар намыстанып жаткан чагыбыз. Баалуу белекти Бузова билмек беле? Аны кайда кийет? Ушинтип оюнчук эле кылат. Бишкектен кете электе эле ушундай кылып атса, өз жерине баргандан кийин биздин улуттук кийимди эмне кылаарын кайдан билебиз?..

Бузованын кылганын төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Чынында эле качан кыз кишиге калпак, чепкен, камчы тартууланчу эле? Улуттук кийимибиздин да баркы кетип баратат. Ар бир нерсенин өзүнүн тарыхы, баркы бар, аны түшүрбөш керек деп эсептейм. Буга чейин UFC`нин чемпиону, мушкер  Валентина Шевченко Бишкекке келгенде да башына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жабышкан. Анда да аттуу-баштуулар баш болуп, “кыз кишиге, дегеле аялга мындай белек болбойт” деп намыстанып, социалдык тармактарга пикирлерин жазышкан. Жазып отура бербей, улуттук кийимибиз кантип сактап калышыбыз керек? Ушул боюнча бир нерсе ойлоп көрбөйлүбү. Кандай дейсиңер?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.