Каталарга Кенекеев точка койгондой болду эле. Аттестат бүтүп, дипломдун катасы башталды…

Каталарга Кенекеев точка койгондой болду эле. Аттестат бүтүп, дипломдун катасы башталды…

20-июлда Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрүнө ката жазылган дипломдор берилгени тууралуу маалымат тарап, кайрадан ката маселеси кызуу талкууга түштү.

Убакытты уттуруп жаткан бүтүрүүчү

Медициналык академиянын бүтүрүүчүсү Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып, дипломуна «окууга кирди» деген сөз «окуугу кирди» деп жазылып калганын кабарлап, убакытты уттуруп жатканын айткан. «Мен Түркияга кетишим керек эле. Дипломду аларым менен дароо котормо агенттигине бергем. Анан эле группанын башчысы диплом ката жазылып калганын байкап, «Кайра чогулткула, оңдоп беришет экен»,- деди. Көбү чет өлкөгө кетип жаткан. Алар да мага окшоп акчасы күйүп, убакыттан уттурууда. Мисалы, мен дипломду которуу үчүн 4800 сом бергем. Эми оңдолгондон кийин дагы котортушум керек. Бул деген шермендечилик да. Кантип бир дипломду туура жазып бере алышпайт!»,— деп капаланган бүтүрүүчү.

Баш ооруткан каталар

Бул көйгөйлүү маселе боюнча аталган академиянын маалымат кызматы ката “Учкун” басмаканасынан кеткенин билдирген. Буга чейин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Каталар ызы-чуу жаратып, балдардын ата-энеси Билим берүү министрлигин күнөөлөп, министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылган. Аталган министрликтин басма сөз кызматы да “Учкунду” күнөөлөгөн.

Айыпталып жаткан басмакананын жообу…

Айыпталып жаткан “Учкун” басмаканасы мындан 5 күн мурун жооп берген. Тагырагы, Мамлекеттик «Учкун» ачык акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев журналисттер менен 15-июлда жолугуп, аларга аттестаттарды даярдоо боюнча технологиялык циклдарды жана басмакананын ишмердүүлүгү менен тааныштырган. Анда Кенекеев республика боюнча 61 000 окуучуга аттестат даярдалып берилгенин, ар бир аттестаттын баасы 18 сом 27 тыйынга туура келип, ал эми жыйынтык бааларынын жетишүү табелинин баасы 9 сомду түзгөнүн айткан. Андан тышкары, ал Кочкор районундагы Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин аталышынан кеткен ката боюнча териштирүү болуп, 25 даана аттестат “Учкун” ААКнун персондоштуруу бөлүмү тарабынан кеткендиктен, милдеттүү болгон аталган бөлүмдүн башчысы тарабынан келтирилген 502 сомдук зыян төлөтүлүп, жумуштан бошотулганын айткан. “Ал эми табелде жазылган “жөнүндөгү” сөзүндөгү ката Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Учкун” ААКнун тиешелүү адамдары, корректорлор тарабынан макулдашылып, тилекке каршы, “н” тамгасынын ордуна “ң” тамгасы жазылып калгандыгын министрликтин дагы, басмакананын дагы жоопту кызматкерлери байкабай калган. Бирок, мындай жазуу документти жараксыз деп эсептөөгө негиз болбогондуктан министрлик тарабынан алмаштыруу маселеси жаралган жок. Ошондой болсо дагы, “Учкун” ААКнун ички тартибине ылайык, өзүнүн милдетин так аткара албаган үч кызматкерибиз жумуштан бошотулуп, эки кызматкерибизге тартиптик жаза берилди. Жалпылап айтканда, коомчулукта талкуу болуп жаткан жалпы орто билим жөнүндө аттестаттарды даярдоодо “Учкун” басмаканасы тарабынан мамлекетке эч кандай зыян келген жок. Учурдан пайдаланып, элибизге туура маалыматты жеткирүүгө көмөк көргөзгөн басма сөз кызматынын өкүлдөрүнө жана бизди туура түшүнүү менен кабыл алып жаткан бүтүрүүчүлөргө, алардын мугалимдерине, ата-энелерге “Учкун” ААКму ыраазычылык билдирет”,-деп сөзүн бүтүргөн Даир Кенекеев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.