ВИДЕО: Атамбаев кечээ эле Отунбаеваны Курманжан даткага теңеп, «Ата Мекенди» мактаган

ВИДЕО: Атамбаев кечээ эле Отунбаеваны Курманжан даткага теңеп, «Ата Мекенди» мактаган

Алмазбек Атамбаев президент боло электе Роза Отунбаеваны аябай мактаган, “мени саткан жок. Эжекебиз Курманжан даткадай эне” деп. Президент болгондон кийин жамандады, азыркыга чейин жамандап жүрөт. Дегеле кечээ чогуу жүргөн адамдардын баарын жаман аялдардай болуп ушактоодо. Атамбаевдин кечээги айтканы менен бүгүнкү айтканын Maхson Tv чогултуп, аны Ютубга жайгаштырды. Темасына кошула албайбыз, туура эмес коюлган. Алардын ВИДЕОсун төмөндөн көрүңүз!

Мына окурман, Атамбаев ушундай эки жүздүү адам. Президентик болгончо Отунбаеваны мактап, жактап, өткөндөн кийин боктогон, бок ооз адам. Тынчтык жолу менен бийликти биринчилердин болуп ага Роза Отунбаева өткөрүп берген. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Бул тарых. Өткөрүлгөн тактыны ырсаңдап эле кабыл албады беле. Кечээ өзү эмне кылса, бүгүн так ошону көрүп жатат. Кемчилигин мойнуна алып, катасын сезиши керек, обу жок, жанын жеп актана бербей…

Кайсы президенттин төш белгиси кымбат болгон? Албетте, Бакиев менен Атамбаевдики. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Атамбаев кантип бийликке келип калганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.