(ВИДЕО) Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болду

(ВИДЕО) Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болду

Бул тууралуу дүйнө ММКлары жазып чыкты. Алардын айтымына таянсак, 62 жаштагы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов түндө каза болгон. Ал 15-июлда эмгек өргүүсүнө кеткен. Маркумдун бөйрөгүнөн көз жумганы айтылууда. Калганын төмөнкү ВИДЕОдон угуп, көрүңүз!

Бирок…

“Өлгөн жок” деп да жатышат. “5-июлдан баштап эл алдына чыга элек. Германияда оор абалда жаткан энесине кетти”,- деген божомолду НТВ телеканалы берди. Алар деле так маалымат берген жок. Ал эми биздин “Баракелде” сайты болсо Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередовго кайрылышса, ал мындай маалыматты четке кагып, расмий билдирүүнү кийинчээрек берээрин айтыптыр. Азырынча ушундай. Бу жерде кандайдыр бир жашыруун сыр жатат. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду деле көмгөндөн кийин ачыгын айтышпады беле. Албетте, аман эле болсун! Эгер калп болсо, анда өмүрү узун болот экен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.