Көрүнгөнгө калпакты бере берсеңер, ушундай болот!

Көрүнгөнгө калпакты бере берсеңер, ушундай болот!

Бул сүрөт «Фейсбукка» жарыяланып, коомчулук катуу сынга алууда. «Кайсы мамлекетте болгон экен? Элчини жоопко тартуу керек!»,-дегендер да болууда. Муну табалы чыны эле, кыргызбы, ал кайсы өлкөдө болгон?

Иттин башына кийгизилген калпагыбыз…

Кептин баары биздин улуттук баш кийимибизди көрүнгөнгө белекке бергенде болуп жатпайбы. Аялдан итке чейин кийгизди. Алгач Бишкекте эле иттин башына кийгизип чыгышкан. Андагы ызы-чууну бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Бузова дегенге берип, ал ойноп…

Орустун ырчысы Ольга Бузова жакында эле Бишкекке келгенде, ага калпак, чепкен, камчы белек кылышкан. Шевченкого да калпак кийгизип, чепкен жабышкан. Качан эле аялга кийгизилчү эле?.. Бузованын улуттук кийимибизди кийип, камчы менен ойногону алигүнчө талкууда. Анын кылыгын бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Эми минтип тиги сүрөт чыга калды. Көрүнгөнгө калпак, чепкен, камчы бергенди токтотуу керек! Үчөө тең татыктуу адамга берилиши керек жана ар биринин тарыхы бар. Биздин улуттук баш кийимибизди коргоп калалы, туугандар! Бул сүрөттү бөлүшүп койгула, акыры табылат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.