Азамат ЖАМАНКУЛОВ, маданият министри: “Кеп гезиттерди жоюп салуу жөнүндө болгон жок”

Азамат ЖАМАНКУЛОВ, маданият министри: “Кеп гезиттерди жоюп салуу жөнүндө болгон жок”

Облустук, райондук гезиттерге жылына 68 миллион сом бөлүнөт экен

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкөнүн ар бир аймагындагы жергиликтүү телеканалдар менен гезиттерди бириктирген медиа-борборлорду түзүү пландалып жатканын билдирди.

Министрдин айтымында, республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону мамлекет токтотууга ниеттенүүдө. «Кеп райондук гезиттерди жоюп салуу жөнүндө болгон жок. Алар өз алдынча каржылоонун эсебинен ишмердүүлүктөрүн уланта беришсе болот. Азыр райондук жана облустук гезиттерге жылына 68 миллион сом бөлүнүп жатат. Биз облустук гезиттер облустук телеканалдар менен медиаборборлорго бириксин, андан үнөмдөлгөн каражат ошол медиаборборлорду өнүктүрүүгө жумшалсын деп жатабыз. Медиа-борборлор калк үчүн маалымат булагы болуп, санариптештирүүнү өнүктүрүү максатында маалыматтарды электрондук форматта таратууга багыт алат. Учурда концепция бардык министрликтер менен макулдашылып, өкмөттүн кароосуна жиберилген,-дейт А.Жаманкулов.

Салижан Жигитов менен “Асабанын” айтканы качан…

Дегенибиз бул маселени Кыргыз эл жазуучусу, профессор, публицист, сынчы Салижан Жигитов Аскар Акаевдин бийлигинде эле айткан жана элдин жүрөгүндө сакталып калган айтылуу “Асаба” гезити канча жазган. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул маселе боюнча эки жыл мурда кыймылдай баштаган. 2017-жылы талкууланган ишти эми ишке ашырганы калды окшойт. Ошол жылы өкмөттүн тапшырмасы менен облустардагы мамлекеттик ММКлардын базасында медиа-борбор түзүү каралып жатканы кабарланган. Жаңы борборлор маалыматтык кызматтардын бүтүндөй бир комплексин көрсөтүп, аларда телеберүү, радио, гезит, жаңылыктар сайты, маалыматтык борборлор жана медиа мектептер иштеши керектиги айтылган эле.

Пенсионер, пособие алгандардын айткандары…

Бул туура маселе. Облустук, райондук гезиттерге жылына 68 миллион сом бөлүнөт экен. Эмне деген чыгым? Аны ким окуп жатат? Пенсионерлерби, дыйкандарбы? Пенсия, пособия алган карапайым эл: “Мамлекеттик гезитти таңуулап почтадан беришет, ичин ачсаң эч нерсе жок. Анысы да кымбат”,-деп кейигендерин укканыбыз бар.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.