Кыргыз-тажик чек ара чыры эмнеден башталганы айтылып, кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек ара чыры эмнеден башталганы айтылып, кылмыш иши козголду

Кечээ, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылып, жарадар болгондорду эркектер көтөрүп, чуркап машинага салып жаткан тасмалар социалдык тармактарга тараган. Чек арасындагы чырдан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алганы тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы кабарлаган. Кийинчерээк бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы дагы ырастаган.

Чыр эмнеден чыгып, канча киши жаракат алган?

Расмий маалыматтарга караганда, 22-июлда саат 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү мында 15 кыргызстандык жабыркап, ооруканага түшкөнүн кабарлады. Алардын 12сине ок жаңылса, калганына таш тийген. Тажикстандын бири жараны каза таап, бир нечеси жабыркаганын “Азаттыктын” тажик кызматы билдирген. Ал Ворух ооруканасынын башкы дарыгери Карима Хакимовага кайрылса, дарыгер жаракат алгандардын абалын оор деп, ал жаңжал маалында 52 жаштагы мугалим Жалолиддин Кароев каза болгонун, ок анын көзүнө тийгенин айткан. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандык адамдар ок атуучу курал колдонушканын кабарлады. «Бир аскер кызматкерине ок тийген. Жаракат алгандардын арасында милиция кызматкери жана жарандык адамдар дагы бар. Эки тараптан тең адамдар бири-бирине таштарды ыргытышкан», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Бүгүн абал кандай?

Чек арасындагы чырдан улам 315 киши Баткен шаарына көчүрүлгөнү маалым болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы «Кызыл жарым ай» коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги бөлүмүнө таянып билдирди. Маалыматка караганда, 55 киши үй-бүлөлөргө, 260ы убактылуу уюштурулган лагерлерге жайгаштырылды. Убактылуу лагерь аймактагы мектептерде ачылды. Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн көбү аялдар жана балдар. «Кызыл жарым ай» коому чатыр, суу, тамак-аш жана жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

Учурда чек арадагы кырдаал боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары Кыргызстандын Дача аймагында сүйлөшүп жатат. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Исфара – Ворух автожолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Ошондой эле аталган аймакка вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кеткени маалым болду. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенде жүрөт.

Чек ара чыры боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча Баткен облустук ИИБ кылмыш ишин козгоду. Билдирүүгө караганда, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ворух, Ак-Сай айылынын абалы

Ворух айылы – Кыргызстандын аймагында жайгашкан тажик эксклавы. Анын маңдайында Ак-Сай айылы жайгашкан. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, бүгүнкү күнгө карата анын 504 гана чакырымы делимитация жана демаркация болгон.

Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет. Бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе. Ушул көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келет…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.