Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Атамбаевди чыгарып кетүүгө Орусия кызыкдар болгону билинип эле калды”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Атамбаевди чыгарып кетүүгө Орусия кызыкдар болгону билинип эле калды”

Экс-депутат, коомдук ишмер, профессор Каныбек Осмоналиевич менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн Орусияга учуп жатканы, экономика, каада-салт тууралуу маек курдук.

Каныбек мырза, кепти коомчулуктун көңүл борборунда турган экс-президенттен баштасак. Алмазбек Атамбаев көптөн бери Кой-Ташта жатып, бүгүн Орусияга учуп кеткени калды. “Эртең эле келем”,-деди. Анын кайтып келээрине ишенесизби?

— Айтуу кыйын! Менимче, келбей калуусу көбүрөөк ыктымал болуп турат. Анткени, бийликти ушул гана жол ынандырышы мүмкүн. Бирок, элдин алдында кандай жооп беришет, аны көрө жатарбыз!

— “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу эмес, Канттагы Орусиянын авиабазасы аркылуу кетип атат. Орусиянын биздин ички саясатка кийлигишкени билинип эле калды го, кандай дейсиз?

— Мындай көрүнүш Атамбаевди чыгарып кетүүгө Орусия кызыкдар экендигинин кашкайган далили болуп калды. Анткени, Кантта Орусиянын авиабазасы турат. Коопсуздукту камсыз кылып жатканынын өзү эле көп нерседен кабар берет. Бирок, биздин бийлик эмне унчукпай калды, түшүнүксүз!

— Президенттин унчукпай келгени, “Путиндин тийбе” дегени, Атамбаевдин суракка барбай жатканы “Путинге таянганы” билинип эле калбадыбы. Буга чейин деле ушундай сөз айтылып эле келбеди беле: “Президент өзү чет жакка чыгарып жиберүүгө шарт түзүп берип жаткандай. Анткени Атамбаевди камамак түгүл, суракка чакыра албай жатышат. Анын себеби “Путин тийбей эле кой” деп айтыптыр” деген. Бул сөз Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге жолугуп келгенден кийин тараган…

— Эми «Эл оозунда элек жок!»- деген сөз да бул. “Президент чет жакка чыгарууга жол ачып берүүдө”,-деген кеп туура эмес. Жок, президент тарабынан андай болушу мүмкүн эмес! Менимче, мындай сөз Атамбаевди качырып жиберип, анан өлкөнү каалагандай тытмалап жейбиз деген бир нече бийлик шүдүңгүттөрүнүн эле кыялдары болуш керек! Бул өтө опурталдуу жол болуп калат. Ал жөнүндө ой дагы болбошу керек! Уят эмеспи? Баары бир билинет да? Бул бир. Экинчиден, Орусия үчүн өзүнүн кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Бул геосаясат маселеси. Биздин стабилдүү болуубуз алар үчүн дагы маанилүү. Эки президенттин өз ара мамилелери дал ушул концепциянын айланасында эле болот. Бул туура түшүнүк. Атамбаевдин «Кой-Таш» феномени, албетте, сөз болду. Андан кантип чыгуу жолдору дагы изделгендир. Мен бир гана нерсени айтып койгум келет. Бул ишти жөнгө салууда биздин президент элдин гана кызыкчылыгын ойлоосу абзел! Күнөөкөргө шектелген адамды кетирип жиберип, кандай абийир таба алат? Анда калган айыпталуучулар эмне дешет? Алар дагы компромисстин жолуна тушүп алышса, эмне болот? Бул кырдаалды керек болсо президент Путин дагы туура түшүнүшү зарыл. Иши кылса жоопко караганда суроо көп!

— ИИМ министринин орун басары Каниметовдун да Атамбаевге жолой албай, Жолдубаеванын сөзүн угуп, жолго түшкөнү да ошондон го э?

-Кечээги ИИМ орун басарынын  Кой-Ташка барып алып, шөмтүрөп жүргөнү — бул биздин өлкө үчүн өзүнчө эле бир капилет жаңылык болду. Ушундай качан болду эле, айланайындар? Бийликтин кадырын, анан абийирин кетирип жатпайсыңарбы? Сөз жок! Комментарий деле кылгым келбейт! Элдин шору дагы көп окшойт деп жатам. Негизи Атамбаев өз ыктыяры менен тергөөгө катышса туура болмок. Бул киши мыйзамды дагы, элди дагы тоготпой калган турбайбы?! Күч органдары Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондон кийин чечкиндүү түрдө киришсе болмок. Тергөө иштеринде көп эле күнөөкөр делинген азаматтар тергөө менен кызматташты деген пикир менен кутулуп же үй камагына чыгып кетип жатышат? Бул юриспруденциядагы жаңы бир мыйзамдашкан феномен болуп жатат, го. Түз эле айтайын. Мисалы, мен бул кубулуштан өтө кабатырланып турам. Натыйжада, адамдар өч алуу максатында бири-бирин дүңүнөн сата башташпайбы? Эсиңердеби, СССРдин тарыхындагы 37-жылдардагы жалган жалаалар? Аягы эмне болду эле? Эч кандай күнөөсү жок миллиондогон адамдар репрессияга тушуккан. Азыр ошол кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат? Атамбаев командасы менен ушул мүчүлүштүктөрдү илгертпей баамдады дагы, контр чабуулга ийгиликтүү өтүп туруп алды. Натыйжада, бийлик аны менен компромисске барууга мажбур болгондой кырдаалга кептелип алды. Аттиң гана дейм, да!

— Атамбаевдин минтип сыртка чыгып кетүүсү эмнеден кабар берет?

— Атамбаевдин сыртка чыгып кетүүсү өлкөнүн ансыз деле аянычтуу болуп бара жаткан азыркы абалын эбегейсиз күчөтүп жиберет. Эмне үчүн? Анткени, карапайым эл президенттин коррупция менен катуу күрөшөм деген чакырыгына азырынча ишенип турат. Казынадан баштап, бажы, салык кирешелери уурдалып жаткандыгы факт. Аны президент өзү баш болуп, депутаттар болсо ооз көптүрүп, жабалактап элге жарыя кылып алышты. Атамбаевдин эң көп коррупциялык иштерге тиешеси бар болушу мүмкүн деген пикирин 5-6 факт менен Жогорку Кеңеш атайын комиссия түзүп изилдеп, өзүнчө токтом кабыл алып, анын экс-президенттик макамынан ажыратып койду. Атамбаевдин өзүн болсо ИИМ үч жолу күбө катары суракка чакырып, келтире албай жүрөт. Анан Атамбаев сыртка кантип чыгып кетип калат? Эгер андай болсо, анда бийлик кырдаалды элге кантип түшүндүрөт? «Мейли чыгып эле кеткени жакшы биз үчүн!»- дейби? Бул абсурд, да? Тергөө иштерин Атамбаевдин катышуусу менен бачым жана сапаттуу уюштуруу аракети гана бийликке абийир алып келет. Күнөөлүүлөр адилет жазаланып, уурдалган акчалар казынага кайтканын көргөн элдин көксөөсү ошондо сууйт жана бийликке ишеним артат! Өлкөбүз алдыга жылат. Башка жолдордун баардыгы туңгуюкка алып келет! Президент мунун баарын туура баамдап, түшүнүп турат деп ишенели.

— Суроо көп чынында. “Эгер Орусиянын көзүн карай берсек, анда эмнеге бөлүндүк?”,- дегендер да жок эмес…

— Эми бул айла кеткендеги амал да! Эгемендүүлүктү эч кимге бербешибиз керек! Канча кыйынчылык болсо дагы көз карандысыз болгонубуз оң! Жараксыз бийликтен жадап, Орусияга кайтканыбыз — бул кыргыз элинин чоң жаңылыштыгы болот. Ошондо накта кыргыз деген улуттан кол жууп, этнос катары жоюлуп кетебиз! Урпактар кечирбейт!

— Урпактар кечирбей турган дагы бир маселе бар, ал — уруу-урууга бөлүнүү. Учурда улуу эле кишилер, саясатчылар жердешчиликке, уруучулукка бөлүнүүнү чоң саясатка айлантып баратат. Мындай көрүнүш коркунуч жаратпайбы?

— Кыргыздын түбүнө жете турган кесепет дал ушул — уруучулук! Улут катары калыптангандын ордуна «колот философиясын» карманып жүргөндөр кыжырыңды келтирет. Бул итибай адаттын негизги кыймылдаткыч күчтөрү «интеллигент болумуш» болгон жогорку билимдүү макулуктар экендигин көрүп туруп күйөсүң да! Акыркы 10 жылда жердешчилик менен уруучулукту бетине карманган коомдук уюмдар жамгырдан кийинки козу карындай болуп жайнап кетишти. Бул мамлекеттин түбүнө жете турган зыянкечтик адат! Эскинин саркындысы! Мен окумуштуу катары кыргыздын салт-санаасын, санжырасын илимий объект катары карайм жана анын баалуулуктарын жактырам. Бул жактан сөз жок. Биздин тарыхыбыз ага күбө. Көптөгөн ашуу-белдерде өбөк-жөлөк болгон. Арийне, анын орду жана мезгили бар да! Бул баалуулуктарыбызды эч качан жоготпошубуз керек! Бирок, иш жүзүндө уруулук менен жердешчилик башкача болуп кетип жатпайбы? Кайсы бир райондун коомун түзө коюшуп, бийлик сурап, шантаж кылып жүргөндөрдү кантип атоого болот? Анын башчысы эреже боюнча, мурда бийликти катыра пайдаланган эргул же илимдин кандидаты, доктору, ал турсун академик. Так ушундай адамдарды кыргыз улутунун келечегине балта чапкан саткын, өзүнүн жекече кызыкчылыгын гана ойлогон чыккынчы катары көрөм мен! Тилекке каршы, бийлик дагы алардын талабына муюп келгени өкүндүрөт! Ошондуктан, Кыргызстандын кадр маселеси аксап, экономика менен социалдык саясат талкаланып жатат! Анткени, билимдүү, кесипкөй жана ак ниет кадрлар четке сүрүлүп, жалаң гана карындаш-урук менен, анан акча берген кемчонтойлор ошол жердешчиликти, уруучулукту туу туткан коомдор аркылуу кызмат алып жатышат. Бул багытта, мындан ары чечкиндүү, керек болсо, катуу радикалдык чараларга бет алуубуз зарыл! Болбосо, улут катары жок болобуз!

Кыргызстандын кадр маселеси аксап, экономика менен социалдык саясат талкаланып жатат!”,-деп туура айттыңыз. Жалаң саясат менен алектенип экономикабыз таптакыр артка кетти. Эми кайра эле парламенттик шайлоого тымызын даярдана башташты, экономиканы ойлогон эч ким жоктой…

— Экономика жөнүндө сөз кылганда култундабай эле адилет бололучу! Азыр экономикабыз начар абалда. Өтө начар!!! Анын объективдүү дагы, субъективдүү дагы себептери бар. Объективдүү себептери: өндүрүш менен айыл-чарбабызды Акаевдик мезгилден бери эле, чет өлкөлүк жалган баалуулуктарга ишенип алып  (мен акчага сатылып деп айтаар элем) толук талкалап алгандыгыбыз. Субъективдүү себептерин баардыгыбыз эле көрүп, билип келебиз! Ал жалаң гана пайда көрүүнүн кулу болгон бийликчилердин азабы. Бул абал ошол 90-жылдардан башталып, бүгүнкү күнгө чейин «ийгиликтүү» ишке ашып келүүдө! Ал турсун күчөп бара жатат! Бул багытта кыпындай дагы жылыш жок, аракет дагы сезилбейт. Анткени, «улуттук элита» бийлик жана байлык бөлүштүрүү менен гана алек! Инвестиция саясаты тек гана профанация болуп калды. Карыздын үстүнөн карыз алып жатабыз жана алар жөн гана уурдалууда.

— Кечээги эки досту элдештирип, “эрегишпей экономиканы оңдоп, элди ойлогула!”,-деп акыл айтчу аксакалдар да жок болууда. Интернет деген балээ болду, “түндүк-түштүк” деп, элди экиге бөлүп, жазгандардын катары көбөйүүдө…

— Социалдык тармак, өзгөчө Интернет желеси ж.б. ММК боюнча сөз кылсак, бул чоң диверсия болуп жатат. Чынында эле ээнбаштык өкүм сүрүп, ээ-жаа бербеген жагдайга тушуктук. Баардыгы өзүнчө эле «күчтүү саясатчылар». Көпчүлүгү пикирлерин аноним-фейктик формаларда беришип, элди бүлүнтүп жатышат. Баарынан өкүнүчтүүсү бийликтин, оппозициянын, деги койчу көпчүлүгүнүн ошол зыянкеч фейктерди өз кызыкчылыктарына пайдаланып келүүсүндө. Болбосо, катуу тыйып койсо болот эле да? Ачык, өз аттары менен чыгууга эмнеге болбосун? Оппонентинен өч алуу максатында эки жак тең, чыныгы адам баалуулуктарынан оолактап кетип баратышат. Бул өтө коркунучтуу симптом!

Азыркы президент менен мурдагы президенттин ортосундагы кадыресе эле көрүнгөн пикир келишпөөчүлүктөрдү так ошол куйту саясатчылар уюштуруп алышкан фейктер миңдеген эсе көбүртүп-жабыртып жатышат. Натыйжада, эки дос өзүлөрү, анан көр-тиргилик менен күн көргөн карапайым эл эле жабыр тартып жатышат.

-«Президент чечкиндүү болсо болмок, Соттор бийликтин көзүн кароодо»,-деп бийликти сындагандар да бар. Чынында эле ошондой көрүнүш болуп жатпайбы. Мисалы, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жалган жалаа менен алигүнчө абакта отурат. Аида Салянова канча деген оорусу менен жөн эле камакта отурат…

— Сотторго суроо да, маселе да көп. Анткени, соттордун көпчүлүгү мурунку режимдин адамдары. Убагында конъюктуралык тушүнүктөр менен келип алышкан. Өзү президент чукулунан эле алардын баардыгын алмаштырып салса жакшы болмок эле! Албетте, мыйзам чегинде. Андай чараны эл көксөп эле күтүп турат жана ар тараптан колдойт болчу. Президент жана анын командасы ушул жерден чечкиндүүлүк кылганда дурус болмок! Болбосо эч нерсе өзгөрбөйт. Коррупцияга каршы күрөшүүгө кеткен эбегейсиз аракеттер бир-эки эле абийирсиз соттор аркылуу толук жокко чыгып калуусу мүмкүн. Анда коррупция менен күрөшүүнүн кимге кереги бар? Жыйынтык болуусу керек да!?

— Эми маекти каада-салтыбызга бурсак. Кийинки күнү биздин улуттук кийимдерибиз: калпак, чепкен аялдарга кийгизиле баштады. Алсак, алгач мушкер Валентина Шевченкого  кийгизилди эле. Жакында элге Бишкекке келип кеткен ырчы Ольга Бузовага калпак, чепкен, камчы белекке берилди. Мындай көрүнүш биздин каада-салт жоголуп бараткандан кабар бербейби?

— Мындай көрүнүш мамлекетибиздин улуттук идеологиясынын биротоло жок болуп калганынан кабар берет! Эптеп эле жасакерлик кылуунун жолуна түшүп алышты. Мындай жорук салтыбызды мазактоо! Кыргыз эли өзүнүн каада-салтын ыйык кармап келгенине көп кылымдар болду. Тарыхтын татаал жолдорунун бир эле бүктөмүндө унутулуп же жоголуп калбай, өзүн өзгөчө сактап келген элбиз. Анын ичинде белек берүү салты дагы зор мааниге ээ. Ооба, анын көрүнүктүү артефактарынан болуп калпак, чапан жана камчы эсептелет. Мындай белектер кандай, кантип жана кимдерге ыроолонору катуу тартип менен тескелип келген. Азыр деле өзүн кыргызмын дегендер муну бекем сакташат. Тилекке каршы, кийинки учурларда ыйык салтыбыз ылганбай калды. Калпакты белек кылуу көңүл ирээнжиткен салтка айланып бара жатат. Камчыны айтпай эле коёюн! Анын сакралдык касиети жоголуп бара жатканынын мисалы катары бөтөн элге, болгондо дагы аял кишилерге берүү — кыргыздын салтын кордогондук. Мындайды кыргыздын душмандары гана жасайт деп эле ачык айтсак болот! Аялдарга белек кылуунун толгон-токой жолдору бар го. Бир болбогон эле муун болуп бара жатабыз.

Ошо болбогон муунга калпак, чепкен, камчы кимге, кандай учурда белекке берилээрин түшүндүрө кетсеңиз?

— Биринчиден, кыргыз элинде бул баалуу үч буюм эркек адамга гана берилет! Экинчиден, эр жигит өзгөчө эрдик кылса, элди коргоо боюнча олуттуу кызматты аркалоо алдында турса же кандайдыр бир өзгөчө жашка келсе салтанаттуу шартта көпчүлүктүн алдында берилип келген. Белек берилгенде ал адам жөнүндө өзгөчө сөздөр дагы айтылчу. Кыргыз салтын бекем кармагандар азыр деле бул салтты катуу карманып келишет: «Жараткан башыңды таштан жаратсын, элге кылган кызматың ушундай кайрат менен камчыланган жазыгыңдан кайтпай жүрсүн!» ж.б. максаттуу сөздөр! Кыргыз камчы менен калпакты берээр алдындагы айтылган сөздөргө өзгөчө маани-баа берип келет. Тилекке каршы, азыр кээде анын баасын жана баркын төмөндөткөн учурлар бар! Кыргыздар өзүнүн менталитетине жат болгон нерселерге бат берилип кетип жатканын мен чоң трагедия катары баалаймын! Бул өтө коркунучтуу синдром! СССР кыйрагандан баштап салтты кармоо аракеттерин катуу жолго койгондун ордуна өзүбузгө жат болгон башка элдердин салт-санааларына баш ура баштадык! Бул дагы болсо бизде бирдиктүү идеологиянын жок болгонунда болду. Атты минип «чү» дегенде эле, Батыштын либералдык саясатына баш урдук. Ошол эле Батыштын чыныгы баалуулуктарды камтыган цивилизациясы эмес эле, анын акыр-чикир толгон «канализациясына» туташып алып жатып калдык. Мына, анын жыйынтыгын көрүп жатабыз!

— Эгемендүүлүк, эркиндик, демократия дегенди башкача түшүнүп алдык, өзгөчө жаштар. Алардын көбү ошо сиз жогоруда айткан Батыштын жаман жактарын кабыл алып, жарым-жылаңач кийинип жүрсө, айрымдары арабдардын улуттук кийимин кийип алышты. Ар кайсы агымга адашып кирип алып ата-энесин кейиткен адамдар жок эмес. Дин эркиндиги Кыргызстанды бат эле ээлеп алды окшойт?

— Мурдагы коммунисттик идеологиянын ордуна сөз эркиндиги, дин эркиндиги деген түшүнүктөр келди. Бул чынында керек эле! Бирок, ошол эркиндиктерди кандайча пайдаландык? Эч кимге баш ийбеген сөз эркиндиги жана дүйнөлүк диндердин полигонуна айланган дин эркиндиги Кыргызстанды бат эле ээлеп албадыбы!? Алардын бейбаштык жоруктары кыргыздын кылымдарды карыткан каада-салттарын тебелеп таштады. Чынында, СССРдин учурунда деле жыргап кеткен каада-салттык саясатыбыз болгон эмес эле. Бирок, ал кыйрагандан кийин акыл менен өзүбүздүн өзгөчө касиеттерибизди калыбына келтире баштасак болот эле да? Кайдан! Анын ордуна исламдын чыныгы баалуулуктарын алгандын ордуна, арабдардын каада-салты менен алардын улуттук кийимдерин кийе баштадык. Европанын өзүнө эле мүнөздүү болгон протестанттардын динин көп кыргыздар карманып кетишти! Айта берсе арман көп.

— Улуттук идеологиянын жоктугунан улам ушундай жолго кептелдик го дейм. Президенттердин баары эле байлык топтоо менен алектенди…

— Бул ачуу чындык. Туура, бийлик байлык топтоо менен гана алектенди! Кана кайсы президентибиз улуттук идеологияны биринчи орунга коюп иш алып кетти.

Акаев баштаган либералдарды оңой жол менен байып калуу гана кызыктырды. Акаев түзгөн аморфдуу Мамлекеттик катчы деген кызматты, Бакиевдин көздөй кадры Оксана Малеванная кыргыздарды чыркыратып туруп тартып алды дагы Катчылык деген түшүнүксүз кызматты кийриди. Аны 2010-жылы Убактылуу Өкмөт биротоло жер менен жексен кылды. Ал турсун Атамбаевдин бийлиги паспорттон кыргыз деген жазууну дагы алдырып таштады! Азыр аны ойлогон эч ким жок! Анткени, бийликтегилерди байлык гана кызыктырып келет. Анан кантип кыргыздын түбүнө жетип бара жаткан терс көрүнүштөрдөн арылабыз?

— Наалып эле отура беребизби? Эмне кылуу керек, бийликке кандай сунуш айтаар элеңиз?

— Наалып эле отура бербей катуу бир силкинип алып, кыргыз элинин каада-салтына шайкеш келген жаңы системаны курууга киришүүбүз зарыл. Мезгил келди деп ойлойм! Кыргыз эч качан мүңкүрөгөн эмес. Ошол сапатыбызды көрсөтүп заманбап өлкөгө айлана алабыз. Мен буга катуу ишенем! Азыр заман дагы, адам дагы өзгөргөн кез. Адамзат бүгүнкү күндө илимдин жана жаңы технологиянын болуп көрбөгөндөй ийгиликтерине жетише алды! Төрт багыт бүгүңкү заманды катуу өзгөрттү. Алар: маалымат технологиясы, нанотехнология, биотехнология жана когнитивтик технология. Ушул багыттарды дурус кармана алган өлкөлөр — бүгүнкү күндүн ийгиликтүү жана негизги оюнчулары. Алар Еврокошуун, АКШ, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, Кытай, Япония. Ал эми биз, кыргызстандыктар болсо, псевдодемократияга жамынып алып, тескерисинче, артка кетип жатабыз! Деги эле бир адекваттуу бийликке оңбодук. Чиновниктерибиз ачкөз, сугалак; сот, прокуратура, ж.б. күч органдарыбыз саткын; парламентибиз алып-сатарлардын мектеби ж.б. карапайым элдин кыжырына тийген балакеттер болуп жатпайбы?! Эки президентибиз качып-бозуп, тентип жүрүшөт, үчүнчүсү дагы тигилердин жолуна түшкөнү калды! Анан кайдагы стабилдүүлүк? Батыш демократиясын формалдуу түрдө көчүрүп ала коюп, жагалданганыбыз бизди ушундай аянычтуу абалга такады. Билим берүү системасын айтпай эле коёюн. Эң көп талкаланган ушул тармак болду. Демек, келечегибиз бүдөмүк!

— Келечек бүдөмүк болбош үчүн жаштарда бийликтегилер бардык жактан үлгү болушу керек да. Сиз айткандай, өзгөчө Билим берүү системасы өлдү. Ката толтура. Спикер ката жазып, жаштарга шылдың болуп атса, экс-президент “өзүн Манас сезип” алып, “Бакай Ата Манасты сатып кеткен” деп туура эмес маалымат берип атса…

— Атамбаевдин мындай кылыгы эч кимге жакпай эле турат. Кыргыздын булганыч саясаты ушул кырдаалга такады да элди! Манас, Бакай, Каныкейлер кыргыздын ыйык туткан тушүнүктөрү. Алардын абройлоруна шек келе турган сөздөрдү тантырап айтуунун өзү өтө пас маданиятсыздык! Алардын атын кордогондук — бул кыргыз элине жасаган абийирсиздик деп эле түшүнүү керек! Уят, кечээ эле эл башкарып жүргөн адам үчүн! Бул дагы болсо кийинки жылдардагы биздин бийлик төбөлдөрүнүн деңгээлинин кандай пас экендигин айгинелеп салды. Кайран гана элим деп өкүнгөндөн башка айла жок!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Алмазбек АТАМБАЕВ: «Эртең кечинде келем»

Алмазбек Атамбаев бүгүн эртең менен колдоочулары менен Кой-Таштан коштошуп, Кантка кетип жатканын төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.