(ВИДЕО) Путин Атамбаевге эмнелерди айтты жана экс-президент эртең Батукаевди кошо ала келеби?

 (ВИДЕО) Путин Атамбаевге эмнелерди айтты жана экс-президент эртең Батукаевди кошо ала келеби?

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Москвада жолукканы тууралуу kremlin.ru сайты жазып чыкты. Экөөнүн жолугушуусунан кийин, Путин журналисттердин суроосуна жооп берген. Анда ал Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшүүсүндө эч кандай сыр жоктугун, Кыргызстандагы жана аймактагы абал тууралуу сүйлөшүп, ага позициясын айтканын билдирген. Ошондой эле ал кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керектигин баса белгилеген.

Путиндин айткандарын толугу менен төмөндөгү ВИДЕОдон көрө аласыздар!

АТАМБАЕВ: “Кайра эле келем, келгенде баарын айтып берем”

Кечээ жана бүгүн эртең менен Алмазбек Атамбаев Россияга бараарын айтканы менен Путин экөөнүн жолугушуусун, эмне максат менен баратканын сыр кылып айткан эмес. Ал баарын келгенде айтып берээрин, Орусиядагы жакын санаалаштары буга чейин көп жолу чакырганын, качан гана коопсуздугу бекемделгенде алардын чакыруусун кабыл алганын, кайра 25-июлда Кыргызстанга кайтып келээрин айткан. Ал бүгүн Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп кеткен. Атамбаевди ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Мурадил Мадеминов, Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева, Темирлан Султанбеков коштоп кеткен.

Эскерте кетсек, Атамбаев экс-президенттик макамынан ажыраган, беш айып коюлган. Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча тергөөгө күбө катары үч жолу чакырылып, барбай койгон.

АТАМБАЕВ: “Батукаевдин өлөөрүнө мен да ишенгем”

Кримтөбөл Батукаевдин өлөөрүнө ишенип, алданып калганын айткан. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Атамбаев Путинден Батукаевди кайра сурап…

Мындан тышкары, буга чейин Атамбаев Путинден Батукаевди кайра сурап кат жазганы боюнча да айткан. Ал кат тууралуу ЖК депутаты А.Кодуранованын айтканы да бар. Путиндин аты атала баштаганда, баарын балп деп бир күнү Атамбаев айтып салбасын деп чочулап, чакырышы ыктымал. Ал жөн чакырган жок, бул жерде чоң саясат жатат. Саясат болгон үчүн Жээнбеков Атамбаев жөнүндө унчуккан жок, кайра экөөнүн жолугушуусуна шарт түзүп берди. Президент ушинтип жаткандан кийин, ИИМ кантип бул ишке кийлигише алсын? Алар үч жолу Атамбаевге чакыруу кагазын берип, ал барбай койгондо, төртүнчү жолу ИИМдин орун басары өзү үйүнө барып, анда да өзүнө жолуга албай кетти. Мына, ушунун баары эмнеден кабар берет? Мурунку, азыркы президенттин башында Путин тураарынан кабар берет.

Путин ушул маселе боюнча гана жолугушушу мүмкүн? Албетте, ал эч качан ачыкталбасы баарыбызга эле белгилүү. Бирок, аны ар бир кыргыз, ар бир адам билип эле калды. Ал боюнча коомчулук социалдык тармактарда жазышууда. Элден эч нерсе жашыра албайсыңар?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.