Атамбаев Путинге таянып, Жээнбековго талаптарын айтты. Талабы Исаковду бошотуу, шайлоого катышуу…

Атамбаев Путинге таянып, Жээнбековго талаптарын айтты. Талабы Исаковду бошотуу, шайлоого катышуу…

Атамбаев кечээ (24-июлда)  Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу учуп кетип, ошол эле күнү Кремлден Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшкөн. Жолугушуудан кийин Путин дароо эле журналисттердин суроосуна жооп берген эле.

Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, тасманы көрүңүз!

Ал эми бүгүн Атамбаев бир нерсенин башын кылтыйтты…

Атамбаев Путин менен эмнени сүйлөшкөнүн өзү менен кечээ чогуу кеткен кеңешчиси Кундуз Жолдубаева аркылуу айттырыптыр. Ал анын айткандарын бүгүн «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Анда Атамбаев Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана анын досу экенин дагы бир жолу тастыктаганын, Путин менен пикирлешүү абдан жакшы мүмкүнчүлүк болгонун айтып, жолугушууну уюштургандарга ыраазычылык билдирген.
 «Азыркы бийлик мыйзамдуу, укуктук жолго кайтып келүүсү керек! Алар соттук иштерде калыстыкты кармап, оппоненттерине саясий куугунтукту токтотушу зарыл! Биз шайлоого даярданууга эч кандай тоскоолдуксуз даярдык көрүшүбүз абзел. Жээнбеков ушундай кадамдарга барса, биздин дагы пландарыбыз өзгөрөт, саясий чыңалуулар басаңдайт. Бул тууралуу Владимир Владимирович менен сүйлөштүк, ал Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө. Биз 3-июлдагы митингде айткандай, сентябрга чейин бийликтин конкреттүү кадамдарын күтөбүз”,.дептир Атамбаев.

Жээнбековго коюлган талаптары

Эскерте кетсек, КСДП 8-июнда коррупцияга каршы митинг өткөрүп, аягында резолюция кабыл алышкан. Аны ЖК депутаты А.Кодуранова окуган. Анда саясий куугунтукту, жемкорлукка каршы тандалма күрөштү токтотуу талап кылуу менен бирге:«Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айланаcындагылар Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясий оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз​»,-дешкен. 3-июлда ошону эле айтышкан.

Ушуну жогоруда эскертип жатат Атамбаев. Путин менен ушуну сүйлөшсө, анда Атамбаевдин “сүйүктүү баласы” Сапар Исаков боштондукка чыгат да, шайлоого аттанат. Ошонун башын кылтыйтып айтып атат Атамбаев. Өлкөнүн тынчтыгын өзү бузганы калды окшойт. Себеби, Исаковдун чыгышына эл каршы.  Текебаев, Чотонов, Жапаров, Саляновалар боштондукка чыкпай, Исаков чыгып кетсе, анда Жээнбеков элдин ишеничинен кетет. Көрөбүз го, президент өз элин угабы же Кремлдиби? Ал жакта жатып алып күпүлдөп жаткан Атамбаевдин келээр-келбеси азырынча белгисиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.