“Путинди кубалап чыгам” деп Кремлге бараткан шаманча да дух жок экен Жээнбековдо.. (ВИДЕО)

“Путинди кубалап чыгам” деп Кремлге бараткан шаманча да дух жок экен Жээнбековдо.. (ВИДЕО)

Учурда дүйнөгө дүң болуп аткан 51 жаштагы Якутиялык шаман Александр Габышев “Путинди бийликтен алып түшөм” деп Кремлди көздөй жөө баратканына беш айдын аягы болуп баратат. Анын бакшы максаты — Путинди Кремлден кубалап чыгуу, жинди жеңүү.

ГАБЫШЕВ: “Менин максатым – Путинди бийликтен алып түшүп, жинди жеңүү”

Ал Кудайдын буйругу менен Якутск шаарынан Москвага жөө-жалаң бет алганын, Орусиядан балээни кубалап чыгышы керектигин, балээ Путин экенин ачык эле айтып келет. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокер» деп эсептейт. Анын айтымында, 2021-жылы Москвага жетип, дубанын күчү менен Путинди тактан түшүрүп, Орусияны бир балээден куткаруу миссиясын аткарат. «Мен чөкпөй, күнүгө алдыга, 20 чакырым жол жүрүшүм керек. Эртерээк жинди жеңип, Путинди бийликтен кетирип, Орусияны бир балээден куткаруум керек. Себеби, мен Кудайдын куралымын, теңирдин тапшырмасы менен баратам. Кудай жөө бар деген, ошон үчүн жөө баратам. Путиндин кеткени мен үчүн чоң жеңиш. Анын ордуна кимди коюп алышат, аны өздөрү чечип алат”,-дейт шаман. Анын айткандарын төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңөр болот.

Аны эл кандай кабыл алууда?

Ал Москвага жеткенче ар кайсы шаардын тургундары менен жолугуп, жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү да ниеттеген. Анысы ишке ашып, күндөн күнгө элдин катары калыңдап барат. Анын менен сүрөткө, видеого түшүп, маек алгандар толтура. Атайын анын жолун тосуп чыгып, азык-түлүк, акча жагынан каралашып, анын саясий көз карашын колдоп, аймактардагы көйгөйлөрдү президентке айта барышын өтүнүп, алдыга сүрөп, колдоп жаткандар да бар. Анын үй-бүлөсүнө кызыгып сурагандар да болууда. “Үй-бүлөм жок. Жинди жеңген соң үйлөнөм, ичимдик ичем, тамеки тартам”,-деп элди күлдүрүүдө.

Социалдык тармактарда жылдызга айланган шаман «Якутия 14» жасалма номурлуу кол арабасы менен ал Якутскиден мартта, 3 миң рубль менен чыккан. “Мен чыкканда бизде кыш болчу, 40 градус суук эле”,-деген шаман чакан боз үйүн, мешин жана башка оокаттарын кол арабасына жүктөп алып, эс алып, улам Орусияга жылып баратат.

Шаманча да дух жок биздин президенттерде…

Биздин мурунку, азыркы президенттерибиз Путиндин алдында ушул шаманча да боло алышкан жок. Дух деген жок. Экөө тең анын көзүн карап, айткандарын кылып отурушат. Кечээги эзилишкен эки дос, бүгүнкү кас эгемендүүлүк алып, өз алдынча өлкө болгонубузду унутуп коюшту. Же бийликке келген эле киши эйфориядан чыгалбай калабы? Биз кайра “Орусияга салып” беришти. Себеби, Путин союз убагындагы башчыбыздай эле сүйлөдү го, бизди ынтымакка чакырып: “Кыргызстандыктар, бир столго, Жээнбековдун тегерегине чогулуп, ынтымакка келгиле! Башыңардан эки революция өттү, Кыргызстанга стабилдүүлүк керек!”,-деп атат. Эмне буга чейин биздин саясатчылар айткан жок беле? Айткан. Башчыбыз баш болуп сыртты угуп жаткандан кийин, анан кантип жаштарыбызды оңдой алабыз? Айтор, суроо артынан суроо туулат.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.