Атасына болушуп, Акаевге каяша айткан Сейтек Атамбаевдин мүлкү качан текшерилет?

Атасына болушуп, Акаевге каяша айткан Сейтек Атамбаевдин мүлкү качан текшерилет?

Алмазбек Атамбаевдин биринчи никесинен уулу Сейтек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу ар нерсе жазып турат. Ал кечээ Кремлден кайтып келген атасына болушуп, буларды жазды. Ал төмөндө.

АКАЕВ: “Абдан жаман прецедент түзүлдү”

ЖК депутаты Жанар Акаев Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп кеткен күнү (24-июлда) Фейсбуктагы баракчасына: “Орусиядан бир эле звонок менен маселе чечилсе, эмнеге Кыргызстандын эң жогорку бийлик бутактары экс-президенттин макамын, айыбын элдин көңүлүн буруп эки жума талкуулап, сүйлөдүк дейм да. Абдан жаман прецедент түзүлдү! Мындан ары ички саясий тирештер, оппозиция-позиция мамилесин чечиш үчүн бардык саясий күчтөр Москвага ачык эле чуркашабы? Мыйзам карапайымдар үчүн өзүнчө, саясатчыларга өзүнчө иштегени өкүндүрөт. Эгемен, көз карандысыз мамлекет болушубузга далай жылдар бар окшойт…”,-деп жазган.

Атамбаевдин баласы атын атабаса да Жанар Акаевди жөөлөп өткөнү көрүнүп эле турат. Сейтек Атамбаев андан тышкары, эки жылдан бери атасы менен сүйлөшө электигин да жазып чыкан: «Атам менен сүйлөшпөгөн эки жыл. Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү окусам: “Атаңа бийликте турганда айтпайт белең!” – деген сөздөр болууда. Мен бир чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, атамдын жакындарынын духу жетпей турганда, мен атама айтчымын: “Сиздин шоопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, Сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат! — деп. Ушул сөздөрдүн кесепетинен, мына эки жылдын ичинде атам экөөбүз бир жолу эле көрүштүк! Керек болсо эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер дагы ушулар! Калыстык деген баардык жакта болуш керек жана бардыгына бирдей калыстык айтылышы керек!». 

Сейтек Атамбаев буга чейин атасынын Бишкекке салган «7-Апрель шейиттери» мечитин туура көрүп, ал тууралуу да жазып чыгып, ажы Абдышүкүр Нарматов экөө түшкөн сүрөтүн жайгаштырган.

Атамбаевдин балдарын, жакындарын текшерүү токтотулуп калгандай?..

Буга чейин Биринчи май райондук соту Атамбаевдин, анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана ага байланышы бар деген адамдардын банктагы эсептерин текшерүүгө уруксат берилгени, аларга Аскер прокуратурасы кайрылып, Атамбаевдин жана жакындарынын банктардагы мүлкүн текшерүүнү суранганын «Азаттык» жазып чыкты эле. Алардын айтымында, тергөө тобу текшергиси келген тизмеге булар кирген: Экс-президент Алмазбек Атамбаев, жубайы Раиса Атамбаева, уулдары Кадырбек, Сейитбек, Сейтек Атамбаевдер, кыздары Алия, Диана жана Динара Атамбаевалар. Ал эми Раиса Атамбаева тараптан Луиза, Альбина Шагиевалар жана Рамил Шагиев бар. Рамил Шагиев 2015-жылы каза болгон. Тизмедеги айрым адамдардын аты буга чейин ар кандай иштерде аталып жүргөн. Маселен, «RED ROCKS» («РЭД РОКС») компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурбек Шаршенов жөнүндө маалымат 2016-жылы эле чыккан. Анда Шаршенов Атамбаевдин жакыны экени айтылып, «Максим Бакиевдин мурдагы өнөктөштөрү менен ишкердик жүргүзөт» деген маалымат тараган. Убагында Атамбаевдин президенттик аппараты бул кабарды төгүндөгөн болчу. Ал эми Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич деген жаранды Интернеттеги ачык маалыматтар «Үмүт и Ко» компаниясынын негиздөөчүсү жана «Гавайи» эс алуу жайынын кожоюну деп чыгарууда. Мындан сырткары тизмеде «кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн» деген айып менен жакында эле беш жылга соттолгон, Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин да аты бар.

Мындан тышкары, Атамбаевдин өзүнө беш айып тагылып, экс-президент макамы алынды эле. Ага алигүнчө кылмыш иши козголо элек. Ал Кой-Ташта бийлеп, Россияга барып, келип жыргап жүрөт. Жогоруда Жанар Акаев айткандай, Кыргызстандын эң жогорку бийлик бутактары экс-президенттин макамын алып, айыбын угузуп, элдин көңүлүн буруп эки жума талкуулап, сүйлөп эмне кылышат дейм да. Калыстык деген кайда? Мыйзам деген кайда?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.